Өзбекстандын биринчи үй-бүлөсү өз ара пикир келишпестиктер тууралуу имиштер жүрүп жаткан чакта биримдигин көрсөтүүдө

Сүрөттүн булагы, SHAHNOZA MIRZIYOYEVA/INSTAGRAM
Акыркы апталарда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлөсү бир нече жолу коомчулукка чогуу чыгып, ортодо ынтымак бар экенин көрсөтүүдө. Мирзиёевдердин үй-бүлөсү Өзбекстандагы медиа каражаттарынын көңүл чордонунда дайыма болуп келгени менен, акыркы жылдары эл алдына азыркыдай болуп чогуу чыгып, биримдигин көрсөткөн учурлар сейрек болуп калган. Акыркы кездери элдин көзүнө көбүрөөк көрүнүү менен Мирзиёев үй-бүлөсүндөгү пикир келишпестиктер тууралуу тынбай айтылып жаткан имиш кептердин шартында, ички аудиторияга да, тышкы өнөктөштөргө да ички туруктуулукту жана биримдикти көрсөтүүгө аракет кылып жаткандай.
23-24-август күндөрү Азербайжандын президенти Илхам Алиев Өзбекстанга келгенде Алиев менен Мирзиёевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чогуу сүрөткө түшкөнү бул сапардын эсте калган учурларынын бири болду. Байыркы Бухара шаарында Алиевдердин үй-бүлөсү президент Мирзиёев, анын жубайы Зироатхон, кыздары Саида жана Шахноза, ошондой эле үч небереси менен бирге сүрөткө түшүшкөн. Президенттик администрациянын башчысы Саида Мирзиёева бул сүрөттү Телеграмдагы каналында жарыялаган эле.

Сүрөттүн булагы, SAIDA MIRZIYOYEVA/TELEGRAM
Бухарага болгон бул сапар — кийинки апталарда Мирзиёевдердин элдин алдына чогуу чыккан бир катар учурлардын биринчиси болуп калды. 4-сентябрда биринчи айым Зироатхон Мирзиёева кызы Шахноза жана күйөө балдары Отабек Умаров (Шахнозанын жолдошу) жана Ойбек Турсунов (Саиданын жолдошу) менен чогуу Кокон шаарында өткөн концертке барышкан. Инстаграмдагы бир нече каналдарда бул иш-чарада тартылган видеолор чыкты. Концертке Отабек Умаровдун кызы Ранияхон катышканы кабарланган.
6-сентябрда Шахноза жана Саида борбор калаа Ташкенттеги жаңы заманбап искусство борборунун ачылыш аземине да катышты. Саида Мирзиёеванын Телеграмдагы аккаунтунда жарыяланган сүрөттөрдөн эже-сиңди чет элдик конокторду кабыл алып жатканын көрүүгө болот.
Андан кийин Шавкат Мирзиеёвдин 13-16-сентябрь күндөрү Түштүк Кореяга мамлекеттик сапары учурунда жанында кызы Шахноза коштоп жүрдү. Шахноза Инстаграмдагы баракчасына Сеулдан жарыялаган сүрөттөрдөн ата-энесин, ошондой эле Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен жубайынын жанында турган Отабек Умаров менен Ойбек Турсуновду көрүүгө болот.
Эмне үчүн мындай болду?
Үй-бүлөдө ынтымактуу мамилелер дайыма президент Мирзиёевдин бейнесинин маанилүү бөлүгү болуп келген.
2016-жылы бийликке келээр замат Мирзиёев жана анын үй-бүлөсү мурунку президент Ислам Каримовдун чыр-чатагы көп үй-бүлөсүнөн айырмаланып, ынтымактуу үй-бүлөнүн бейнесин жарата башташкан. Отуз жылдан ашык бийлик жүргүзгөн маркум Каримов менен кызы Гүлнаранын ортосундагы начар мамилелер медиада кеңири чагылдырылып, өлкөнүн эл аралык аброюна доо кетирген.
