Алты президент, үч элдик толкундоо. Эгемендикке 35 жыл

Эгемендикке 35 жыл

Сүрөттүн булагы, COLLAGE

    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 8 мүнөт

Быйыл 31-августта Кыргызстан эгемендиктин 35 жылдыгын белгилеп жатат. "Легендарлуу" парламент 1990-жылы эгемендик жөнүндө декларация кабыл алган. 1991-жылдын 31-августу Эгемендик күнү катары жарыяланган. Бул убакыт аралыгында өлкө далай жолу мүдүрүлүп, далай жолу бутуна турду. Кээде туура, кээде калпыс чечимдер кабыл алынды. Би-Би-Си артка учкай көз чаптырып, саясатчыларга, коомдук ишмерлерге микрофон сунуп, эгемен өлкөнүн негизги ийгиликтери жана кемчиликтери, алдыдагы чакырыктар жөнүндө пикирин сурады.

Калк да, ички дүң жыйым да, карыз да көбөйдү

Ошентип, Кыргызстан бир муун толук алмашкан куракты башынан кечирип жатат. Албетте, мамлекет үчүн 35 жыл кичинекей эле убакыт экени айтылат. Кыргызстан басып өткөн жолду сандар менен учкай баяндап өтөлү.

Ачык булактардан алынган маалыматтар боюнча 1991-жылы Кыргызстанда 4,4 миллионго жакын адам жашаса, азыр калктын саны 7, 4 миллионго жакындады. Демек, 35 жылда өлкө калкы дээрлик үч миллионго көбөйдү.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, 1991-жылы Кыргызстанда төрөлгөн адамдын күтүлгөн жашоо узактыгы 68,6 жыл болсо, 2024-жылы 72 жылды түзгөн. Демек, 35 жылга жакын убакытта көрсөткүч болжол менен 3,4 жылга өскөн.

Экономиканын номиналдык көлөмү да көбөйдү: Улуттук Статистика комитетинин маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн (ИДП) көлөмү 1 трлн 976,4 млрд сомду же 22, 6 млрд долларды түзгөн.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча өлкө эгемендик алган 1991-жылы бул көрсөткүч 2,54 млрд доллар болгон. Албетте, бул жерде сандарды түз салыштыруу, балким, орунсуз болуп калар. Инфляцияны жана валюта курсунун өзгөрүшүн да эске алуу абзел.

Өлкөнүн 2026-жылдын май айына карата жалпы мамлекеттик карызы дээрлик он миллиард долларга (9 млрд 951,88 млн) жетти. Мунун ичинен 4 млрд 739,63 млн доллар ички, 5 млрд 212,25 млн доллар тышкы карыз. Өлкө эң көп – 1 млрд 414,54 млн доллар Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) .

35 жылда өлкөнү алты президент башкарды. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров.

Бул аралыкта 33 премьер-министр аткаруу бийлигин жетектеди. Арасында өкмөт башчылык милдетин убактылуу аркалагандар да бар.

Өлкөдө 35 жыл аралыгында Конституцияга 11 жолу өзгөртүү киргизилди.

Эгемен Кыргызстан 35 жылда кандай ийгиликтерге жетишти?

Акыркы жылдары мамлекеттик маанилүү чечимдер жаңы салынган "Ынтымак-Ордодо" кабыл алынат

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акыркы жылдары мамлекеттик маанилүү чечимдер жаңы салынган "Ынтымак-Ордодо" кабыл алынат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эгемендиктин алгачкы жылдарында Кыргызстанда мамлекеттүүлүктүн негизги белгилери түптөлдү. Айтсак, герб, гимн, туу кабыл алынды, кыргыз тили мамлекеттик тил макамына ээ болду. Сом улуттук валюта катары жүгүртүүгө киргизилди. Өлкө башкаруу системасын аныктады, албетте, кийин ал өзгөрүүлөргө дуушар болду.

