Арменияда өлкөнүн мурдагы президенти Роберт Кочарян кармалды

ыв

Сүрөттүн булагы, Alexander Patrin/TASS

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу жана өзгөчө ири өлчөмдө акчаны адалдоо боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалды. Тергөө соттон аны камакка алууну өтүнөрү айтылды. Мурдагы президенттин кеңсеси Кочаряндын кармалышын "бийликтин Кочарянга жана анын үй-бүлөсүнө каршы кезектеги чабуулу" деп атады.

Шейшемби күнү эртең менен 71 жаштагы Кочарян кармалып, Коррупцияга каршы күрөшүү комитетине жеткирилген. Ал жерде ага айыптар тагылганын анын адвокаты Арам Орбелян билдирди.

Коррупцияга каршы күрөшүү комитети бул маалыматты ырастап, Кочаряндын жана анын уулу, оппозициялык "Армения" блогунун депутаты Левон Кочаряндын үйлөрүндө тинтүү жүрүп жатканын билдирди.

"Армениянын Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында ондогон даректе тинтүү жана башка процессуалдык аракеттер жүргүзүлүүдө", - деди комитеттин басма сөз катчысы Марина Оганжанян News.am басылмасына.

Көп өтпөй Армениянын Башкы прокуратурасы Кочарянга кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу жана өзгөчө ири өлчөмдө акчаны адалдоо беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Прокурор мурдагы президенттин уулу Седрак Кочарянды кошкондо дагы тогуз адамга кылмыш ишин тергей баштаган.

Кочарян биринчи жолу камалып жаткан жок

Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин версиясы боюнча, Кочарян 1998–2008-жылдары президент болуп турганда башка адамдар менен сүйлөшүп алып, мамлекеттик мүлктү өзүнө, ошондой эле өзүнө байланыштуу адамдарга жана компанияларга өткөрүп берген. Мүлк аукцион өткөрүлбөстөн жана базар баасынан кыйла төмөн баада берилген.

Мурдагы президенттин кеңсеси анын кармалышына комментарий берип жатып, "бийликтин президент Кочарянга жана анын үй-бүлөсүнө каршы кезектеги чабуулу башталганын" билдирди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кочарян уулу Левон менен премьер-министр Никол Пашинян парламентте кайым айтышкандан бир күн өткөндөн кийин кармалды. Пашинян Кочаряндын үй-бүлөсүн элдин эсебинен байыган деп айыптап, "уурдалган миллиондордун" мураска өтүшүнө жол бербей турганын айтты. Буга жооп катары мурдагы президенттин уулу премьер-министрди тандалма сот адилеттигин жүргүзүп жатат деп айыптады.

Кочарян 1998-жылдан 2008-жылга чейин Армениянын президенти болгон. 2018-жылдын июль айында ага 2008-жылы конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган деген айып тагылып, камакка алынган. Тактап айтканда, ага президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы акцияларды күч менен таратууга катыштыгы бар деген айып коюлган. Ал окуяларда кеминде 10 адам каза болгон.

Мурдагы президент бир нече жолу камактан бошотулуп, кийин кайра камакка алынган. 2019-жылдын июль айында Армениянын Конституциялык соту Кочарянга каршы иш боюнча өндүрүштү токтотуу чечимин кабыл алган.

2021-жылы Кочарян парламенттик оппозициялык "Армения" блогун жетектеп калган. Блок быйыл июнь айында өткөн парламенттик шайлоодо 9,92% добуш алып, 12 мандатка ээ болгон.

Июнь айында Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы президентти кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Кочаряндын адвокатынын айтымында, иш билим берүү мекемесинин мүлкүн ажыратууга байланыштуу болгон. Кочаряндын жактоочулары мүлктү ажыратуу тууралуу чечимди ал мүчө болбогон өкмөт кабыл алганын айтып, мурдагы президенттин күнөөсү жок экенин белгилешкен.