Соң-Көлдө эки чет өлкөлүк турист газга ууланып каза болду

ва
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Соң-Көл жайлоосундагы эс алуу жайында эки чет өлкөлүк турист газга ууланып каза болгонун Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 22-сентябрда Түз-Ашуу тилкесинде жайгашкан эс алуу жайларынын биринде болгон.

Бул тууралуу маалымат ошол эле күнү Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

"Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда алар жаткан куполдун ичинде эки чет өлкөлүк туристтин жансыз денеси табылган. Ошондой эле окуя болгон жерди кароо учурунда куполдун ичинде газ жылыткыч тургандыгы, анын үстүңкү бөлүгүндөгү темир торчолору карарып, күйүп калганы байкалган" деп айтылат ИИМдин берген маалыматында.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда туристтердин өлүмүнө газга уулануу себеп болгону көрсөтүлгөн.

ИИМ учурда окуянын жагдайларын аныктоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Деңиз деңгээлинен үч миң метр бийиктикте жайгашкан Соң-Көл - Кыргызстандагы туристтер эң көп барган багыттардын бири.