Ысык-Көл жана Ош облустарында аскердик машыгуулар өтөт

Окуу убактысы: 1 мүнөт

21–23-апрель күндөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда, ошондой эле Ош облусунун Араван жана Өзгөн райондорунда "Коопсуздук-2026" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык окуу-машыгуусу өткөрүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен Би-Би-Сиге ырасташты.

"Буга байланыштуу Ысык-Көлдө Каракол шаарында, Ак-Суу жана Кызыл-Суу айылдарында 21.00дөн 07.00гө чейин коменданттык саат киргизилет",- деди Ысык-Көлдөгү облакимчиликтин басма сөз кызматкери Алина Ынтымакова.

Коргоо министрлиги Ош облусунда дагы Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын катышуусундагы, аскердик техника менен коштолгон машыгуу жарандар үчүн убактылуу ыңгайсыздыктар жаратышы мүмкүн экенин эскертти.

Расмий маалыматка ылайык, машыгуунун жүрүшүндө аскердик абал киргизилген шартта кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар аткарылып, резервдик күчтөр чакырылат.

Ошондой эле стратегиялык объектилерди кайтаруу жана коргоо, блок-постторду коюу иштери ИИМ бөлүмдөрү жана резервдик түзүлүштөр менен тажрыйбаланат.