Спутник Бишкектен көзөмөлдөнөт. Кыргызстан биринчи спутнигин учурду

Спутникти учуруу SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен ишке ашырылды.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Спутникти учуруу SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен ишке ашырылды.
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги орбитага чыгарылды. Аны учуруу 1-октябрда АКШнын Калифорния штатындагы Ванденберг аскердик-аба базасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен ишке ашырылды. АКШга барган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров спутникти учуруу аземине катышты.

Президенттин айтымында, спутникти космоско чыгарып бергени үчүн акы төлөшкөн, бирок анын суммасын ачыктаган жок.

"Бул спутник табиятты мониторинг жүргүзө турган спутник. Бул ошол айыл чарбасында болобу, өзгөчө кырдаалдар болобу же болбосо мөңгүлөрдүн эриши болобу, мониторинг кыла турган спутник бул. Мисалы, айыл чарбасынын жерлерин, жер кыртышын изилдейт. Кайсыл жерлердин кыртышы кандай, азык-түлүктүн кайсы кайсы түрүн сепсе болот, андан кандай мол түшүм алса болот, мына ушуларды мониторинг кыла турган спутник. Аба райын, мисалы, жаанчыл болобу, кар көп жаайбы же болбосо шамал качан болот? Ошолордун баарын өз убагында алдын ала билип турса болот. Анан албетте, кен байлыктар, канча кен байлык жатат? Эми Кыргызстандын өзүнүн жеке спутниги болду. Эртеңден баштап Бишкекте отуруп, жүз пайыз өзүбүз көзөмөлгө алып отурабыз", - деди Садыр Жапаров.

Президенттик администрациянын маалыматына караганда, спутник бир ракета алып жүрүүчү менен учурулган космостук аппараттар тобунун курамында орбитага чыгарылды. Аны учуруу Кыргызстандын жана Бириккен Араб Эмираттарынын биргелешкен ишинин натыйжасы ишке ашкан.

Спутник Бишкек шаарында жайгашкан Башкаруу борборунан көзөмөлдөнөт.

Спутникти учурган учур.

Расмий маалыматка ылайык, спутниктен алынган маалыматтар айыл чарба жерлерине, мөңгүлөргө, суу объектилерине, токойлорго жана жайыттарга мониторинг жүргүзүүдө колдонулат. Ошондой эле жаратылыш экосистемаларындагы өзгөрүүлөрдү байкоого мүмкүнчүлүк берет.

"Спутниктин учурулушу Кыргызстан үчүн ар кандай тармактарда космостук маалыматтарды пайдалануунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Алынган маалыматтар айыл чарба жерлерине, мөңгүлөргө, суу объекттерине, токойлорго жана жайыттарга мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле жаратылыш экосистемаларындагы өзгөрүүлөргө көз салууга мүмкүндүк берет. Спутниктен алынган маалыматтар жер казынасын мыйзамсыз пайдалануу фактыларын, уруксатсыз таштанды төгүүчү жайларды жана булгануунун башка булактарын аныктоо, ошондой эле логистикалык каттамдарды оптималдаштыруу үчүн колдонулат", - деп айтылат Президенттик администрациянын маалыматында.

Спутник АКШдагы Ванденберг аскердик-аба базасынан учурулду.

Кыргызстандык адистердин айтымында, аппараттын салмагы болжол менен 5–6 килограмм. Аны иштеп чыгууга кыргызстандык инженерлер катышкан. Спутникте Жерди сүрөткө тартууга арналган камералар жана башка сенсорлор орнотулган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Суу маселесинде дагы мааниси чоң. Тоолордогу мөңгүлөрдүн абалын, алардын канчалык тез эрип жатканын байкап, суу ресурстары боюнча так маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле сел, жер көчкү сыяктуу табигый кырсыктар болгондо, спутниктен алынган маалымат кырсыктын көлөмүн тез аныктоого жардам берет. Эң маанилүүсү, бул спутникти кыргызстандык инженерлер өзүбүздүн өлкөдө иштеп чыгып, чогултушкан. Жөнөкөй айтканда, мурда жерибиз тууралуу маалыматты башка булактардан алып келсек, эми өзүбүздүн спутник аркылуу космостон өзүбүз маалымат алабыз. Мисалы, мен өзүм статистикаларыбыз ар түрдүү болгондорду көрүп жатам, эми бирдиктүү статистика болот", - деп жазды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова.

"Кыргыз спутник" ишканасынын өкүлү Динара Моношбекова наноспутниктин чакан көлөмү аны космоско чыгаруу чыгымдарын азайтарын айтты. Анын маалыматына караганда, спутниктен алынган маалыматтар издөө-куткаруу иштеринде да колдонулушу мүмкүн.

"Наноспутник көлөмү менен утат. Учурарда аз чыгым болот. Туристтер жоголсо, ӨКМге маалымат берип тура алат. Спутник күндөн энергия алып иштейт".

Кыргыз өкмөтүнүн айтымында, бул кадам чет өлкөлүк спутник маалымат булактарына болгон көз карандылыкты азайтат. Бул маалыматтарды сактоо, коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.