Спутниктен алынган сүрөттөр: Израил Ливандын түштүгүндөгү шаарларды максаттуу түрдө талкалаганбы?

    • Author, Эмма Пенгелли, Мерлин Томас, Барбара Метцлер
    • Role, BBC Verify
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

16-апрелде Израил менен Ливандын лидерлери ок атышууну 10 күнгө токтотууну макулдашканы жарыяланды. Ага чейин Ливандын түштүгүндөгү шаарлар жана кыштактар Израилдин соккуларынын натыйжасында талкаланганын спутниктен алынган сүрөттөр жана видео кадрлар тастыктады. Аларды Би-Би-Синин верификациялоо бөлүмү – BBC Verify - алып, изилдеп чыкты. BBC Verify бөлүмүнүн материалдарды талдоосу көрсөткөндөй, 2-марттан бери 1400дөн ашуун имарат талкаланган.

Бул Израилдин аба соккуларынан келтирилген жалпы зыяндын жарым-жартылай гана көрүнүшү. Зыянды толук өлчөмдө баалоо кыйын, себеби окуялар болуп жаткан жерге да, ошону менен бирге спутниктен тартылган сүрөттөргө да жеткиликтүүлүк чектелүү. Келтирилген зыяндын чыныгы масштабы алда канча олуттуу болушу ыктымал.

Бул объекттер Израилдин коргоо министри Исраэл Кацтын 22-марттагы буйругунан кийин жок кылына баштаган. Кац "Хезболлага" каршы операциянын алкагында "Газанын модели" боюнча Израилдин чек арасына жакын жерлердеги "Ливан үйлөрүн талкалоону тездетүүгө" буйрук берген.

Бул шаарларды жана кыштактарды системалуу түрдө жок кылуу "согуштагы кылмыш" категориясына кирип калышы мүмкүн. Бул тууралуу BBC Verify бөлүмүнө эл аралык укук боюнча эксперттер айтышты.

Израилдин Коргонуу армиясы операцияны эл аралык гуманитардык ченемдерге ылайык жүргүзүп жатканын жана ыкчам аскердик зарылчылык болбосо, имараттарды талкалоого жол бербестигин билдирген.

ЦАХАЛ ошондой эле "Хезболла" аймактагы жарандык райондордун ичине аскерий инфраструктураны жайгаштырып жатканын кошумчалаган. Бирок ЦАХАЛ бул сөздөрүнө далил берген эмес.

2-мартта Иран колдоп келген "Хезболла" куралдуу тобу Израилге ракеталарды жана дрондорду учурган. "Хезболла" бул Израил менен АКШнын биргелешкен операциясында Ирандын жогорку лидеринин өлтүрүлүшүнө жооп болгонун билдирген.

ЦАХАЛ Ливандын аймагына бир катар сокку уруу менен жооп кайтарып, "Хезболланын" инфраструктурасын бутага алганын ырастап, өлкөнүн түштүгүнө бастырып кирген.

2-мартта ЦАХАЛдын өкүлү чек арага жакын жашаган ливандыктарды үйлөрүн таштап кетүүгө чакырган. Бир нече күндөн кийин эвакуациялоо аймагы кеңейтилген болчу. Адегенде Литани дарыясынын түштүгүндөгү (чек арадан 30 чакырымдай алыс жайгашкан) калктуу конуштардын тургундары, андан кийин Захрани дарыясынын түштүгүндө (чек арадан 40 чакырымдай алыстыкта) жашагандар эвакуацияланган.

16-мартта ЦАХАЛ Израилдин аскерлери Ливандын түштүгүндө шииттердин саясий жана аскердик уюмуна – "Хезболлага" каршы жердин үстүндө операция баштаганын билдирген.

БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгынын (OCHA) маалыматына ылайык, Ливан боюнча 1,2 миллиондон ашык адам, анын ичинде өлкөнүн түштүгүндө 820 миң адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. ОСНА Ливандагы согуш көптөрдү түндүктөгү райондорго жер которууга же Сирияга качууга мажбур кылганын белгиледи.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги согуш башталгандан бери 2 миңден ашуун адам өмүрү менен кош айтышканын билдирди. Израилдин бийлиги "Хезболланын" чабуулдарынан соңку алты аптада 13 аскер жана эки карапайым тургун набыт болгонун маалымдады.

Бүгүнкү күндө Ливандын тоолуу чек ара боюндагы шаарлары менен кыштактары таанылгыс болуп өзгөрдү. Бир кездери бул таштан курулган үйлөр тизилген көчөлөр эми жер менен жексен болуп, боз чаңдын алдында калганын көрүүгө болот.

Исраэл Кацтын чек арадан Литани дарыясына чейин созулган, Израил көзөмөлдөгөн "коопсуздук зонасын" түзүү планы Ливандын аймагынын 10 пайызга жакынын камтыйт. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул "бастырып кирүү коркунучун алдын алуу" үчүн зарыл деп билдирди.

Текшерилген видео материалдарды жана спутниктен алынган сүрөттөрдү талдоонун негизинде BBC Verify чек аранын боюнда бери дегенде жети шаар жана кыштак талкаланганын аныктады.

Чек арадан 4 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Тайбех шаары өзгөчө талкаланды. Текшерүүдөн өткөн 11 видеодо шаардын бүтүндөй бир райондору бир маалда жардырылганын көрүүгө болот.