Дал ушул 35 жыл ичинде өлкөнүн өзүнүн Конституциясы, мамлекеттик институттары, армиясы, дипломатиялык кызматы калыптанды. Кыргызстандын кошуна бардык өлкөлөр менен чек ара маселесин чечип алганын соңку жылдардагы эң башкы жетишкендик катары атаса болчудай.

ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев:

"Эгемендиктин 35 жылдыгында эң башкы жетишкендигинин апогейи – Кыргызстандын суврендүүлүгү, көз карандысыздыгы. Биздин улут катары, мамлекет катары дүйнөгө таанылышыбыздын өзөгү ушул болду".

Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев: "Мамлекеттик институттар калыптанды. Эң негизгиси чек ара маселеси чечилди. Эң негизгиси, классикалык мамлекеттин үлгүсүн тандадык жана ошол жолдобуз".

Мурдагы мамлекеттик катчы, академик Осмонакун Ибраимов: "Биз демократия менен эркиндикти элибиз керек болсо канын төгүп сактап калды. Кыргыз эли тапкан негизги жетишкендиктеринин бири ушул. Демократия жана эркиндик".

"Кыргызстандын эгемендиги өзү чоң ийгилик экенин биз келгенде эле билип жатабыз. Элдин жашоосу, сүйлөгөн сөзү, элдин маанайы эгемендикти көрсөтүп турат",- деди кытайлык этнограф, окумуштуу Макелек Өмүрбай.

"Эсимде" долбоорунун негиздөөчүсү Элмира Ногойбаева: "Эгемендиктин 35 жылдыгы биз али маани бере элек өтө чоң дөөлөт. Муну дүйнөдө болуп жатканын окуяларды көрүп, түшүнсө болот. Канчалаган эл мамлекеттүүлүгүн жоготуп жатат. Канчалаган улут өзүнүн тилин, маданиятын жоготууда. Биз болсо сактап калдык".

"Кыргызстан — биздин жалгыз үмүтүбүз жана түбөлүк куттуу жайыбыз!"

Ынтымак-Ордо эгемендиктин соңку беш жылдыгында өлкө өнүгүүгө өрүш алганын белгилеп келет.

Адам укугу, сөз эркиндиги боюнча сын-пикирлердин бутасында калганы менен бийлик экономикалык жактан бир топ жетишкендиктерди баса белгилеп жүрөт. Алардын ичинен Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун курулушунун старт алышын эң башкы артыкчылык катары алга сүрөйт.

Быйыл 24-августта "Ак-Кеме" мейманканасынын ачылышында (ред. жаңыланган) президент 2025-жылы түз чет элдик инвестициянын агымы 1 млрд 311 млн АКШ долларын түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 27% өскөнүн, бул өлкөгө болгон ишенимдин артканынын белгиси экенин билдирди.

Эгемендиктин 35 жылдыгын жана Шанхай кызматташтык уюмунуну (ШКУ) башчыларынын саммитин утурлай салынган "Ырыс-Ордо" конгресс-борборунун ачылышында президент Садыр Жапаров элдин биримдиги мамлекеттин бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн негизги пайдубалы экенин кошумчалады:

"Учурдан пайдаланып, жалпы эле жаштарга бир насаат айта кетейин деп турам. Мына ушул залда эгемендүүлүк алган 35 жылда "Мен саясатчымын", "Мен чын өнүктүрөм", "Мен кыйынмын" деген дөө-шаалардын 100 пайызы чогулуп отурабыз".

"Эгемендүүлүктү алган 35 жылда биз бир-бирибиз менен акыйнек айтышып, болор-болбос маселелерге демагог болуп, популисттик куру кыйкырык кылып, бир-бирибизге жалган жалаа жабыштырып, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп келдик. Бирок мамлекетибиз жарытылуу жакшылыкка, ийгиликке жетишкен жок", - деди президент.

