"Кагазда калган жеңиш". Орусиянын Башкы штабынын отчеттору фронттогу чындыкты кантип бурмалоодо?

Сүрөттүн булагы, Aleksandr Kazakov/TASS
- Author, Илья Барабанов, Илья Абишев
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Владимир Путин орус армиясы "бардык фронттордо алдыга жылып жатат" деп ырастоодо. Журналист Павел Зарубинге берген маегинде ал Константиновка менен Лиман толугу менен басып алынганын, Украинанын Куралдуу күчтөрү Старый Оскол дарыясында курчоого алынганын жана Сума шаарына чабуул ийгиликтүү болгонун айтты.
Путиндин бул сөздөрү көз карандысыз байкоочулардын маалыматтарына дал келбейт: Константиновкада кармаш уланууда, Лиман Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө, Сума багытында кырдаал апрелден бери өзгөрүүсүз калууда, ал эми Оскол дарыясынын аймагында эч кандай курчоо жок.
Владимир Путин Украинанын аймактарын басып алуу боюнча орус армиясынын жетишкендиктерин биринчи жолу апыртып айтып жаткан жок: азыр ал орус армиясы Купянскини көзөмөлдөбөй турганын моюнга алды, бирок өткөн жылдын аягында бул шаар багынып бергенин эки жолу айткан болчу.
12-июнда Путин орусиялык аскерлер Запорожьеге жакындап калганын айткан эле.
Бирок 58-армиянын документтери жана көз карандысыз изилдөөчүлөрдүн маалыматтары бир нерсени ырастайт: Орусиянын Башкы штабынын бул багыттагы карталары чыныгы кырдаалдан өтө айырмаланып, бул райондо согушуп жаткан орус аскерлеринин өлүмү менен аякташы ыктымал деген тобокелдиктер өтө жогору.
Би-Би-Синин Орус кызматы штабдын документтери менен таанышып чыгып, армиянын фронт жөнүндөгү түшүнүгү чындыкка дал келбесе, ал кантип согушарын аныктады.
12-июнда Орусиянын күнүндө Эмгек баатырлары наамдарын ыйгарып, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып чыккан соң Орусиянын президенти Владимир Путин орус армиясынын чабуулчу жоокерлери менен жолугушту. Алардын бири менен президенттин сүйлөшүүсү көңүлдү бурат.
247-десанттык-чабуулчу полктун взвод командири, лейтенант Сергей Чувашов президентке шевронду белек катары берип жатып, буларды айтты: "Биздин батальондун бул шеврону менен биз өткөн жылы Запорожье облусунун Каменское жана Степовое калктуу конуштарын алдык жана бул бизден сизге чакан белегибиз болсун".
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
- Бул "Днепр" тобу да, ээ? - деп тактады Путин.
- Дал ошондой!
- Акырындык менен Запорожьеге жакындап баратсыңарбы?
- Дал ошондой!
- Ийгилик каалайм.
Бул маалымат көз карандысыз аскер адистеринен баштап z-каналдардын авторлоруна чейин таң калтырды, себеби орус армиясы Запорожьеге "жакын жологон да жок". Владимир Путин 2022-жылдын октябрь айында эле бул облусту кагаз жүзүндө Орусиянын курамына киргизип койгон (андан кийин Запорожье облусунун аталышы Орусиянын Конституциясында да пайда болгон), бирок орус армиясы беш жылдан бери бул жакка жетпей келет.
Тескерисинче, фронттун бул тилкесинде орусиялык аскерлердин чабуулу бир нече ай мурун токтоп, Украинанын Куралдуу күчтөрү Каменский менен Степовоенин түндүгүндөгү Степногорск айылына көзөмөлдү өздөрүнө кайтарып, Днепропетровск менен Запорожье облустарынын чек арасындагы айрым аймактарды бошото алышты.
Бирок "Днепр" тобуна кирген жана ушул багытта согушуп жаткан 58- жана 5-армиялардын аракеттерине тиешелүү даярдалган штабдык документтер эмне себептен Владимир Путин "Орусиянын армиясы бардык ыкчам багыттарда күн сайын алга жылууда" деген ишенимде турат деген суроого жооп берет.
Ишке аша элек чабуул
АКШнын Согушту изилдөө институтунун 2026-жылдын 13-июнундагы маалыматы боюнча, бул – Запорожье облусундагы фронттун бир участогу. Бул жерде Путин менен сүйлөшкөн лейтенант Чувашовдун айтымында, былтыр анын батальону Каменское жана Степовое калктуу конуштарына чабуул койгон. Бул участок Украинанын Deepstate долбоорунун картасы менен дээрлик толук дал келет. Deepstate согуш тилкесиндеги өзгөрүүлөрдү (бир аз кечигүү менен болсо да) чагылдырып турат.
