Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сомдон берилет

getty

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине президенттин фондунан почта чыгымдарын эсепке алуу менен 4 миллион 848 миң сом бөлүү тапшырылды.

Аталган бир жолку материалдык жардам 200 миң сом өлчөмүндө төмөнкү категориялар боюнча төлөнөт:

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;

– Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдар;

– 941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, «За оборону Ленинграда» медалы менен сыйланган адамдар жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйланган адамдар.

Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери жашайт.

Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусу согушка кеткен. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашуун кыргызстандык жjокер согушта курман болгон.

Кыргызстандан барган канча жоокердин дайыны табылбай калганы тууралуу так маалымат жок.