Президент бүгүн, 31-августта кыргызстандыктарды эгемендик күнү менен куттуктап, эркиндик үчүн "кыргыз" атын кылымдар бою өчүрбөй сактап келген ата-бабалардын төгүлгөн каны, кыйылган жаны элдин эсинде түбөлүккө сакталарын билдирди. Жапаров "башка мекенибиз жок, Кыргызстан жалпы үмүтүбүз жана түбөлүк куттуу жайыбыз" деп айтты:

"Быйылкы тарыхый шарт, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы ата-бабаларыбыздан калган улуу көчмөн цивилизациясынын мурасын дүйнөгө даңазалаган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы менен коштолгону турат. Ошону менен бирге улуттук майрамыбызга дүйнөнүн ири мамлекеттеринин лидерлерин жана бийик даражалуу делегацияларын бириктирген Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык тарыхый мааракесине арналган Саммит да туш келди. Мындан сырткары, өлкөбүздүн атын даңазалоочу "Ырыс-Ордо", "Бишкек-Арена" стадиону сыяктуу ири долбоорлор ишке ашып, Көз карандысыздык күнүнө карата эң сонун белек болду.

Бүгүн жалпы Кыргызстан аймагында Эгемендиктин 35 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп, ал эми буга чейин ар жылы ар башка облуста өткөрүү салт болуп келгендей, Эгемендигибизди бийик деңгээлде майрамдоо быйыл Айкөл Манас атабыз жердеген Талас облусунда жыйынтыкталат".

Эгемен Кыргызстандын 35 жыл аралыгындагы өксүгү

Кыргызстандын 35 жылдык эгемен тарыхында үч сапар элдик толкундоолор болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын 35 жылдык эгемен тарыхында үч сапар элдик толкундоолор болду

Бирок 35 жылдык эгемендиктин тарыхында өксүктөр да аз болгон жок. Саясий туруксуздук, коррупция, экономиканын алсыздыгы жана аны менен коштолгон эмгек миграциясы, чек арадагы адам өлүмү менен коштолгон жаңжалдар өлкөнүн эгемендик жолундагы олуттуу сыноолор болуп калды. Кыргызстан бул маселелердин айрымдарын чечүүгө аракет кылып келсе да, алардын бир бөлүгү бүгүн да күн тартибинде турат.

"Тилекке каршы, бир топ кемчиликтер орун алды. Президенттердин айрымдары качып кетти. Жөн качпай, негизги аянтта көп сандагы адамдардын өмүрү кыйылып, 35 жылдык тарыхыбызды булгап коюшту, чынын айтканда", - дейт мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов.

Кыргызстандыктар үч жолу элдик толкундоолорду башынан кечирди. Алгач, 2025-жылдагы саясий кризис, тактап айтканда, парламенттик шайлоолордун жыйынтыгына байланышкан нааразылык, бийликтеги коррупция жана авторитардык башкарууга каршы коомдук маанай "Жоогазын революциясы" деп аталган жапырт нааразылыкка алып келди. Март айында өлкөнүн түштүгүндө башталган митингдер Бишкекке чейин жетип, 24-мартта ошол кездеги президент Аскар Акаев өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Ал Кыргызстанды дээрлик он беш жыл башкарган.

Арадан беш жыл өтүп, өлкө дагы бир саясий кризиске кептелген. 2010-жылы электр энергиясы менен коммуналдык кызматтардын баасынын өсүшү, коррупция, үй-бүлөлүк башкаруу коомдогу нааразылыкты күчөттү. Демонстранттар менен күч түзүм кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алып, 7-апрелде борбордук аянтта токсонго чукул адамдын өмүрү кыйылды. Ошол кезде президент болуп турган Курманбек Бакиев өлкөдөн чыгып кеткен. Азыр ал Беларуста баш калкалап жүрөт.

2020-жылдагы саясий кризис парламенттик шайлоонун жыйынтыгына карата нааразылыктан кийин башталып, президент бийлигин өткөрүп берүүгө аргасыз болду. Сооронбай Жээнбековдун ордуна абактан жаңы чыккан Садыр Жапаров такка отурду. 2021-жылы жаңы Конституция кабыл алынып, өлкө президенттик башкарууга кайткан. Саясатчы Каныбек Иманалиев элдин бийликке болгон ишениминин төмөндөшүн эң башкы өксүктөрдүн бири катары эсептейт:

"Төңкөрүштөр болду. Бийлик улам алмашты. Мамлекеттик институттар ошондо артка кетти. Рынок институту мурдагыдай иштебей калды. Мамлекеттин келечегине болгон ишеним азайды".

