Депутаттын зордуктоо боюнча айрым иштерде пробация колдонуу сунушу талкуу жаратты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жогорку Кеңешиндеги депутат Айсаракан Абдибаева зордуктоо жана 16 жашка толо элек адамдарга карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча айрым иштерде пробациялык көзөмөл колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунушташы коомдо катуу талкуу жаратты. Айрым юристтер аны сынга алып, сексуалдык зомбулукка байланыштуу иштерде мыйзамды өзгөртүүдө жашы жете электердин укуктарын коргоо маселеси биринчи орунда турушу керектигин белгилешти. Ал арада парламент депутаттын айткандары боюнча түшүндүрмө таратты. Анда депутат куруу жалаа менен мыйзамсыз түрмөдө олтургандар тууралуу сөз кылганы белгиленет.
Эл өкүлүнүн айткандары
29-сентябрда парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети руханий-адеп-ахлактык саламаттыкка, жыныстык кол тийбестикке жана адамдын жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар менен күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын укту.
Депутат Айсаракан Абдибаева Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүндө (Зордуктоо) жана 157-беренесинде (Он алты жашка толо элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) каралган айрым кылмыштар боюнча пробациялык көзөмөл колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.
"Кылмыш-жаза кодексинин 154 жана 158-беренелеринде жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар боюнча мыйзамды жөнгө салууну жакшыртуу зарылдыгы келип жатат. Сунуштун негизги максаты болуп, адамдын жыныстык кол тийбестигин жана балдардын укуктарын коргоону сактоо менен бирге кылмыш-жаза жоопкерчилигин катаалдаштырууга жол бербөө, жазаларды дифференциялоо жана жаза чараларынын объективдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу болуп эсептелет. Ошондуктан биз өткөн отурумда да ушул маселе боюнча аябай талкуулаганбыз", - деди депутат.
Анын пикиринде, мыйзам адамдын жыныстык кол тийбестигин жана балдардын укуктарын коргоону сактоо менен бирге, ар бир иштин жагдайына жараша жоопкерчиликти аныктоого мүмкүндүк бериши керек.
"Өспүрүмдөр "менин жашым 19да, менин жашым 18де" деп, өздөрү макул болуп, анан кийин паспорту боюнча жашы жете элек болуп чыгып жатат. Ошону кантип аныкташ керек? Жаш жигиттер ал кыздын жашы жете элек экенин билишсе, ошондой жолго барбайт беле деген суроо бар. Аны соттор билиш керек. Жашы жете элек экенин билип туруп кылмышка барса, сотторго да аны караганга жол берет эле да. А эгер билбей туруп барса, актаганга мүмкүн болот эле деген ой да. Менин жашым 18ге чыккан деген кыздын иши боюнча сотто балага 15 жыл берип коюп жатат".
Прокуратура каршы
Жыйында тараптардын жарашуусу менен жазаны жеңилдетүү маселеси да көтөрүлдү.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкобаева мындай мүмкүнчүлүк мурда мыйзамда болгонун, бирок кийин Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышындагы депутаттардын сунушу менен алынып салынганын билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал сексуалдык кылмыштар боюнча тараптардын жарашуусунун негизинде жазаны жеңилдетүүгө жол берилбеши керектигин айтты.
Коңкобаеванын айтымында, мыйзамда мындай иштерде жабырлануучунун жашын айыпталуучу билген же билбегенине жараша өзүнчө жоопкерчилик каралган эмес. Сот ар бир иштин жагдайларын өзүнчө баалайт.
"Билген же билбеген деп өзүнчө санкция киргизүүгө мыйзам жол бербейт. Эгер ошондой учурлар болсо, азыр деле практикада бар. Атайын экспертиза дайындалат. Мунун жашы канчада болгон, канча жашка көрүнөт деп. Ал азыр деле мыйзамда колдонулат. Анан бул жерде билип же билбейт деген... Бул жерде сөз 16 жашка чыга элек өспүрүм тууралуу болуп жатат", - деди Үмүткан Коңкубаева.
Маалыматтарда сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарга байланыштуу айрым беренелерди Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышы күчөткөн.
Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев:
"Сот тутуму бул укукту колдонуучу орган. Кылмыш-жаза саясатын өкмөт түзөт. Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алып берет. Эгер мыйзамды кабыл алып берсеңер, ошого жараша биз соттук практиканы жүргүзөбүз. Өз учурунда Жогорку сот тарабынан мыйзам долбоорлоруна каршы пикир жазылган болчу "мыйзамдарды күчөтүү бул эч качан стабилдүүлүккө алып келбейт" деп. Ошон үчүн сиздер карап көрүңүздөр", - деди депутатка жооп берип жатып.
Депутатка айтылган сындар
Пробация - соттолгон адамды абакка камабай, белгилүү шарттарды сактоо менен коомдо калтырып, анын жүрүм-турумун көзөмөлдөөчү жаза чарасы.
