"Оорулуу камералашымды мазакташты". Кадырбек Атамбаевдин дооматы, ЖАМКнын жообу

Сүрөттүн булагы, screenshot
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бүгүн, 6-июлда мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаевдин ачык катына жооп кайтарып, анын күч колдонуу, коркутуу, психологиялык басым көрсөтүү жана кыйноо фактылары тууралуу жазгандары чындыкка дал келбей турганын билдирди.
"Тергөө изоляторлордо кармалган бардык адамдарга карата мыйзамдуулук, коопсуздук жана адам укуктарын сактоо принциптери так камсыздалат. Ар бир кармалган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык кароодон өткөрүлүп, алардын ден соолук абалы туруктуу көзөмөлдөнөт. Учурда айыпталуучу тарабынан денесине залал келтирүү, күч колдонуу же кыйноо боюнча медициналык кызматкерлерге же администрацияга расмий кайрылуулар түшкөн эмес.
Ошондой эле мекемелерде кызматкерлердин аракеттери ички тартипке жана мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Камераларды текшерүү, тинтүү иш-чаралары жана режимдик көзөмөл коопсуздукту камсыздоо максатында мыйзам чегинде жүзөгө ашырылат жана кандайдыр бир адамды басмырлоо же кысым көрсөтүү максатын көздөбөйт", - деп айтылат расмий билдирүүдө.
ЖАМК өз ишмердигине мамлекеттик органдар да көзөмөл жүргүзүп турарын кошумчалаган. Маалыматка караганда, быйыл жабык жайларга Айкыйкатчы институтунун өкүлдөрү 86 жолу, ал эми прокуратура органдарынын өкүлдөрү 88 жолу барып, мекеменин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзгөн.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тергөө абагында отурган уулу Кадырбек Атамбаев өткөн аптанын соңунда ачык кайрылуу жасаган. Анын катын карындашы Алия Шагиева өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялаган.
Ал уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы жоктугун, курал-жарак сактаган жайлары болбогонун, ойдон чыгарылган жалган айыптардын жана негизсиз шектенүүнүн натыйжасында абакта отурганын жазган. Кадырбек Атамбаев атасы Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө басым көрсөтүү үчүн аны "барымтага" алышкан деп эсептейт.
"Кош стандарттар баарына эле көрүнүп турат. 75 адамга байланыштуу кылмыш иши боюнча тергөө бир айда аяктады. Ал эми Атамбаев менен Темирлан Султанбековго байланыштуу иш боюнча тергөө жети айга созулду. Мен муну тарыхый чоң адилетсиздик деп эсептейм.
Мен Максим Бакиев же Айдар Акаевдей эмесмин. Банк ачкан эмесмин, бизнести рейдерлик жол менен басып алган эмесмин, эл аралык мафиянын акчасын адалдаган эмесмин, инвестициялардан же бажы тармагынан пайда көргөн эмесмин.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок бүгүн өлкөгө Максим эркин келип-кетип, Ширшов өз фондун ачып жатканда, мен сегиз айдан бери кантала менен таракан каптаган тергөө абагында отурам.
Башынан эле мени кыйноо менен коркутушту, колдорумду кайрып, камера жок жерде сабоого аракет кылышты. Мени колдогону үчүн оорулуу камералаштарымды мазактап, жазага тартышты. Күн сайын мени сындыруу максатында тинтүү жүргүзүштү. Мен көп нерсени башымдан өткөрдүм, бирок мунун баары мени ого бетер чыйралтты", - деп жазган Кадырбек Атамбаев.
Кадырбек Атамбаев адилеттүүлүк орной турганына дагы деле ишенип турганын жазган.
Экс- президенттин уулунун бул билдирүүсүнөн кийин мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Фейсбуктагы баракчасына пост жазды.
Ал бул кайрылуу тергөө жана сот системасынын абалы олуттуу суроолорду жаратып, терең ой жүгүртүүгө түртөрүн белгилеген.
"Кадырбек Атамбаев жана Темирлан Султанбеков боюнча кылмыш ишине келсек, башынан эле далилдердин жетиштүүлүгү тууралуу суроолор жаралып келген. Көптөр тергөө аяктаган сайын коомчулукка коюлган айыптарды тастыктаган ишенимдүү жана талашсыз далилдер көрсөтүлөт деп күтүшкөн.
Бирок тергөөнүн узакка созулушу -- күнөөнү далилдеген белги эмес. Эгер узак убакыт өткөнүнө карабастан ишенимдүү далилдик база көрсөтүлбөсө, бул процесстин катышуучулары үчүн гана эмес, коом үчүн да сөзсүз суроолорду жаратат.
Ошондуктан бүгүн бул ишти соттук кароону мүмкүн болушунча ылдамдатуу жана ага мыйзамдуу чекит коюу өзгөчө маанилүү. Бирок муну эмоциянын, саясий көз караштардын же коомдук басымдын таасири менен эмес, толук изилденген, жол берилген жана ишенимдүү далилдердин негизинде гана жасоо зарыл", - деген Кулов.
Мурдагы премьер-министр ошондой эле экс-президент Алмазбек Атамбаевге мунапыс берүү гумандуу кадам болмок деген сунушун да жазган.

Сүрөттүн булагы, social media
Мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев жана "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков баштаган ондой адам 2025-жылы 22-ноябрда, парламенттик шайлоонун алдында кармалган. Милиция аларды жапырт башаламандыкка айыптаган.
"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкөнүн түштүгүнөн баштап Бишкекке жана облустарга чейин жапырт нааразылык көрүнүшүн жаратып, өлкө аймагында митингдерди пландашкан. Алардын планында Конституцияга каршы чакырыктар жана ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарак жана абак жайларын ээлеп алуу ыктымалдыгы болгон", - деп айтылган ИИМдин маалыматында.
ИИМ жапырт кармалган адамдардын үйлөрүн тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган.
Кийинчерээк 150 миң доллар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдуку экени ачыкка чыккан. Саясатчы бул акча үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Адахан Мадумаров бул иште күбө катары сурак берген.
Ушул тапта Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Эрмек Эрматов, Дамир Мусакев камакта.
Калгандары, анын ичинде, мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров, Урмат Барктабасов, Шайлообек Атазов үй камагына чыккан.
Кадырбек Атамбаев бийликти күч менен басып алууга айыпталууда. Буга чейин айыпталуучулар тергөө жүрбөй жатканына даттанышкан.
Темирлан Султанбековдун адовкаты Асель Аргынбаева Би-Би-Сиге билдиргендей, Кадыр Атамбаев, Темирлан Султанбековдун иш сотко өтүп, 3-июлда алдын ала угуу болду. Кийинки сот отуруму 14-июлга белгиленген. Султанбековдун карындашы Каныкей Султанбекова сот жараянын жабык өткөрүү чечими кабыл алынганын, ачык өтүшүн талап кылып жатышканын кошумчалады.
































