Киевде аза күтүү күнү жарыяланды, Константиновка шаары үчүн кармаш уланып жатат

6-июлга караган түнү Киевге болгон чабуулдан ондон ашык киши каза болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 6-июлга караган түнү Киевге болгон чабуулдан ондон ашык киши каза болду
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко 7-июлду аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул чечим дүйшөмбүгө караган түнү калаага жасалган орус чабуулунан кийин кабыл алынды.

Кличко өлкөнүн борбор калаасына жасалган түнкү чабуулдун кесепетинен 11 адам каза болгонун кабарлады. Алардын ичинен оор жаракат алган бир эркек киши ооруканада таңга маал каза тапкан.

Ошондой эле 46 адам жаракат алып, алардын 27си ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын арасында балдар да бар.

Куткаруучулардын маалыматына ылайык, кеминде 15 турак үй зыян тартып, кыйроого учураган.

Киевдин Подольск районунда издөө-куткаруу иштери уланууда. Ал жерде тогуз кабаттуу турак үйдүн 9-кабатынан 5-кабатына чейин жарым-жартылай урап түшкөн. Бул жерден 45 адам эвакуацияланган, каза болгондордун так саны азырынча тактала элек.

Дарницкий районунда эки адамдын сөөгү табылган. Ал жакта 25 кабаттуу имаратка төртүнчү кабаттын деңгээлинде сыныктар түшүп, урунуу болгон. Мэр Виталий Кличконун маалыматына ылайык, ал жерден 22 адам куткарылган.

Киев облусундагы Буча районунда да чабуулдун кесепетинен бир адам каза болгонун облустук аскер администрациясынын башчысы Николай Калашник билдирген.

Орусиянын Коргоо министрлиги болсо Киев жана Киев облусундагы аскердик өнөр жай ишканаларына жана энергетикалык объекттерге, ошондой эле Днепропетровск, Полтава, Черкассы, Чернигов жана Киев облустарындагы аскердик аэродромдордун инфраструктурасына жапырт сокку урулганын билдирген.

Ушундай эле билдирүүнү Орусиянын Коргоо министрлиги 2-июлда Киевге ири сокку ургандан кийин да жасаган. Анда 31 адам каза болгону айтылган.

Орусия Константиновка шаарын басып алганын билдирди, Украина муну четке какты

ывпавак

Сүрөттүн булагы, Reuters

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул арада Константиновка шаарынын айланасындагы жагдай курчуду. Өткөн жума күнү орус армиясынын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов президент Владимир Путинге Орусия армиясы стратегиялык мааниге ээ болгон Константиновка шаарын толугу менен басып алганын билдирген. Бирок дем алыш күндөрү Украинанын Куралдуу күчтөрү да, президент Владимир Зеленский да бул маалыматты четке кагышкан. Украин президенти болсо Кремлдин башчысына Константиновка шаарында жолугушууну сунуштаган.

Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, Путин биргелешкен аскер топторунун башкаруу пунктуна барып, Башкы штабдын жетекчилиги жана бөлүктөрдүн командирлери менен кеңешме өткөргөн.

"Константиновка алынган. Бул, президент [Путиндин] айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрүндөгү коргонуудагы маанилүү Славянск–Краматорск түйүнүн басып алууга карай биринчи, бирок өтө маанилүү баскыч", — деп билдирди журналисттерге президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Константиновканын түштүк чет жактарындагы кармаштар 2025-жылдын октябрында башталган.

Ишемби күнү Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Константиновка аймагындагы кармаштарды токтотууну жана шаарды коргоодо каза болгон украин аскерлеринин сөөктөрүн өткөрүп берүүнү сунуштады.

Орусия тарап бул иш-чараны дүйшөмбү күнү Москва жана Киев убактысы боюнча саат 12:00дөн 18:00гө чейин өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Министрлик украин тараптан жоопту жекшемби түшкө чейин күтүп жатканын айткан. Киев азырынча бул сунуш боюнча расмий жооп бере элек.

апр

Сүрөттүн булагы, Орусиянын Коргоо министрлиги

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов Путинге Константиновка боюнча отчет берүүдө

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги жана президент Владимир Зеленский дем алыш күндөрү Константиновка шаарын басып алынды деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт деп билдиришти.

Жекшемби күнү Украинанын Башкы штабы өзүнүн социалдык тармактарында видео жарыялап, анда бир нече украин аскердик топтору Константиновка шаарында экенин жана бул конушту коргоону улантып жатканын кабарлашкан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер Константиновка чындап эле Москвадын көзөмөлүндө болсо, анда Путин ал жакта аны менен жолугуша алмак экенин айтты.

"Албетте, бул туура эмес — бул жөн гана Орусия тараптан кезектеги жалган маалымат, кандайдыр бир жаңылык чыгаруу үчүн гана айтылган нерсе", — деди Зеленский.

Буга жооп катары Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Зеленскийди кайрадан Москвада сүйлөшүүгө чакырды (мурда украин президенти мындай чакырууну кабыл алынгыс деп билдирген).

"Баары бир Орусия Федерациясынын борбору Москва, Константиновка эмес", — деди Песков.

"Ошондуктан ал Москвага маанилүү, жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алууга даяр болгондо келе алат. Ал кандай чечимдер экени Киев режими үчүн жакшы белгилүү", — деп кошумчалады ал.

Ал эми Украинанын Башкы штабы Константиновка Украинанын көзөмөлүндө экенин кайрадан ырастап келет.

Башкы штабдын өкүлү Андрей Ковалев Украинанын Би-Би-Си кызматына билдиргендей, автоматташтырылган башкаруу системасы "Дзвін" жана DELTA системасындагы маалыматтарга ылайык, Константиновка азыркы учурда Украинанын Коргоо күчтөрүнүн көзөмөлүндө турат.