28-февралда жана 11-апрелде спутниктен алынган сүрөттөрдү салыштыра келгенде, ал жерде 400дөн ашуун имарат, анын ичинде мечит талкаланганын көрөбүз.

Башка видео кадрлардан Хиам шаарында, Кузах, Дейр-Серьян, Маркаба жана Айта аш-Шааб кыштактарында имараттар бир маалда талкаланганын көрүүгө болот.

Айта аш-Шаабда эле 460тан ашык имарат талкаланган. "Кыштактын спутниктен тартылган сүрөттөрүнөн да экскаваторлорду жана брондолгон техниканы көрүүгө болот", - дейт MAIAR аналитикалык компаниясынын негиздөөчүсү Тони Ривз.

Эн-Накура шаарында Израилдин бомба жардыруусунан Ливандын түштүгүндөгү БУУнун тынчтык орнотуучулар миссиясынын баш кеңсеси жабыркады.

БУУнун Ливандагы Убактылуу күчтөрүнүн (UNIFIL) өкүлү Кэндис Ардиэл апрелдин башынан бери бүтүндөй имараттар туруктуу негизде талкаланып жатканын билдирди.

Спутниктен алынган сүрөттөрдү талдоо көрсөткөндөй, акыркы апталарда Эн-Накурада бери дегенде 100 имарат талкаланган.

Ардиэлдин айтымында, UNIFIL'дин баш кеңсесинин бет маңдайындагы имараттардын көбү жер менен жексен болду. Ал шаардагы кыйроонун масштабын "чындап жүрөк оорутарлык" деп баалады.

"Бул жөн эле имараттар эмес, бул – бүтүндөй бир жамаат", - деп кошумчалады ал.

Имараттарды атайылап талкалоо Израилдин армиясы үчүн жаңы тактика эмес. Буга чейин эле – 2023-жылдын 7-октябрында Израил бул тактиканы ХАМАСтын Израилге кол салуусунан кийин башталган согуш маалында Газа тилкесинин олуттуу аймактарында колдонгон.

"7-октябрда Израил менен "Хезболланын" согушу башталганда эле Израилде чөлкөмдөгү күчтөрдүн тең салмактуулугун кайра карап чыгуу стратегиясы бар экени айкын болгон", - деди Chatham House аналитикалык борборунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча программасынын директорунун орун басары Ренад Мансур.

Укук боюнча бир нече эксперттер BBC Verify бөлүмүнө аскердик зарылчылык болбосо, менчикти талкалоого эл аралык гуманитардык ченемдер кескин тыюу саларын билдиришти.

Оксфорд университетинин профессору, глобалдык коопсуздук жана эл аралык укук боюнча эксперт Янина Диллдин айтымында, "зарылдык" критерийи жөн гана аскердик максатка ылайыктуулугуна же пайдага караганда алда канча катаал болот: "Бул узак мөөнөттүү улуттук коопсуздуктун өзөгү катары бүтүндөй бир кыштактарды жок кылыш керек дегенди билдирбейт".

Мындан тышкары Израилдин Демократия институтунун укук боюнча эксперти Ювал Шани кайсы имараттар аскердик мааниге ээ экенин аныктоо үчүн ар бир учурга жекече баа берип чыгыш керектигин белгиледи.

Анын айтымында, айрым жарандык имараттар аскердик максатта колдонулушу мүмкүн болгон күндө да бул "чек аранын боюнда буфердик зоналарды түзүү боюнча кеңири саясатты актабайт".

БУУнун террорчулук менен күрөш маселелери жана адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы, профессор Бен Саулдун айтымында, "Ливандын түштүгүндө, Бейруттун айрым райондорунда Израилдин турак жайларды кеңири масштабда талкалап жатканы эл аралык гуманитардык укукту бузат".

Ливандын түштүгүндө калктын басымдуу бөлүгүн шиит мусулман жамааттары түзөт, бирок ал жакта башка топтордун өкүлдөрү, анын ичинде христиандар да жашайт.

"Айрым жерлерде чабуулдардын мүнөзү негизинен шииттер жашаган кыштактарды "тазалоодой" көрүнүп жатат, бул иш жүзүндө "Хезболланын" согушкерлери да аралашып жүргөн карапайым калкты жамааттык түрдө жазалгандай болуп жатат", - деди Саул.

Буга жооп кайтарып, Израилдин Коргонуу армиясы "ЦАХАЛ карапайым калкты, жамааттарды жазалап, жарандарды диний же секталык көз карашы үчүн бутага алуу максатында иш алып барууда деген ар кандай божомолдор толугу менен жалган" деп билдирди.

Бристол университетинин Эл аралык укук борборунун тең директору, доктор Лоуренс Хилл-Которн жарандык объектилер бутага алынбашы керек деген талап "укуктун негизги жобосу" экенин баса белгиледи.

"Хезболланы" оздуктоо максатында буфердик зонаны түзүү үчүн Ливандын түштүгүндөгү шаарларды жана кыштактарды толугу менен жок кылуу зарыл деген ырастоону эч актоого болбойт", - деди ал.

"Израилдин Ливанга ачкан согушун "Хезболланын" чабуулдарынан өзүн-өзү коргоо катары караган күндө да, анын иш-аракеттери өзүн-өзү коргоонун чегинен кыйла эле чыгып кеткендей болууда", - деди эксперт. (ZMa)

Макаланы даярдоого Пол Браун жана Адам Дербин көмөктөштү.