You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Президент Ысык-Көлдө синтетикалык торлорду колдонбоого чакырды
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү соңку беш жылдан бери синтетикалык торлордон тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Фейсбук баракчасында өлкө башчысы бул ишке ИИМдин, ӨКМдин, Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери тартылып, жайы-кышы дебей, көл үстүндө торлоду тазалап жатканын жазды.
"Эмгектерин баалайлы. Тор салбайлы. Жаратылышты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп берели. Соң-Көл көлү менен Токтогул суу сактагычында да ушундай эле көрүнүш. Эл арасында "торлорду бажыдан өткөрбөй койбойсуңарбы" деген сын-пикирлер бар. Албетте, синтетикалык торлорду Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салынган. Бирок мурда алынып келинген торлордун арты бүтпөй жаткандай", - деп жазды Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы буга чейин сатып алган синтетикалык торлору бар жарандарды аны тийиштүү министрликтерге тапшырып берүүгө чакырды.
2026-жылдын үч айынын жыйынтыгы боюнча, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 13 900 метрди түзгөн мыйзамсыз синтетикалык торлор тартылып алынды.
Мыйзамсыз балык уулоо учурунда кармалган жарандардан кошумча 3 000 метр тор конфискацияланып, 300 даана балык Экологиялык-техникалык көзөмөл кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми алдын алуу иштеринин натыйжасында жарандар өз ыктыяры менен 31 даана кытай синтетикалык торду тапшырышкан.
Январь-февраль-мартта экологиялык багыттагы кылмыштар жана укук бузуулар боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 34 материал катталып, тергөө иштеринин жүрүшүндө Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелеринин негизинде төрт жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Жалпысынан 16 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, сот органдарына жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, аныкталган экологиялык кылмыштар боюнча жалпы суммасы 572 миң 086 сом өлчөмүндө өндүрүү боюнча доолор коюлган.