Чүйдө аялын өлтүрүүгө шектелген киши камакка алынды

зомбулук
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Чүй облусунун Жайыл районунда аялын өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, 2026-жылдын 23-сентябрында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын Октябрьская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аял кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

"Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, болжол менен 30 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Маркумдун өздүгү такталып, 1992-жылы туулган жергиликтүү тургун экендиги аныкталган. Алдын ала кароо учурунда маркумдун денесинен бир катар жаракаттар аныкталган. Окуя болгон жерден тиешелүү далил буюмдар алынган", -деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу, 38 жаштагы З.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сот анын баш коргоо чарасын карап, камакка алды.

Жайыл райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Би-Би-Сиге кабарлагандай, келиндин артында эки баласы калды.

"Балдардын бири алты, бири төрт жашта. Балдар Беловодское айылындагы балдар үйүнө убактылуу жайгаштырылды. Шектүүнүн апасы Орусиянын Калининград шаарында экен. Бизге чалды. Ал документтерин чогултуп жатат. Балдарды камкордукка алууга ниеттенүүдө. Келерки шейшембиде Кыргызстанга келет", - деди башкармалыктын башчысы Айымкан Керимбай кызы.

Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 18862 учур катталган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 32,1% көп.

Бул аралыкта "Киши өлтүрүү" беренеси менен 26, "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен 3 кылмыш иш козголгон.