"Максаттары көп эле". Өзүнө ок атты делген жоокер каза болду

укпу

Сүрөттүн булагы, courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айдарбек Иляз уулу
Окуу убактысы: 2 мүнөт

"Эркештам" көзөмөл-өткөрүү пунктунда кызмат өтөп жатып, башынан октон жаракат алган аскер кызматкери Айдарбек Иляз уулу көз жумду. Бул тууралуу маркумдун тайжездеси билдирди. Анын сөөгү кечээ, 12-апрелде жерге берилди.

"Соңку үч жылдан бери келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан. Ипотека аркылуу үй алам деп кезекке турду эле. Аскерлерге тезирээк берет деп сүйүнүп жүргөн. Үйлөнөм деп жаткан. Ош мамлекеттик университетинде 2-курста окучу. Айдоочулук күбөлүк алган. Өтө жакшы бала эле. Сары-Таш деген айыл бүт кайгырып жатат. Бардык жагынан төп келген бала эле. Ата-энеси жаш кезинен ажырашып, 1-класстан тарта биз багып алганбыз. Төрт жыл мурун апасынын көзү өтүп кеткен", - деди тайжездеси Эркинбек Сатаров.

Бул арада өзүн Айдарбек Иляз уулунун жеңесимин деп тааныштырган келин кайниси эмне себептен өзүнө ок чыгарганы белгисиз болуп жактанын айтты.

"Сүйгөн кызы таштап кеткен үчүн атынып алыптыр деген имиш менен эле отурабыз. Бирок чындыгында кандай жагдайда атынганын териштире элекпиз. Балким, ишинде маселе болгондур. Бизге так маалымат айтылса жакшы болот эле. Ал өлөр алдында бир туугандары үчүн Whatsapp группа ачты. Группага "Мени чоңойтуп өстүргөнүңүздөргө ыраазымын, мен баарыңыздарды жакшы көрөм. Менин жашагым келбей калды" деп жазып коюптур. Мен үч мүнөттө байланыштым, бир чалсам албай, экинчисинде алды. Айдарбек, эмне болду десем, "жеңе, жашагым келбей калды" деди. Ошондо эле "тарс" деген үн угулду. Мен Айдарбек, Айдарбек деп эле кыйкырып калдым, кишилер жүгүрүп келгенин, "ок башына тийиптир, бинт алып келгиле" деген үндөрүн угуп жаттым. Ошондон башка эч нерсе билбейбиз. Биз эмне себептен өлгөнүн так билсек, күйүтүбүз бир аз басылат эле. Балким чыныгы себеби башкадыр? Агасы менен эжеси да тосмо арыз жазып берип коюптур. Жакында той болот, сөйкө алабыз деп сүйлөшүп жатканбыз. Ишти тыкыр иликтеп беришсе, жакшы болот эле. Телефонунда балким бирөөлөр менен жазышкан. Телефонундагы жазышууларды өчүрбөй, өзүбүзгө кайтарып беришсе деп суранабыз", -деди атын атагысы келбеген келин.

Мурдараак Алай райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Дайыр Адыров Би-Би-Сиге жоокердин жагдайды тууралуу буларды айтып берген:

"7-апрель күнү, кечки саат 20:55тер чамасында биздин Нура айылындагы филиалга башынан октон жаракат алган 22 жаштагы аскер кызматкери жеткирилген. Ал жерде биздин дарыгерлер дароо биринчи жардам көрсөтүп, дароо тез жардам бригадасы менен Гүлчө шаарындагы ооруканага жөнөтүлгөн. Биз Ош облустук ооруканасынан санавиация аркылуу кошумча дарыгерлерди алдырып, алар менен биргеликте түндө шашылыш түрдө операция жасалган. Бирок алган жарааты оор болгондугуна байланыштуу учурда Алай райондук жалпы практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүндө оор акыбалда жатат. Учурда акыбалы абдан оор деп бааланууда".

Аймакта иш сапар менен жүргөн саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов да жоокердин абалы менен таанышып, жакындары менен жолуккан болчу.

Аскер прокурорунун улук жардамчысы Эмир Бекжанов окуяга укуктук баа текшерүүнүн жыйынтыгы менен берилерин айткан.

Ал баштапкы маалыматтар боюнча жоокердин өзүн-өзү атып алганы аскер кызматына түздөн-түз байланыштуу эмес экенин кошумчалаган.

Чек ара кызматы 8-апрелде маалымат таратып, 2004-жылы туулган Айдарбек Илияз уулу аттуу аскер кызматкери АК-74 автоматы менен өзүн-өзү башка атканын кабарлаган.