Путиндин рейтинги кайра төмөндөп, согушка чейинки деңгээлге түштү. Эмне болуп жатат?

Путин в костюме с бумагами в руках идет по сцене на фоне баннера с надписью «Единая Россия».

Сүрөттүн булагы, Sergei Bulkin/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мамлекеттик Думага шайлоо алдында Путиндин рейтинги соңку төрт жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү.
    • Author, Сергей Горяшко
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Орусияда социологдор президентке болгон ишеним көрсөткүчү төмөндөгөнүн белгилеп жатышат. Өлкөдөгү коомдук пикирди изилдөө борборунун (ВЦИОМ) сурамжылоосуна ылайык, Владимир Путиндин ишмердигине берилген баа кескин начарлап кеткен. Социологдордун байкоосунда, апрель айынан бери бийликтин рейтингдери төмөндөп, ошол эле учурда коомдогу тынчсыздануу күчөп жатат. Мунун баары сентябрда Мамлекеттик Думага шайлоо өтөр алдында болуп жатат.

Мамлекеттик борбордун сурамжылоосуна ылайык, президенттин ишмердигин жактыргандардын үлүшү бир жуманын ичинде 3,5 пайыздык пунктка төмөндөп, 70,4 пайыздан 66,9 пайызга түштү. Буга алгач "Агентство" басылмасы көңүл бурган. Буга чейин ушундай эле көлөмдөгү 3,5 пайыздык пунктка төмөндөө акыркы жолу 2024-жылдын августунда, украин аскерлери Курск облусуна кирип барган маалда катталган. Анда көрсөткүч бир жума ичинде 77,1 пайыздан 73,6 пайызга түшкөн.

Президенттин рейтингинин азыркы төмөндөшү жаз айларынан бери уланып келет. Муну Орусиядагы негизги үч социологиялык кызмат тең – ВЦИОМ, президенттик администрация менен байланышкан "Коомдук пикир" фонду (ФОМ) жана "Левада-борбору" өз сурамжылоолору менен ырастап жатышат.

Бул үч уюм ар башка сурамжылоо ыкмаларын колдонуп, анкеталардагы суроолорду ар башкача түзгөндүктөн, алардын жыйынтыктарында айырмачылыктар бар.

ВЦИОМ быйыл апрелдин аягына чейин, жети жума бою Орусия президентинин рейтинги төмөндөп жатканын каттаган. Бирок май айында уюм изилдөө ыкмасын өзгөрттү. Мурда сурамжылоолор телефон аркылуу гана жүргүзүлсө, эми респонденттердин жарымы менен бетме-бет сүйлөшүү ыкмасы колдонулууда. Социологдор муну байланыштагы кыйынчылыктар менен түшүндүрүшкөн. Натыйжада, Владимир Путинди колдоо көрсөткүчү кайра өсүп, апрелдин ортосунда 65,6 пайызга, май айында 69,4 пайызга, июнда 70,4 пайызга чейин көтөрүлгөн.

Ал эми сурамжылоону респонденттердин жашаган жеринде жүргүзгөн "Коомдук пикир" фонду ыкмасын өзгөрткөн эмес. Алардын маалыматына караганда, респонденттердин 70 пайызы Путиндин ишмердигин оң баалайт, бирок бул көрсөткүч июндун ортосуна салыштырмалуу беш пайыздык пунктка төмөндөгөн. Бул Украинага каршы кеңири масштабдагы согуш башталгандан берки эң төмөн көрсөткүч болуп саналат.

"Левада-борбордун" үймө-үй жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, июнь айында Владимир Путинди колдогондор 74 пайызды түзгөн. Бул да Украинага каршы согуш башталгандан берки эң төмөн көрсөткүч катары белгиленген.

Саясат таануучу Александр Кыневдин айтымында, азыркы шартта сурамжылоонун кандай ыкма менен жүргүзүлгөнү чоң мааниге ээ. Анын сөзүнө караганда, үймө-үй жүргүзүлгөн сурамжылоолорго көбүнчө иштебей үйдө отургандар жана пенсионерлер катышат. "Булар, негизинен, көз карашы консервативдүү жана коомдогу азыркы окуяларга азыраак аралашкан адамдар", – деди ал.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал эми телефон аркылуу жүргүзүлгөн сурамжылоолорго билим деңгээли жогору, жашыраак жана кыймылдуу жашоо образын карманган адамдар көбүрөөк туш келет. Алар өлкөдө болуп жаткан окуяларга жана маалымат мейкиндигиндеги өзгөрүүлөргө ыкчамыраак реакция кылышат.