Бирок штабдын карталарынын жана 58-армиянын коштоочу документтеринин маалыматтары боюнча, орусиялык аскерлер бул аймактан 9-апрелде эле 16-20 чакырым түндүккө кирип, эчак эле чыгып кеткен имиш.
Орусия тараптын расмий билдирүүлөрү штабдык карталар менен дал келет жана чыныгы кырдаалдан кескин айырмаланат.
Ошентип, орусиялык генералдардын маалыматы боюнча, алардын аскерлери Речное калктуу конушун ишенимдүү көзөмөлдөп турат – аны 30-январда "алышкан", Приморское конушунун алынышы менен Андрей Белоусов 2026-жылдын 15-февралында 108-полктун аскерлерин куттуктаган, ошол эле күнү Запасное жана Магдалиновка "алынган". Веселянка айылынын "багынып бериши" менен Белоусов 4-мартта 247-полктун аскерлерин куттуктаган эле. Ал эми маданий феноменге айланып калган Запорожье облусундагы Малая Токмачка айылынын алынышы менен Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов 2025-жылдын 17-ноябрында эле 42-мотоаткычтар дивизиясын куттуктаган. Ошол эле учурда көз карандысыз аскердик изилдөөчүлөрдүн маалыматына ылайык жана спутниктен алынган сүрөттөргө караганда, 2026-жылдын июнь айында орусиялык аскерлер бул айылды басып алган эмес деп айтууга болот.
Орусиянын Коргоо министрлигинин Запорожье облусундагы калктуу конушту басып алгандыгы тууралуу акыркы билдирүүсү 4-июнда чыккан. Анда министрлик Гуляйпольское айылы алардын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялаган эле. 9-апрелдеги штабдык картада фронт Малая Токмачканын түндүгүндө жайгашкан ушул айылдын чек арасынан өтөрү белгиленген. Башкача айтканда, Орусиянын штабдык картасынын бул участогу да "алынды" деп боёлгон.
Согушту изилдөө институтунун жана украиналык Deepstate долбоорунун карталары көрсөткөндөй, орусиялык аскерлер таштап кеткен Степногорскинин түндүгүндө жайгашкан бул калктуу конуштардын баары Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн ооругунда жайгашкан. Орус аскерлери азырынча аларга жакындаган да жок.
Коргоо министрлиги өз отчетторунда Орусиянын көзөмөлүндөгү аймактар катары белгилеп, штабдык карталарда "боёп" көрсөткөндөр менен ар кайсы жерлердеги фронттун реалдуу сызыгынын ортосундагы айырма 10дон 20 чакырымга чейин жетиши мүмкүн.
Сүрөттө: Владимир Путин 2022-жылдын октябрында эле Орусиянын курамына киргизип койгон Запорожьеге беш жылдан бери орус армиясы жете албай келет (сүрөттө: Запорожье облусундагы "Ураган" реактивдүү системасы).
Жалган маалыматтын кесепети
Орусиялык генералитеттеги мындай "көз боёмочулук" менен "Днепр" тобунун жетекчилиги гана алектенбейт. Мисалы, z-аскер кабарчысы Владимир Романов 14-июнда фронттун реалдуу сызыгы менен штабдык карталардагы сызыктардын ортосундагы ушундай дал келбестик жакында эле фронттун Константиновка тилкесинде да аныкталганын жазып чыккан.
"Текшерүүчүлөр чындап эле согуштук аракеттер жүргөн жерлерге барганда, 17 чакырымга чейин дал келбестик аныкталды. Мындай текшерүүнүн натыйжасында жергиликтүү командачылык эмне кылды дебейсиңерби? Ошол замат 40 адамды (анын ичинде дрондорду учурган операторлорду да) картада алынды деп "боёлгон" аймакка чабуул коюуга жөнөттү. 40 адам тең эки сааттын ичинде каза болду".
"Отчеттордо минтип апыртып, боло элек нерсе болду деп жазып, "көзөмөлдөгү аймактар" деп боёп коюу – мунун баары алдыга жылып бараткан орус аскерлерине пайда алып келбейт. Себеби, апыртып айтуу бир нече жолу кырдаалды туура эмес баалоого жана натыйжада көйгөйлөрдүн жаралышына алып келди", - деп эскертти 8-июнда "Рыбарь" каналынын автору Михаил Звинчук.
