You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Милиция сабалды делген бөбөктүн окуясын териштирди
Коомдук сайттарда чоң апасы тарабынан сабалды делген бала тууралуу маалымат текшерилди. Бул тууралуу Би-Би-Сиге ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Расмий маалыматка ылайык, балага физикалык зомбулук чоң апасы тарабынан жасалбагандыгы аныкталды.
"Маалымат текшерилди, бала өзүнөн эки-үч жаш улуу бир тууган агасы менен уюлдук телефон талашып, агасы тарабынан көгала болгондугу аныкталды",- деди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча 17-апрелде маалымат берди. Ага ылайык, 10-апрель күнү ыкчам тергөө тобу 2022-жылы туулган баланын бети-башы көгала болуп жүргөнү тууралуу маалыматты териштирүү үчүн Аксы районунун Кызыл-Жар айылына барышкан.
Териштирүү учурунда баланын 42 жаштагы атасы жана 39 жаштагы апасы (экинчи топтогу майыптыгы бар үй-бүлө) эч кандай доосу жок экенин айтышып, 4 жашар наристени анын 6 жаштагы бир тууган агасы сабап койгонун белгилешкен.
"Баланын чоң энеси суралып, ал баласы 1984-жылы туулган Б.Ч.нын үй-бүлөсү менен жашаган жери жакын болгондуктан кабар алып тураарын айтып, 7-апрель күнү неберелери көчөдө ойноп жүргөнүн көрүп, ата-энеси талаа жумуштары менен үйдө жок болгондуктан аларга жолуга албай кеткенин билдирген. Жаш өспүрүм бала чоң энеси тарабынан ур-токмокко кабылды деген маалымат таркаткан Үч-Коргон айылынын жашоочусу 1990-жылы туулган Д. Г. 2026-жылдын 10-апрелинде 4 жаштагы М.У. көзү көгөрүп жүргөнүн көрүп, чоң энеси тарабынан ур-токмокко алынган деген маалымат таркатканын айткан. Ал эми Фейсбук баракчасына жазып чыккан Г.Д. аттуу жарандын билдирүүсү боюнча, чоң энеси тарабынан небересин урду деген маалымат тастыкталган эмес", - деп айтылат Жалал-Абад милициясынын маалыматында.
Буга чейин бөбөктүн бети-башы көгала болгон баланын сүрөтү жана ал чоң энеси тарабынан сабалды делген маалымат коомдук сайттарда тарап жаткан. Андай билдирүүлөрдө бала утур-утур зомбулукка кабылып келгендиктен кошуналары акыры бул тууралуу айтып чыгууга аргасыз болгону белгиленген.
Аталган үй-бүлөгө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция боюнча министрлиги да көңүлүн буруп, балдардын абалын текшерүүгө ала баштады.
ЮНИСЕФтин билдирүүсүндө, Кыргызстанда балдарды тарбиялоодо катаал чаралар колдонулган учурлар азайып баратканы ачык байкалганы менен жалпы жонунан ала келгенде көрсөткүчтөр кооптуу бойдон кала берүүдө. 2023-жылы көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөгө (MICS) ылайык, Кыргызстандагы балдардын 65% үйүндө тарбиялоонун катаал чараларына дуушар болушат. Психологиялык агрессия катаал жазанын эң кеңири таралган түрү болгонуна карабастан, балдардын 37% жакыны физикалык жазага кабылышат.