Сот Ташиев баштаган сегиз кишини төрт жылга соттоп, бирок камаган жок

сот
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыкты.

Ага ылайык, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы депутат Аалы Карашев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу беренеси боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратылды. Бирок сот аларга үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуу менен эркиндикте калтырды.

Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталышты.

Фнвралдан бери камакта болуп келген мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев сот залынан бошотулду.

Соттун өкүмү 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.

Бул ишти судья Азирет Медеров карады.

Айрым адвокаттар жана айыпталуучулар сот өкүмүнө макул эместиктерин билдиришти.

2-июлдагы сот отурумунда адвокаттар жана жактоочулар жарыш сөз сүйлөп, баарын актоону талап кылышкан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Буга чейин прокурорлор сегиз айыпталуучунун ар бирин тогуз жылдан эркинен ажыратууну өтүнгөн эле.

"75чилердин каты" боюнча иш Биринчи май райондук сотунда 18-майдан тарта карала баштаган.

УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган 8 кишиге "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренелери боюнча айып тагылган.

Камчыбек Ташиев өзүнө кылмыш иши козголгондон кийин кыска билдирүү жасап, сотто акталарына ишенерин билдирген.

"Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана АЛЛАХым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн", - деп билдирген Ташиев.

27-апрелде президент Садыр Жапаров "Кактус.Медиага" курган маегинде Жогорку Кеңештеги саясий интригаларга, "75чилердин катына" Камчыбек Ташиевдин тиешеси-бар жогун сот аныктай турганын айткан.

Бул кылмыш иши февралдын башында, 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги спикер Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштагандан кийин козголгон.

Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганын, ал эми өлкө учурда жаңы Башмыйзам менен иштеп жатканы укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү сунушташкан.

ИИМ 9-февралда интернетте тараган бул маалыматтарга алгач беш кишини кармаган.

Милиция алардын «иш-аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келерин» жана «өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, бийлик органдарынын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталганын» билдирген.

Кармалгандардын жакындары жана адвокаттары коюлган айыптарды толугу менен четке кагып келишет.

Бул окуядан кийин, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Көп өтпөй Нурланбек Тургунбек уулу спикерлик кызматтан жана депутаттык мандатынан баш тарткан.

"75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон бул иште жалпы сегиз киши айыпталган.

Алар: УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы депутат жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев.