Түндүк Кипрде жүргүнчү ташыган паром чөгүп кетти. Сегиз адам каза болду, 20дан ашыгы дайынсыз

Сүрөттүн булагы, Reuters TV
- Author, Отдел новостей
- Role, Русская служба Би-би-си
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын бийлиги Кирения портунан Түркиянын Ташужу шаарына жөнөп, көп өтпөй чөгүп кеткен паромдогу 20дан ашык жүргүнчүнү издеп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча, борттогу 267 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрүнүн 237си куткарылган, сегиз адам каза болгон.
Түндүк Кипр менен Түркиянын ортосунда күн сайын каттаган Filojet катамараны жергиликтүү убакыт боюнча 30-август күнү саат 12:30дар чамасында порттон чыккандан көп өтпөй өзүн башкара албай калган. Натыйжада кеме болгону алты чакырым сүзүп, андан соң оодарылып кеткен.
Куткарылган жүргүнчүлөрдүн бири Эфе Мултичи CNN Türk телеканалына маек берип жатып мындай деди:
"Кеме абдан начар сүзүп бараткан. Ал улам суудан көтөрүлүп, анан кайра ылдый түшүп, аябай силкинди. Үч-төрт мүнөттөн кийин паром капысынан асманга көтөрүлүп кеткендей болуп, кайра сууга катуу кулады. Ошондо кеменин алдыңкы сол капталында жарака пайда болуп, ал жерден суу күргүштөп кире баштады".
Түндүк Кипрдин премьер-министри Үнал Үстелдин айтымында, катамаранга эки күчтүү толкун урунган. Капитан биринчи толкун ургандан кийин кемени кармап калууга аракет кылган, бирок экинчи толкундан кийин кемени суу каптай баштаган.
Тик учактардан тартылган кадрларда адамдар куткаруучу жилеттерин кийип, суунун үстүндө калган корпустун кичинекей бөлүгүндө отурганын көрүүгө болот. Бирок CNN телеканалы менен байланышкан жүргүнчүлөрдүн бири айрым адамдар куткаруучу жилетсиз эле сууга секирүүгө аргасыз болгонун айтып берген.
Бир нече сааттан кийин, кемедеги адамдардын баары эвакуацияланып, деңизден куткарууга мүмкүн болгон адамдардын бардыгы чыгарылган соң, паром толугу менен чөгүп кеткен. Маалыматка караганда, кырсык болгон жерде деңиздин тереңдиги 514 метрди түзөт.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кырсык тууралуу белги түшкөндөн кийин окуя болгон жерге жүргүнчү ташыган кемелердин бири, Түндүк Кипрдин чек ара кызматынын төрт күзөт катери, Түркиядан дагы ушундай беш кеме жана эки тик учак шашылыш жөнөгөн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Биз 237 адамга жеттик, бирок каза болгон жети адамдын сөөгүн да алып чыктык. Бул бизди абдан кайгыга салды, — деп билдирген буга чейин Түндүк Кипрдин лидери Туфан Эрхурман. — Азырынча 23 адамга жете элекпиз. Издөө-куткаруу топтору аларды табуу үчүн кызуу иштеп жатышат. Эгер бул адамдар дагы деле кеменин ичинде болсо, аларга жетүү, сыягы, оңой болбойт".
Кийинчерээк каза болгондордун саны сегизге жеткени маалым болду. Ошондой эле кеменин капитаны жана экипаждын жети мүчөсү кармалганы белгилүү болду.
Өзүн-өзү республика деп жарыялаган Түндүк Кипрдин транспорт министри Эрхан Арыклы Түркиянын TRT телеканалына билдиргендей, 161 адам ооруканага жеткирилген, 76 адам медициналык жардамга муктаж болгон эмес.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган куткаруу иштери үзгүлтүксүз уланып жатканын билдирди.
"Кырсык болгондон дароо эле Түндүк Кипр Түрк Республикасынын бийлиги менен биргеликте масштабдуу издөө-куткаруу операциясын баштадык", — деди ал.
Ишемби күнү Кипрде катуу бороон болгон. Бийликтин маалыматына караганда, жекшемби күнү аба ырайы деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк берген. Кипрдин премьер-министри билдиргендей, чөгүп кеткен паром ишемби күнү Түркияга жөнөшү керек болгон, бирок аба ырайынын начардыгынан каттам кийинкиге жылдырылган.
































