11 жаштагы британиялык кыз тарыхтагы эң жаш гроссмейстер аталды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Британиялык 11 жаштагы шахматчы Бодхана Сиванандан аялдар арасында тарыхтагы эң жаш гроссмейстер болду.
Эл аралык шахмат федерациясы (ФИДЕ) билдиргендей, Сиванандан гроссмейстер наамын алуу үчүн талап кылынган үч норманын акыркысын да аткарды. Ал Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн 46-Шахмат олимпиадасында Англиянын курамында ойногон.
Лондондун түндүк-батышында жашаган мектеп окуучусу буга чейин Британиянын эң жаш шахмат чемпиону болуп, ошондой эле спорттун кайсы түрү болбосун эл аралык мелдеште Англиянын атынан чыккан эң жаш оюнчу болуп калган.
Самарканддагы олимпиадада Сиванандан Англиянын курамасынын биринчи тактасында бардык 11 партияны ойноду. Адатта биринчи тактада команданын эң күчтүү шахматчысы ойнойт.
Ал турнирде сегиз упай топтоду: алты партияда жеңишке жетип, төртөөндө тең чыгып, бир партияда жеңилди.
Буга чейин Сиванандан шахматчы аялдар арасында гроссмейстер наамын алуу үчүн зарыл болгон 2300 рейтингдик упайга да жеткен.
"Бул ийгиликке жетишкениме абдан кубанычтамын. Бирок муну менен эле токтоп калбай, мындан ары дагы тарыхый жетишкендиктерге жетишким келет", — деген ал ФИДЕге берген маегинде.
"Мага саякаттоо жагат. Азырынча мектепте толук күн окугандыктан, бул сапарлар мага абдан пайдалуу. Анткени алардын алкагында мектептеги көптөгөн долбоорлорго байланыштуу иштерди да жасайм", — деп кошумчалаган Сиванандан.
Буга чейин аялдар арасында эң жаш гроссмейстер наамын Екатерина Лагно алган. Ал алгач Украинанын атынан чыгып, кийин Орусиянын жарандыгын алып, Орусия үчүн ойной баштаган. Лагно бул наамга 12 жашында жеткен.
Кытайлык шахматчы Хоу Ифань да аялдар арасында гроссмейстер наамын 12 жашында алган.
Кийин, 14 жашында, Хоу Ифань эркектерге да, аялдарга да берилүүчү жалпы гроссмейстер наамын алган. Ал бул наамды алган тарыхтагы эң жаш аял шахматчы бойдон калууда.
Аялдар арасындагы гроссмейстер наамы — жалаң гана аял шахматчыларга берилүүчү эң жогорку наам.
Локдаундан кийинки ийгиликтүү карьера
Сиванандандын атасы буга чейин Би-Би-Сиге берген маегинде кызынын шахматка болгон талантын кимден өткөнүн түшүнбөй турганын айткан. Анткени ал да, жубайы да шахматты жакшы ойной алышпайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Шахматчы кыздын карьерасы абдан тез өнүккөн. Ал шахмат ойноону алгач COVID-19 пандемиясынан улам киргизилген локдаун учурунда өз алдынча үйрөнгөн. Ал эми 2021-жылдын июль айында Лондондун Харроу районундагы шахмат клубунда өткөн биринчи турниринде катышкан.
Бир жылдан кийин, жети жашында, мектеп окуучулары арасындагы Европа чемпионатында 24 оюндун баарында жеңишке жеткен.
2023-жылы Хорватияда өткөн рапид жана блиц боюнча Европа чемпионатында гроссмейстерге утулбай, аны менен тең чыккан эң жаш шахматчы болгон.
Кийинки жылы, тогуз жашында, Будапештте өткөн Шахмат олимпиадасында Англиянын курама командасына кирген. Ошондо Англиянын шахмат федерациясы Сиванандан спорттун кайсы гана түрү болбосун, Англиянын атынан эл аралык мелдешке катышкан эң жаш адам болгонун билдирген.
Өткөн жылы, 10 жашында, Сиванандан гроссмейстерди жеңген эң жаш шахматчы аталды. Ал Британия чемпионатында Питер Уэллсти жеңген.
Ал эми быйыл июль айында Францияда өткөн Dole Open турниринде эл аралык мастер наамы үчүн биринчи нормасын аткарган.
Ошондой эле ал гроссмейстер Марк-Андриа Мауриццини жеңип, классикалык шахматта рейтинги 2600дөн жогору болгон оюнчуну уткан эң жаш шахматчы болуп калды.

































