"Жоопкерсиздик, шалаакылык, көз боёмочулук". Аскерлердин өлүмүнөн кийин Казакстандын президенти коргоо министрин кызматтан алды

Деңизге агып кеткен кызматкерлердин үчөө гана куткарылды.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Деңизге агып кеткен кызматкерлердин үчөө гана куткарылды.
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Казакстанда аскердик машыгуу учурунда 14 аскер кызматкеринин каза болушу өлкөнүн коргоо министринин алмашуусуна алып келди. Президент Касым-Жомарт Токаев машыгууну уюштурган аскер жетекчилигин сынга алып, аны даярдаган колбашчылар да, бүтүндөй аскер тармагы да текшерилерин билдирди.

24-сентябрда Казакстандын түштүк-батышындагы Маңгыстау облусунда, Каспий деңизинде аба ырайы бороон-чапкын болуп турганда, десанттык кемеден түшүрүү учурунда 17 аскер кызматкери сууга чөгүп кеткен.

Маалыматка караганда, алар Каспий деңизинде бороондуу аба ырайы учурунда десанттык кемеден бир метр тереңдиктеги сууга түшүрүү ыкмасын аткарып жатканда деңизге агып кеткен.

Үч аскер кызматкерин гана куткарууга мүмкүн болгон.

Токаевдин айтымында, аскер кызматкерлеринде куткаруучу жилеттер болгон эмес. Каза болгондордун көпчүлүгү 18 жаштан 23 жашка чейинки мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан катардагы матростор болгон.

Жекшембиде президент Токаев өз жарлыгы менен коргоо министри Даурен Косановду кызматтан бошотту. Ошондой эле ал Коргоо министрлигинин жетекчилиги менен кеңешме өткөрүп, анда жаңы министрди тааныштырды. Бул кызматка буга чейин атайын багыттагы күчтөрдү жетектеп келген Айдос Мырзахметов дайындалды.

Косанов коргоо министри болуп бир жыл үч ай иштеген. Бул мезгилде аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген бир нече өзгөчө кырдаал катталып, аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан жоокерлердин өз жанын кыюуга аракет кылган учурларына байланыштуу чыр-чатактар чыккан.

Буга карабастан, Токаев сентябрда Казакстандын жаңы өкмөтү түзүлгөндө Косановду кайрадан коргоо министри кылып дайындаган.

"Армиядагы көп жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөр жетекчилик тарабынан жылдан жылга чечилбей, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө доо кетирип жатат. Буга чейинки трагедиялардан эч кандай сабак алынган эмес. Бул машыгуунун планын ким иштеп чыгып, ким бекиткен? Башкы штабдын ролу жана координациясы кандай болгон? Эмне үчүн машыгууда Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысы болгон эмес? Жоопкерсиздик, шалаакылык, көз боёмочулук кадимки көрүнүшкө айланды", - деп Токаевдин сөзүн Казакстандын телеграф агенттиги келтирди.

Тергөө жана кармоолор

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жума күнү аскер кызматкерлеринин өлүмүнө байланыштуу иштин алкагында өлкөнүн Коргоо министрлигинин кызмат адамдары кармалганы белгилүү болду. Кылмыш иши оор кесепеттерге алып келген кызматтык шалаакылык жана кеме жүргүзүү эрежелерин бузуу беренелери боюнча козголгон.

"Кызматка шалаакы мамиле кылуу жана оор кесепеттерге алып келген кеме жүргүзүү эрежелерин бузууга байланыштуу кылмыштарга шектелип, Казакстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку жана улук командалык курамындагы жооптуу кызмат адамдары кармалды", - деп билдирген өлкөнүн Ички иштер министрлиги.

Кармалгандардын арасында Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысынын биринчи орун басары, эки аскер бөлүгүнүн командири, ошондой эле деңиз жөө аскерлер ротасынын жана катердин командирлери бар.

Токаев Коргоо министрлигинин ишмердиги комплекстүү текшерүүдөн өтөрүн жарыялады. Текшерүүнү Улуттук коопсуздук кеңешинин кызматкери жетектейт.

Президент машыгуу учурундагы трагедияга байланыштуу сын менен гана чектелбестен, жекшембидеги кеңешмеде аскердик реформа жүргүзүлөрүн да жарыялады. Анын айтымында, реформа улуттук армияны азыркы шарттарга ылайыкташтырууга багытталат.

"Биздин армия өткөн кылымда катып калган [...] Реформанын максаты - жаңы үлгүдөгү армияны түзүү", - деди Токаев.

Президент мындай реформанын планы 10 күндүн ичинде даярдалып, октябрдын экинчи жарымында Коопсуздук кеңешинин жыйынында караларын билдирди.