Бул прецедентти баамдаган Мирзиёев өз үй-бүлөсү жөнүндө коомчулукта оң пикирди калыптандырууга умтулуп келди. Бирок акыркы жылдары бул күч-аракеттерге анын жакын чөйрөсүндөгү чыр-чатактар тууралуу ушак-айыңдар тоскоол болуп жатат. 2024-жылдын этегинде Саида Мирзиёеванын жакын өнөктөшү Комил Алламжоновго кол салуу ишке ашпай калгандан кийин "биринчи үй-бүлөдөн" ынтымак кеткени тууралуу кабарлар чыккан. Кийинчерээк Мирзиёев кичүү күйөө баласы Отабек Умаровду президенттик коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары кызматынан четтетип, Умаровдун союздаштарынан арылуу максатында тартип коргоо органдарында бир катар адамдарды кызматтарынан бошоткон. Мирзиёевге абдан жакын болгон жана чет өлкөлөргө жогорку мамлекеттик сапарларында президентти дайыма коштоп жүргөн Умаров иштен четтетилип, Улуттук олимпиада комитетинде "кожо көзүнө" кызматка которулган.
Үй-бүлөнүн ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу ушак кептер ушул жылдын башында, Саида белгисиз себептерден улам бир нече жума коомчулукка көрүнбөй калгандан кийин кайрадан пайда болгон. Акыры ал кайрадан элге чыга баштаганы менен, анын аз убакытка жок болуп кеткени медиа каражаттарында Саида жана сиңдиси Шахноза жетектеген кландардын ортосунда таасир чөйрөсү үчүн күрөш жүрүп жатат деген талкууларга жем таштады.
Саиданын жолдошу Ойбек Турсунов да обочолонуп, "биринчи үй-бүлө" менен байланышы кыйла начарлап кетти деген ушак кептер айтылууда. Spot.uz жаңылыктар сайтынын 2022-жылдагы отчетунда Турсунов "Капиталбанк" коммерциялык банкында жана "Узкард" улуттук төлөм системасында акциялардын көзөмөл пакетинен ажыраганы айтылат.
Реакция кандай болду?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өзбекстандагы маалымат каражаттары катуу көзөмөлдө болгондуктан, "биринчи үй-бүлөнүн" жеке мамилелери дээрлик чагылдырылбайт. Ошол себептен Мирзиёевдердин үй-бүлөсүнүн элдин алдына кайрадан чогуу чыга баштаганы Өзбекстанда анчалык деле резонанс жараткан жок.
Чет өлкөдө жашаган Шухрат Бобожонов бул окуяга байланыштуу өз оюн айткан саналуу блогерлердин бири болду. 15-сентябрда Фейсбукка жарыялаган постто ал Түштүк Кореяга сапар учурунда Умаров менен Турсуновдун президенттин жанында жүргөнү алардын өз ара мамилелери калыбына келгенинен кабар берет деп божомолдоду. "Сапарга арналган иш-чараларда президенттин күйөө баласы Отабек Умаров жана Шахноза Мирзиёева да жүрүштү. Жакында эле Умаров Өзбекстандын автоунаа өнөр жайын Кореяда таанытып жүргөн эле. Бул жолугушуу маалында автоунаа өнөр жайына тиешелүү макулдашууларга кол коюлганы өтө маанилүү окуя. Иш-чараларга президенттин улуу күйөө баласы Ойбек Турсунов да катышууда. Бул "кызматтан четтетилди" же "мамилелер үзүлдү" деген ар кандай божомолдор чындыкка дал келбегенин жана Ойбек Турсунов мурдагыдай эле үй-бүлөнүн кадыр-барктуу мүчөсү бойдон калганын айгинелейт", - деп жазды Бобожонов.
Мындан ары эмне болот?
Президенттин эки күйөө баласы көптөн бери саясий айдыңда жүргөнүн эске алганда, алардын үй-бүлөлүк сүрөттөрдө кайрадан пайда болушу, чындыгында, көңүл бурууга арзыйт.
Бул Мирзиёев мурдагыдай эле үй-бүлөнүн биримдигин өз ара тирештерден жогору койгонунан кабар берет. Келечекте бул негизги кызматтардан четтетилген үй-бүлө мүчөлөрү саясий майданга кайтып келерин да билдириши мүмкүн.
Көптөгөн өзбекстандыктар социалдык тармактарга бийликтен четтетилген күйөө балдардын саясатка кайтып келиши таң калдырбаганын жана өлкөнүн саясий системасынын чордонунда үй-бүлө турганын жазышууда. "Өзбек макалы бар: "Мурдума жаман жыт келип жатат деп эле аны кесип сала албайсың да", - деп жазды Фейсбуктун колдонуучусу "Абу Дардо".





























