"Манас" аэропортунда учак кырсыктады. 181 жүргүнчү эвакуацияланды

Сүрөттүн булагы, official
Бишкекте "Манас" эл аралык аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы авария болгонун тастыктады.
Маалыматка караганда, учак учуу үчүн күүлөнгөн маалда арттагы шассиси бузулуп калган. Мындан улам учак сол капталына кулаган. Канаты сынган. Учак дароо токтогон. Бортто 181 жүргүнчү, 2 учкуч жана 4 борт коштоочу болгон. Жүргүнчүлөр үйлөмө трап менен сыртка чыгарылган. Олуттуу түрдө жаракат алгандар жок.
"Айрымдары жеңил жаракат алышкан. Жүргүнчүлөрдүн баары эвакуацияланып, аэропорттун медициналык бөлүмүнө жеткирилди. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Учак азыр перрондо. Бардык учуу-конуулар токтотулду. Себеби ал жерге авиакоросин төгүлдү. Кырсыкка кабылган учак дагы учуп-конуу тилкесине тоскоолдук жаратып жатат. Ошондуктан азыр аэропорт учуп конууларды кабыл ала албайт", - деди "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын коомдук байланыш бөлүмүнүн башчысы Алена Хоменко.
Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар иш алып барышууда.
Мамлекеттик жарандык авиция иликтөө иштерин жүргүзөт.
"Манас" эл аралык аэропорту бүгүн саат 22:00гө чейин жабык болот.
TezJet компаниясы ички каттамдарды аткарат. Ал Бишкектен Баткенге, Жалал-Абадга, Раззаковго жана Ошко учат. Жайында Тамчы-Жалал-Абад, Тамчы-Ош каттамдарын аткарат.
Компания 2013-жылы негизделип, 2014-жылдан бери жүргүнчү ташыйт.
































