Киевге жасалган жапырт чабуулдан каза болгондор 13 кишиге жетти

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бейшембиге караган түнү Киевге ракеталар жана дрондор менен чабуул жасалды. Анын натыйжасында шаар боюнча 30дай жерде кыйроо болгон. Орусия Киевге сокку урганын ырастады. Анын кесепетинен Украинанын борборунда 10дон ашык адам каза болуп, 90го жакыны жабыркады. Киевде 3-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Акыркы маалыматтар боюнча, Киевге түн ичинде жасалган соккулардын кесепетинен 13 адам каза болуп, 80ден ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу шаар мэри Виталий Кличко жана шаардык аскердик администрациянын башчысы Тимур Ткаченко билдиришти.
Шаардык администрациянын башчысы чабуулдун кесепетинен Киевде 30дан ашык жерде кыйроолор болгонун маалымдады.
Шаршембиден бейшембиге караган түнү орус аскерлери Украинанын аймагына 74 ракета жана 496 учкучсуз учак менен чабуул жасаганын Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, абадан коргонуу күчтөрү тарабынан 524 бута - ар түрдүү типтеги 48 ракета жана 476 учкучсуз учак атып түшүрүлгөн же зыянсыздандырылган.
"Массалык чабуулдун өзгөчөлүгү - абадан кол салуу каражаттарынын ар түрдүү типтерин ар кайсы багыттан бир убакта колдонуу, баллистикалык ракеталардын жана реактивдүү учкучсуз учактардын көп санын пайдалануу болду", - деп айтылат билдирүүдө.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларында "асманыбызды коргоочулар чабуул каражаттарынын олуттуу бөлүгүн атып түшүрө алышканын, бирок баарын эмес экенин" билдирди.
Түнкү чабуулдун кесепеттерине токтолуп, ал Украина үчүн абадан коргонуу каражаттарын жеткирүү өтө маанилүү экенин баса белгиледи.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага жасалган жапырт соккуну ырастады. Мекеменин билдирүүсүндө массалык сокку абадан, жерден жана деңизден учурулуучу куралдар, ошондой эле учкучсуз учактар аркылуу жасалганы айтылат. Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулдун натыйжасында Киевдеги жана анын облусундагы Украинанын аскердик-өнөр жай комплексинин ишканалары, энергетикалык объектилери, ошондой эле Днепропетровск, Полтава, Черкассы, Чернигов жана Киев облустарындагы аскердик аэродромдордун инфраструктурасы талкаланганын ырастоодо.
