Би-Би-Синин Кремлге жакын булагынын айтымында, бийликтин рейтингдери экономикалык кырдаалдын начарлашы, баалардын өсүшү, Украинанын Москвага жана фронттон алыс жайгашкан башка орус аймактарына жасаган аба чабуулдарынын көбөйүшү, ошондой эле интернеттеги чектөөлөр күчөгөн шартта төмөндөй баштаган. Булактын айтымында, рейтингдин кескин төмөндөшүнө дал ушул интернеттеги бөгөттөөлөр түрткү болгон.

Кыневдин пикиринде, орусиялыктардын маанайын фокус-топтор аркылуу жүргүзүлгөн изилдөөлөр такыраак чагылдыра алмак. Бирок азыр мындай маалыматтар жеткиликтүү эмес.

"Адамдар кайсы бир аткаминерди колдой же колдобой турганын ачык айтуудан чочулашат. Ошондуктан мындай учурда коомдогу маанайды кыйыр көрсөткүчтөр аркылуу баалоо маанилүүрөөк. Маселен, тынчсыздануу жана пессимизм деңгээли азыр өлкөдө эмне болуп жатканын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет", – деди ал.

ФОМдун маалыматына ылайык, учурда орусиялыктардын жарымынан көбү туугандарынын, досторунун, кесиптештеринин жана тааныштарынын арасында тынчсыздануу маанайы басымдуу экенин айтышкан. Мындан жогорку көрсөткүч акыркы жолу 2022-жылдын күзүндө, Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаганда катталган. Анда октябрь айында тынчсыздануу деңгээли 70 пайызга жеткен.

Шайлоо алдында бул кооптуубу?

Би-Би-Сиге комментарий берген айрым эксперттер азыркы шартта бийликтин рейтингинин төмөндөшү Мамлекеттик Думадагы шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир этерине ишенишпейт. Шайлоо 18–20-сентябрда өтөт.

Саясат таануучу Кынев учурдагы кырдаалды 2018-жылдагы абалдан айырмалап турган бир нече жагдайды белгиледи. Ал учурда пенсиялык реформанын фонунда жана Владимир Путинге болгон колдоо азайып, пенсиялык реформа жүрүп жаткан шартта үч аймакта Кремль жактаган талапкер губернаторлорду шайлоодо утулуп калган.

Анын айтымында, азыркы негизги айырмачылыктардын бири — бийлик шайлоо процессин толук көзөмөлгө алып, бир катар чектөөлөр аркылуу көз карандысыз байкоо мүмкүнчүлүгүн дээрлик жокко чыгарды. Байкоочулардын мүмкүнчүлүктөрү олуттуу түрдө кыскарды.

Орусиядагы шайлоого байкоо жүргүзгөн байкоо жүргүзгөн "Голос" кыймылы бир жыл мурун ишин токтотконун жарыялаган. Бул чечим анын жетекчилеринин бири Григорий Мельконьянцка карата сот өкүмү чыгып, беш жылга кесилгенден кийин кабыл алынган.

Кыневдин айтымында, экинчиден, азыр Кремль үчүн кырдаал 2018-жылга салыштырмалуу кыйла коопсуз. Себеби бийликтин каалаган талапкерди шайлоодон четтетүү мүмкүнчүлүгү кеңейген.

Анын айтымында, адамды каалаган учурда "чет элдик агент" деп таанып коюуга болот, ал эми мындай макамдагы адамдарга шайлоого катышууга тыюу салынат. Мындан тышкары, экстремисттик символиканы жайылтты деген айып менен да талапкер шайлоого катышуу укугунан ажырап калышы мүмкүн.

Ал эми саясат таануучу Михаил Виноградов Би-Би-Сиге берген комментарийинде бийлик азыркы кырдаалды өзүнө кооптуу же олуттуу кризис катары баалабай турганын айтты. Анын пикиринде, экономикадагы жалпы терс тенденциялар, интернетке кирүүдөгү чектөөлөр жана айрыкча бензин тартыштыгы коомдо нааразычылыкты күчөтүүдө. Бирок Кремль бул нааразычылык бийликти алмаштыруу талабына алып келет дегенге ишенбейт.

Бул макаланын орус тилиндеги түп нускасын бул жерден окунуз.