АКШнын блокадасынын шартында Ирандын Кытайга темир жол каттамы өлкөгө жардам бере алабы?

Иран Кытайдан темир жол аркылуу жүктөрдү жеткирүү убактысын эки эседен ашык кыскартты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран Кытайдан темир жол аркылуу жүктөрдү жеткирүү убактысын эки эседен ашык кыскартты.
    • Author, Сарбас Назари
    • Role, BBC Monitoring
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Иран деңиз аркылуу жүк ташуунун үзгүлтүккө учурашы салттуу соода байланыштарына кысым жаратып жаткан шартта түндүк чек аралары аркылуу альтернативдүү соода каттамдарын кеңейтүүдө. Ирандын Сооданы өнүктүрүү уюмунун жогорку кызматтагы өкүлү Кытайга кеткен темир жол коридору жүктөрдү жеткирүү убактысын кыйла кыскартканын билдирди.

Бирок АКШнын катуу деңиз блокадасынын шартында бул каттамдын өткөрүү мүмкүнчүлүгү деңиз ташууларына салыштырмалуу чектелүү. Мындан тышкары, чек аралардагы тоскоолдуктар жана темир жолдордун рельс кеңдигинин айырмасы да көйгөй жаратууда. Иран ошондой эле үзгүлтүккө байланыштуу азык-түлүккө, дары-дармектерге, медициналык жабдууларга жана өндүрүшкө керектүү ресурстарга артыкчылык берип жатат. Бул кургактыктагы каттамдар өлкөнүн деңиз соодасына болгон көз карандылыгынын ордун канчалык деңгээлде толтура алат деген суроону жаратууда.

Темир жол каттамы кандай иштейт?

Ирандын Сооданы өнүктүрүү уюмундагы эл аралык бизнести өнүктүрүү боюнча орун басар Амир Рошанбахш Ганбари Иран менен Кытайды байланыштырган темир жол коридору айрым "көйгөйлөргө жана тоскоолдуктарга" карабастан, бир нече айдан бери иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, соодагерлер бул каттамды эки багытта тең колдонууда.

25-сентябрда Tasnim маалымат агенттигине берген маегинде Канбари Иран менен Кытайдын ортосунда деңиз аркылуу ташылган товарлар 45–50 күндө жетсе, темир жол аркылуу бул мөөнөт болжол менен 15 күнгө чейин кыскарганын айтты.

Анын айтымында, жеткирүү мөөнөтүнүн 35 күнгө кыскарышы соода үчүн "олуттуу артыкчылык" болуп, товарларды тезирээк ташууга шарт түзөт.

Каттам Ирандын борбордук бөлүгүндөгү Йезд провинциясында жайгашкан Пешгаман кургак портунан башталып, Исфахандагы кургак порт аркылуу өтөт. Андан ары Түркмөнстан жана Казакстан аркылуу өтүп, Кытайдын ички бөлүгүндөгү Иу портуна жетет.

Канбаринин айтымында, бул каттамдын тандалышына Ирандын соода процедуралары буга чейин эле Шанхай менен байланышта экени да себеп болгон. Ошондуктан соодагерлер учурдагы механизмдерге олуттуу өзгөртүү киргизбестен эле бул каттамды пайдалана алышат.

Бирок ал темир жол өткөрүү мүмкүнчүлүгү жагынан деңиз транспорту менен тең тайлаша албасын мойнуна алды. Анын айтымында, бир поезд болжол менен 1 миң тонна жүк ташыйт, ал эми кемелер мындан кыйла көп жүк ташый алат. Бул айырмачылык темир жол аркылуу жүк жөнөтүүгө кезек пайда болушуна алып келген.

Артыкчылыктары жана чектөөлөрү кандай?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Каттамдагы дагы бир тоскоолдук - анын айрым бөлүктөрүндөгү темир жол рельстеринин кеңдигинин айырмасы.

Канбари билдиргендей, Түркмөнстан жана Казакстан аркылуу өтүүдө айрым жерлерде контейнерлерди башка вагондорго которууга туура келет. Бул процесстен улам кечигүүлөр пайда болууда. Иран бийлиги бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатат.

