"Бир кызматкер психологиялык кысым көрсөтүп жатат". Күбөлөр келбей, Тилекматтын соту жылды

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда активист Тилекмат Курөңовдун соту күбөлөр келбей койгондугуна байланыштуу 8-октябрга жылдырылды.
Тилекмат Күрөңов конвойлордун коштоосунда келе жатып, Би-Би-Синин суроолоруна учкай жооп берип, тергөө абагында кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди:
"Бир кызматкер тарабынан психологиялык кысым көрсөтүлүп жатат. Өзүнө кол көтөргөнгө атайын провакация кылып жатат".
Күрөңовдун тергөө абагында кысымга кабылганын өткөн аптада, 25-сентябрда жубайы кабарлап, өкмөт башчыга жана спикерге кайрылуу жасаган. Ошол замат Министрлер кабинетине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Тилекмат Кудайберген уулу Бишкектеги №1 тергөө абагында басымга кабылганы тууралуу сөздөрдү четке кагып, тергөө изоляторунда отургандар ички эрежелерди сактоого милдеттүү экенин билдирген:
"Тергөө изоляторунда кармалып турган бардык соттолгондор жана айыпталуучулар, мекеменин ички тартип талаптарын сактоого жана мекемеде белгиленген күн тартибин сактоого, бири-бирине жана кызматкерлер менен мамиледе сылык-сыпаа болууга, алардын мыйзамдуу талаптарын сактоого, камераларды таза жана тыкан кармоого, жеке гигиена эрежелерин сактоого, тергөө абагынын абалын жакшыртууга катышууга милдеттүү".
25-сентябрда өткөн сот отурумунда күбө катары саясатчы Жеңиш Молдокматов, юрист Канат Хасанов, блогер Илим Карыпбеков келген.
Жакындарынын айтымында, жалпы 28 күбөнүн 20сы көрсөтмө берип бүттү.
Азырынча мурдагы депутаттар Эмил Жамгырчиев, Орозайым Нарматова, Кубанычбек Кадыров, блогер Атай Бейшенбек, Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов күбө катары көрсөтмө берише элек.
"Күбөлөрдүн айрымдары сотко келгенден баш тартып жатыптыр. Кээ бири сыртка чыгып кетиптир. Айрымдарынын даректери, туруктуу жашаган жери белгисиз экен. Күбөлөрдүн сотко келишин камсыздап бериңиз деп жактоочу сотко өтүнүч келтирди. Бул эми прокуратуранын милдети да, күбөлөрдү айыптоо тарап кошкондон кийин, алардын сотко келишин да камсыздашы керек эле", - деди активисттин атасы Кудайберген Күрөңов.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тилекмат Кудайберген уулу 40 жашта. Нарын облусуна карашатуу Кочкор районундагы Чоң-Туз айылында туулган, бирок Ысык-Көлдө чоңойгон. Үй-бүлөлүү. Эки баласы бар. Жакындарынын айтымында, ал ар кыл жумушта иштеген, миграцияда дагы жүргөн.
Тилекмат Кудайберген уулунун ысымы коомчулукка 2020-жылы, өлкөнү Сооронбай Жээнбеков башкарып турганда белгилүү боло баштаган. Ал 5-6-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык билдирген. Ушул эле жылы декабрда "Жетим-Тоону коргоо" боюнча кыймыл түзгөн. Жакындары дал ошондон тарта ага каршы кескин куугунтуктоо башталганын белгилеп келишет. Кийин ал "Ханституцияга каршы" деп аталган топко мүчө болгон.
Активит 2021-жылы "Республика" партиясынын мүчөсү болгон. 2021-жылы Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо "Туран" партиясынан атынан талапкерлигин койгон.
Тилекмат Кудайберген уулу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бийликти күч менен басууга чакырык жасаган деген айып менен 2021-жылы 15-мартта кармалган.
Ушул эле жылы августта Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту аны 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар", "Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу" беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Тергөө Куренов 2020-жылы "Республика" партиясынын атынан шайлоого катышканда шайлоочулардын добушун сатып алган деген кине койгон.
Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы сентябрда эркиндикке чыккан. Ал өзү коюлган айыптарды четке каккан.
Кийинчерээк ал Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга алмаштырууга каршы чыккан активист жана саясачылардын катарына кошулуп, нааразылык билдирген.
Ошол эле жылы активист-саясатчылар тобунун отузга жакын мүчөсүн кармаган маалда Тилекмат Кудайберген уулу Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган.
Кошмо Штаттара жашап жатканда да ал кыргыз бийлигин сындап келген. 2024-жылы 10-январда УКМК аны "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айыптап, сыртынан камакка алуу ордерин чыгарган.
Атайын кызмат 2025-жылдын 19-апрелинде активист Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кудайберген уулу кармалган учурда ал конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп билдирген.
"Тилекмат Кудайберген уулу республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу КРде бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен жапырт башаламандык уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.
2026-жылдын февралында ага айыбы угузулуп, соттук иши башталган.
Тилекмат Кудайберген уулуна Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси - Бийликти күч менен басып алуу; Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар; Жапырт баш аламандыктарды уюштуруу; Улут жана аймак аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылууда.
Активисттин жактоочулары да, жакындары да бул айыптоолорго макул эмес.

