Орусия Украинага бастырып киргенден бери мындай апыртуу менен "Батыш" тобунун командачысы, генерал Сергей Кузовлев өзгөчө эсте калды. 2025-жылдын аягында ал Владимир Путинге анын аскерлери Купянскиге чабуул коюп, аны толугу менен көзөмөлгө алганын билдирип, бул үчүн генерал Орусиянын Баатыры наамын алган. Иш жүзүндө Купянскини ошол маалда Украинанын Куралдуу күчтөрү орусиялык аскерлерден тазалаган. Фронттогу кырдаалды калыс чагылдырган карталардын баарында бул шаардын урандылары азыр Украинанын көзөмөлүндө болгону көрүнүп турат.
Аягы көрүнбөгөн чабуул
2022-жылдын күзүндө эле Харьковдун чыгыш тарабында орус армиясынын оор жоготууларынан кийин британиялык тарыхчы жана аскердик эксперт Крис Оуэн армиянын офицерлери иш жүзүндөгү кырдаал жана өз бөлүгүнүн абалы тууралуу жетекчиликке калп айтышарын белгилеген.
"Мындай калптын кесепети орус аскерлери үчүн абдан оор болду. Кайсы жерге качан чабуул коюп, кантип коргонору тууралуу чечимдер жалган маалыматтын негизинде кабыл алынган. Бул көп сандаган жоокерлердин өлүмүнө жана жоготууларга алып келди",- деген Оуэн бул сөздөрүнө көптөгөн далилдерди келтирди.
Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал Конашенковдун күнүмдүк отчеттору 2022-жылы эле интернетте мемдерге айланган.
Конашенков эми телеэкрандарга чыкпай калганы менен, Орусиянын жогорку жетекчилигинин фронттогу кырдаал тууралуу түшүнүгү принципиалдуу түрдө өзгөргөн жок.
58-жана 5-армиялардын штабдык документтери менен таанышып чыккандан кийин аскердик бюрократия жоголбогону аз келгенсип, жетишкендиктер жөнүндөгү рапорттор мурдагыдан да катаал болуп калганын көрөбүз. Орусиялык аскерлер ар бир атылган снаряд боюнча отчет берүүгө тийиш, атуунун зарылдыгын негиздеп, анын жыйынтыгы тууралуу билдирүүгө тийиш. Эч ким отчетто туурасын жазгысы келбейт, "буйтап башка жакка түштү" же "кайда атылганын билбей калдык" дегиси келбейт. Тиешелүү графалардын көпчүлүгүндө: бута талкаланды/жок кылынды деген белги турат. Мындай отчеттор бардык фронттор боюнча кошулуп отуруп, жыйынтыктоочу баяндама жогорку жетекчиликтин колуна тиет.
Отчеттор үчүн карталарды "боёп чыгуу" согуш талаасындагы кырдаалды бурмалап көрсөтүүдө. Айталы (бул тууралуу көптөгөн орусиялык аскерлер жазып жатышат), согушуп жаткан бөлүктөрдүн штабдарында ар кандай карталар бар – отчеттор үчүн бир карта жана чындап согуштук аракеттер жүрүп жаткан жердеги кырдаал тууралуу башка карта болот. Бирок мунун өзү менен маселе чечилбейт.
Орус армиясы үчүн жагымсыз дагы башка кесепеттер бар:
иш-аракеттердин координациясы бузулууда. Мисалы, авиациянын командачылыгы "өз" аймагына, башкача айтканда, картада Орусиянын көзөмөлүндө деп белгиленген аймакка сокку уруудан баш тартууга жүйөлүү себептери болот. Ал эми согуш талаасындагы күчтөрдүн иш жүзүндө жайгашуусу менен азырынча тааныш болбогон, согуш жүрүп жаткан жерге эми гана которулган жоокерлер күтүлбөгөн жерден душман менен бетме-бет жолугат деген тобокелдик жаралат;
"насыяга" басып алынган калктуу конуштар тууралуу билдирүүлөр Украинанын Куралдуу күчтөрүнө орусиялык аскерлер күч-аракеттерин кайсы багыттарда топтоп жатканы тууралуу маалымат берип жатат, бул күтүүсүз жерден буктурмаларды уюштурууга мүмкүндүк берет;
орус армиясында эч кимге ишенбеген маанай күчөп баратат. Жетекчилик чыныгы кырдаалды билбегендиктен "айрым адамдар душман менен эмес, өздөрүнүн эле маалыматтык ресурстары менен күрөшүүгө аракет кылып жатышат" деп жазат "Два майора" каналы.
Орусиянын аскердик бюрократиясын учурдагы абал канааттандыргандай. Кандай болгон күндө да, орус армиясында карталарды жалгандан боёп коюу үчүн жаза алгандар дээрлик жокко эсе. Ал эми "кезектеги калктуу конушту көзөмөлгө алганы" тууралуу рапорттор үчүн сыйлыктар үзгүлтүксүз берилип турат. (ZMa)
































