"Автокара айдайм деп кеткен". Братиславада көлдө кыргыз жигитинин сөөгү табылды

Словакиянын борбору Братислава шаарындагы Zlaté piesky (Алтын кум) көлүндө кайгылуу окуя катталды. Көлдөн 20 жаштагы кыргызстандык жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу бул өлкөнүн жергиликтүү басылмалары билдиришти.
Братислава полициясынын маалыматына караганда, окуя шейшемби күнү, 7-июлда түштөн кийин болгон.
Братислава полициясы маркумдун өлүмүнүн так себеби жана жагдайлары соттук-медициналык экспертизадан кийин аныкталарын, учурда окуя боюнча тергөө иштери уланып жатканын кабарлашты.
Братислава шаарындагы дене тарбия жана эс алуу жайларын башкарган STaRZ мекемесинин өкүлү Петер Фило кабарлагандай, кыргызстандык жигит көлдүн түндүк тарабындагы акы төлөнбөгөн бөлүгүндө чөгүп кеткен.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар жана тиешелүү кызматтар окуя болгон жерге барып, жаш жигитти куткарууга аракет кылышкан. Бирок анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.
Словакия полициясы жай мезгилинде көлдөрдө жана башка суу аймактарында эс алууда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.
Маркумду четке жөнөткөн компаниянын негиздөөчүсү Асел Нурова Би-Би-Сиге билдиргендей, жигит Словакияга 23-июнда учуп кеткен. Ал автокара айдоочу болуп ишке орношмок, ушул күндөрдө сынамыктан өтүп жаткан. Убактылуу төрт айлык виза менен кеткен жигит, 9-июлда убактылуу жашап туруу үчүн документ тапшырмак.
"Убактылуу мейманканада жашап, ошол эле маалда сынамыктан да өтүп жаткан. Бул "Алтын кум" деген эл жуунган көл экен. Жумуштан кийин балдар көлгө түшө кетели дешиптир. Үч баланын ичинен маркум биринчи сууга түшүп, ошол бойдон чыкпай калыптыр. Балдар аны тартып алып чыкканда эле дем албай калыптыр. Биз куткаруучуларга, полицияга, иш берүүчүгө, консулдукка дароо кайрылдык. Бирок жардам бере албай калдык. Ушул тапта Австриянын консулдугу, кыргыз диаспорасы, биз, маркумдун жакындары менен чогуу жумушчу топ түздүк. Акча жыйноо башталды. Акча чогултууга туугандары уруксат беришти. Болжол менен сөөктү алып келүү үчүн 8800 евро чыгым кетет экен. Сөөк эки жума аралыгында келет окшойт. Экспертизанын жыйынтыгы чыгып, сөөктүү алып кетүүгө уруксат керек болот деп айтылды", - деди Асел Нурова.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Славакиядагы кыргыз диаспорасы консулдук менен бирге сөөктү мекенине кайтаруу аракетин башташты. Чыгымды жабуу үчүн четтеги мекендештер арасында акча чогултуу иштери жүрүп жатат.
"Азыр өлүкканага баратабыз. Консул келе жатат. Медициналык бүтүмдү алалы деп баратабыз. Медициналык камсыздандыруусу бар да. Кыргызстанга жеткирүү үчүн аза бюросуна ушул документтер керек экен. Ошол иштерди бүтүрөлү деп баратабыз", - деди Словакиядагы кыргыз диаспорасынын башчысы Алтынбек Курманалиев.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселе министрликтин жана Австриядагы элчиликтин көзөмөлүндө турганын кабарлады.
"Учурда Элчилик К. уулу К.нын сөөгүн Кыргыз Республикасына алып келүү үчүн тиешелүү документтерди мүмкүн болушунча ыкчам тариздөө боюнча иштерди улантууда", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Маркум Казим Керимбек уулу 20 жашта гана болчу. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун тургуну. Алты бир туугандын экинчиси эле. Би-Би-Си Казимдин атасынын агасы Койчубек менен байланышты:
"Өтө эмгекчил, мүнөзү сонун бала эле. Минтип, ой-максатына жетпей, ошол жактан ажал буюруп калбадыбы. Өзү ашпоз эле. Бул жактан ашкана ачкан. Жаш да, 20га чыккан бала, тажырыйбасы жок. Бул жактан болбойт экен деп, сырттан иштеп, акча-тыйын табайын деген максат менен кеткен. Өзүнчө бизнес ачсам деген тилеги бар болчу".
Быйыл 23-июнда 18 жаштагы улан Германиянын Хёкстер шаарына жакын жердеги көлдө сууга түшүп жатканда көз жумган.
Ал Германияга "Ferienjob" программасынын алкагында барган.
Андан мурдараак, 1-июнда Германиянын Боден көлүндө 24 жаштагы кыздын сөөгү табылган.
































