АКШ Кыргызстандагы элчи кызматына Стивен Гилленди сунуштады

АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргызстандагы элчи кызматына карьералык дипломат Стивен Гилленди сунуштады.
Сенаттын Тышкы байланыштар боюнча комитетинин маалыматына ылайык, анын талапкерлиги Сенатка августта жөнөтүлгөн.
Маалыматтарда Гиллен АКШнын Тышкы иштер кызматындагы карьералык дипломат. Ал 2025-жылдан бери АКШнын Мамлекеттик департаментинин Африка иштери боюнча бюросунда улук кеңешчи болуп иштеп келе жатат.
Буга чейин ал АКШнын Сомалидеги элчилигинде миссия башчысынын орун басары болгон. Ошондой эле Мамлекеттик департаментте барымтага алынган адамдар боюнча президенттин атайын өкүлүнүн орун басары жана Демократия, адам укуктары жана эмгек боюнча бюронун мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары кызматтарын аркалаган.
Гиллендин дипломатиялык иш тажрыйбасында Ирак, Беларус, Босния жана Герцеговина жана Түндүк Македонияда иштеген. Ал Ирактагы АКШнын Эрбилдеги консулдугунда миссия башчысынын орун басары болуп да иштеген.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери дипломатиялык миссиясын аяктап жактанын өткөн аптада билдирген. АКШнын Бишкектеги элчилиги анын коштошуу видеосун жарыялаган. Анда дипломат Кыргызстанда иштегенине сыймыктанарын, жолугушууларын, кыргыздын улуттук каада-салттарын эскерген.
"Мен өзүм менен кошо көп нерсени алып кетким келет. Бирок, албетте, досторумду, кесиптештеримди жана эскерүүлөрүмдү бир кутуга батыра албайм. Рахмат, Кыргызстан. Силер ар жайым менин жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейсиңер", - деди АКШнын элчиси.
Лесли Вигери АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына 2022-жылы дайындалган.





