Иран ошондой эле чыгымдарды азайтуу үчүн жүктөрдү эки багытта ташууну уюштурууга аракет кылууда. Буга чейин Иранга товар жеткирилгенден кийин контейнерлер бош кайтып, бул соодагерлер үчүн кошумча чыгым жаратчу.

Канбаринин айтымында, акыркы жети-сегиз айдагы аракеттердин натыйжасында ирандык экспортчулар контейнерлерге кайра кайтар жолдо жүк жүктөй башташкан. Бул айрым чыгымдарды азайткан. Бирок темир жол аркылуу ташуу деңиз транспортуна караганда дагы эле кымбатыраак.

"Иран бир гана каттамга таянбашы керек. Жаңы соода артерияларын түзүү үчүн темир жол, автоунаа жана деңиз транспортун бир эле учурда колдонушу зарыл", - деп баса белгиледи расмий өкүл.

Иран зарыл товарлардын жеткирилишин кантип камсыздап жатат?

Альтернативдүү каттамдарды издөөгө Ирандын деңиз соодасында жаңжалдан жана АКШнын блокадасынан кийин олуттуу тоскоолдуктар пайда болгону себеп болууда.

Сентябрдын башындагы Reuters агенттигинин маалыматына караганда, санкциялар Перс булуңу аркылуу ташууларды чектегендиктен, Ирандын мунай экспорту кескин төмөндөгөн. Бул өлкөнүн негизги мунай кардары болгон Кытайга жасалган жеткирүүлөргө да таасир эткен.

Күн сайын адатта болжол менен 20 млн баррель мунай жана мунай продуктулары өтүүчү Ормуз кысыгында коммерциялык жүк ташуулардын көлөмү да кескин азайган. АКШнын Энергетика боюнча маалымат башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын экинчи чейрегинде кысык аркылуу өткөн агым суткасына 4,9 млн баррелге чейин төмөндөгөн. 2025-жылы бул көрсөткүч болжол менен 21 млн баррель болгон.

Ушундан улам Иран товарларды ташууну улантуу үчүн Борбор Азия жана башка түндүк коңшулары аркылуу өтүүчү кургактыктагы альтернативдүү жолдорго көбүрөөк кайрыла баштады. Бирок бул каттамдар өткөрүү мүмкүнчүлүгү жагынан деңиз соодасынын ордун баса албайт.

Канбаринин айтымында, "акыркы окуялардан" кийин өзгөчө маанилүү импорттук товарларды аныктоо үчүн атайын шашылыш комитет түзүлгөн. Алардын катарына азык-түлүк, дары-дармектер, медициналык жабдуулар жана өндүрүшкө керектүү ресурстар кирет.

Анын айтымында, учурда импорттоочуларга болжол менен 2 500–2 800 тарифтик код боюнча товар алып кирүүгө уруксат берилген. Бекитилген тизмеге кирбеген товарларды импорттоого болбойт.

Темир жол Ирандын узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыздай алабы?

Темир жол каттамы Ирандын деңиз каттамдары кысымга кабылып турган учурда Кытай менен сооданы улантуу жана зарыл товарлардын жеткирилишин камсыз кылуу боюнча кеңири аракеттердин бир бөлүгү болуп саналат.

Жүктү жеткирүү мөөнөтүнүн кыскарышы артыкчылык бергени менен, көйгөйлөр да көп. Каттамдын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелүү болушу, чек арадагы тоскоолдуктар, санкциялардын уланышы, ошондой эле Кытайдын өзүнүн кызыкчылыктары менен чыгымдарды жана мүмкүн болуучу артыкчылыктарды эске алуусу Ирандын бул альтернативдүү каттамды экономика үчүн олуттуу таянычка айлантуу аракетин чектеп турат.

Каттам аркылуу акырында канча көлөмдө жүк ташууга болору азырынча белгисиз. Бул альтернативдүү каттамдар өлкөнүн соода системасын чындап туруктуу кыла алабы же салттуу түрдө деңиз соодасына көз каранды болгон экономика үчүн кымбатка турган убактылуу чечим бойдон калабы деген суроо азыр Иран үчүн чоң маселе.