Депутаттын сунушу коомдо кызуу талкуу жаратты. Маселен, адвокат Адилет Мээрканов сексуалдык зомбулукка байланыштуу кылмыштарда мыйзамдын өзгөрүшү жабырлануучулардын укуктарын коргоо жагынан кылдат каралышы керектигин белгиледи.
"Жаш өспүрүм балдарды зордуктап, айыпталгандарды камабай, шарттуу түрдө, пробация берип чыгарыш керек деп жатат. Зөөкүр, педофилдерди камабаш керек деп жатат. Мен эмне дешти билбей калдым", - деди Адилет Мээрканов.
Ал эми дагы бир юрист Айжан Ибраева демилгени кылмышкерлерди бошотуп жиберүү катары баалады.
"Кечиресиз, зордуктоочуларга пробация берелиби? Педофилдерге шарттуу жаза берелиби? Пробация бергиле деп жатасызбы? Сиз дегеле эмне жөнүндө айтып жатасыз? Айсаракан Абдибаева, депутаттык ыйгарым укуктарыңызды токтотуп, мандатыңызды тапшырыңыз. Жогорку Кеңештин депутаты, анын үстүнө аял киши кантип мындай нерсени айтат? Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси боюнча зордуктоочуларга пробация сурап жатканы кандай?! Жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулук жасагандар жөнүндө сөз болуп жатат. Адвокаттар, юристтер, биз бул жерде аларды кармай албай жатабыз, соттото албай жатабыз", - деди юрист.
"Балабыз билбей соттолду"
Буга чейин зордуктоо жана жашы жете электерге карата сексуалдык кылмыштар боюнча соттолгон адамдардын жакындары бийлик органдарына кайрылып, айрым сот өкүмдөрүн кайра кароону суранып келишкен. Алар жакындары куруу жалаа менен камалып кетишкенин айтып жүрүшөт.
Маселен, 16-майда Бишкектеги Горький паркында да ушундай талаптар менен акция өткөн. Катышуучулардын айрымдары жакындары негизчиз соттолгонун билдиришкен.
Анда да парламентте депутат Исманали Жороев да ушундай кайрылуулар түшкөнүн айтып, Жогорку Кеңештин трибунасында бул маселеге көңүл бурган.
Мисалы, зордуктоо боюнча соттолгон нарындык жигиттин жакындары президент Садыр Жапаровго кайрылып, анын жазасын жеңилдетүүнү же ырайым кылып бошотууну суранып жүрөт.
Жигиттин эжесинин билдиришинче, анын иниси Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси боюнча сегиз жылга эркинен ажыратылган.
Анын айтымында, кыз өзүн 17 жашта деп тааныштырган, жана 15 жашта экени кийин белгилүү болгон.
"Экспертизанын таза деп чыкканына карабастан, ушундай оор жаза берилиши биз үчүн оор болду. Ошондой эле апасы менен кызы келип, "биздин дообуз жок, сот залынан бошотуп бериңиз" деп суранган. Кыз менин иниме он жети жаштамын деп таанышкан, анын он беш жашта экенин билген эмес. Урматтуу президент, эгер мыйзам жол берсе, иним биринчи жолу соттолгонун жана үй-бүлөсүнүн оор абалын эске алып, ага ырайым берүү мүмкүнчүлүгү карап берүүнү өтүнөбүз", - деген жигиттин эжеси.
Парламент түшүндүрмө таратты
Айсаракан Абдибаеванын парламентте айткандары чон талкуу жараткандан кийин парламенттин басма сөз кызматы 30-сентябрда бул боюнча атайын маалымат таратты. Анда депутат куруу жалаа менен мыйзамсыз түрмөдө олтургандар тууралуу сөз кылганы белгиленет.
"Депутат Айсаракан Абдибаева Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 29-сентябрдагы жыйынында адамдын руханий, адеп-ахлактык саламаттыгына жана жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштар менен күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына тиешелүү жагдайлар боюнча пикирин билдирген. Тагыраагы эл өкүлү 19-25 жаштагы көптөгөн жарандардын куруу жалаа менен мыйзамсыз түрмөдө олтургандыгы тууралуу ата-энелеринен кайрылуулар арбын келип жатканын жүйө келтирип, аталган багыттагы мыйзамдарды карап чыгуу сунушун берген. Бирок жыйында айтылган сунушта жашы жете элек балдарга ыдык көрсөткөндөр үчүн жаза-чараларын жеңилдетүү тууралуу маселе көтөрүлгөн эмес. Андан тышкары бул багыттагы мыйзам долбоору да каралган жок. Ал эми эл өкүлү Айсаракан Абдибаева бардык кылмыш иштери жазасыз калбашы керектигин, ошол эле учурда бирөөнү куруу жалаа, доомат менен жазалоого болбой тургандыгын баса белгилейт" деп айтылат билдирүүдө.
Расмий маалымат боюнча, 2026-жылдын алгачкы сегиз айында Кыргызстанда жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү 266 кылмыш иши катталган. Алардын 228и сотко жөнөтүлгөн. 2025-жылы мындай 444 кылмыш иши катталып, 381 иш сотко өткөрүлгөн.

































