Азия оюндары: Жоламан Шаршенбеков алтын утту, Акжол Махмудов коло алды

Жоламан Шаршенбеков
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков атактуу өзбек балбаны Алишер Ганиевди жеңип, экинчи ирет Азия оюндарынын чемпиону болду. Муну менен Жоламан Кыргызстанга Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алгачкы алтын медалын алып келди.

Жоламан менен Ганиевдин беттеши буга чейин эле күйөрмандардын өзгөчө кызыгуусун жаратып жаткан. Алар 2026-жылы июль айында Будапешттеги рейтингдик турнирдин жарым финалында кезигип, анда кыргызстандык балбан 9:2 эсебинде жеңишке жеткен.

Бул жолу алардын беттеши Азия оюндарынын финалында өттү. Ал эми Жоламан 60 килограммга чейинки салмакта мелдешти башынан эле ишенимдүү өткөрдү. Ал алгач Түштүк Кореянын өкүлүн 9:0, чейрек финалда Түркмөнстандын балбанын 8:0 эсебинде жеңсе, жарым финалда ирактык Сажад Аль-Бидханды болгону 40 секундда 10:0 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Муну менен Жоламан Шаршенбеков карьерасында экинчи жолу Азия оюндарынын чемпиону аталды. Ал 2023-жылы Ханчжоуда өткөн Азия оюндарында да алтын медаль уткан. Ошондой эле анын байгелеринин арасында Париж Олимпиадасынын колосу, дүйнө чемпионаттарынын эки алтыны, Азия чемпионаттарынын үч алтын медалы жана Дүйнө кубогунун жеңиши бар.

Жоламан үчүн бул Азия оюндары ийгиликтүү болсо, анын жакын досу Акжол Махмудов үчүн мелдеш оор башталды. Акжол биринчи эле беттешинде Жапониянын өкүлү Нао Кусакага 0:4 эсебинде жеңилип калды. Бул Кусака менен маанилүү мелдештердеги экинчи беттеши болду. Буга чейин 2024-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын финалында да Акжол жапон балбанына утулуп калган.

Бирок Кусака финалга чыккандыктан, Акжол үчүн мелдеш бүтүп калган жок. Ал жубатуучу беттеште Париж Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Демеу Жадраев менен жолугуп, казакстандык балбанды 4:1 эсебинде жеңди. Бул Акжол менен Жадраевдин Париж Олимпиадасынан кийинки алгачкы беттеши болду. Парижде Демеу жарым финалда Акжолду жеңип, финалга чыккан, жыйынтыгында Жадраев күмүш, Махмудов коло медаль алган.

Бул жолу реванш Акжолдун пайдасына чечилип, ал коло медаль үчүн кытайлык Лю Жуйду жеңди.

Ошентип, Жоламан Шаршенбековдун алтыны жана Акжол Махмудовдун колосу менен Кыргызстандын Азия оюндарындагы медалдарынын саны 9га жетти. Ага чейин өлкө капчыгына Денис Петрашов күмүш, ММА спортчулары Дастан Каныбек уулу, Ырыскелди Дүйшеев жана Сыймык Жаныбек уулу үч коло, курашчы Кубанычбек Айбек уулу коло, ошондой эле балбандар Асан Жанышов күмүш, Раззак Бейшекеев жана Мээрим Жуманазарова коло медалдарды алып келишкен.

Жыйынтыгында Кыргызстанда азырынча 1 алтын, 2 күмүш жана 6 коло — жалпы 9 медаль бар. Жоламандын алтыны өлкөнүн медалдык эсептеги позициясын да өзгөрттү. Алдыда Азия оюндарында дагы эки күндүк мелдештер бар.