Кыргызстан демократиялык өлкө кура алдыбы?

"Эсимде" долбоорунун негиздөөчүсү Элмира Ногойбева Кыргызстан демократиялык өлкөлөрдүн маңызын эмес, тышкы моделин гана көчүрүп алганбыз деп эсептейт.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Эсимде" долбоорунун негиздөөчүсү Элмира Ногойбева Кыргызстан демократиялык өлкөлөрдүн маңызын эмес, тышкы моделин гана көчүрүп алганбыз деп эсептейт.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тартып өлкөдө көп партиялуулук, жарандык коомдун активдүүлүгү жана бийликти ачык сындаган саясий күчтөр үчүн белгилүү бир мейкиндик түзүлүп, Кыргызстан чөлкөмдө "демократиянын аралчасы" деген атка дагы ээ болгон. Бирок демократиялык өнүгүү жолунда баратабыз деп айтуу кыйын. Эркиндик менен жоопкерчилик жана мыйзамдын үстөмдүгү тең салмакта болбой, демократиянын мүмкүнчүлүктөрүн ашкере пайдаландык деген пикирлер да айтылып келет.

"Кемчиликке келсек, эркиндикти, демократияны өтө эле кенен пайдаланып жибердик. Биздей эркиндикти каалагандай пайдаланган өлкөлөр болгон жок. Канча революция жасап жибердик. Ошонун баары Кыргызстанды өнүктүргөнгө жардам бердиби?! Кайра артка кетип жаттык", - дейт коомдук ишмер, журналист Эсенбай Нурушев.

Коомдук, саясий жана социалдык процесстер боюнчаиликтөөчү Элмира Ногойбаева Кыргызстан демократиялык өлкөлөрдүн моделин көчүрүп алганын, бирок аны натыйжалуу иштеткен механизмдер жоктугун айтат:

"Биз демократия жөнүндө өтө көп кеп кылдык. Биз демократиялык өлкөлөрдүн институционалдык дизайнын көчүрүп алдык: бийликтин үч бутагы, парламентаризм... Бирок биз аны реалдуу мазмун менен толтура албадык. Бул өтө чоң кемчилик. Чындыгында азырынча парламент бар, демек, мүмкүнчүлүк да бар. Бир убакта көчүрүп алган, көп убакыт бою имитация кылган нерсени мазмун менен толурушубуз керек. Мунун баары чындап ишке ашса, Кыргызстан мындан дагы өнүгөт деп ишенем".

Эгемендик жылдардагы жигердүү саясий процесстерден жана сөз эркиндигинин көрсөткүчтөрүнөн улам Кыргызстан Борбор Азиядагы эркинирээк өлкө катары сыпатталып турду. "Фридом Хаус" уюму дүйнөдөгү эркиндиктин абалына саресеп салган жылдык баяндамаларында Кыргызстанды көбүнесе "жарым-жартылай эркин" мамлекет деп мүнөздөп келди. Ошентсе да соңку беш жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстан уюмдун баяндамасында "эркин эмес" мамлекеттердин катарынан чыга албай келет.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндиги менен боюнча рейтингинде да Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 146-орунду ээлеп турат. Уюм өлкөдө басма сөз эркиндигине басым бар экенин белгилеп келет. Кыргыз бийлиги мындай рейтингдерди четке кагат.

"Үмүт менен ишенимди кайтаралы"

Быйыл эгемендик майрамы борбордук Ала-Тоо аянтында эмес, Талас облусунда өтөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Быйыл Эгемендик майрамы борбордук Ала-Тоо аянтында эмес, Талас облусунда өтөт

"Фридом Хаус" уюмунун дүйнөдөгү эркиндиктин абалына саресеп салган баяндамасында Кыргызстан көбүнесе "жарым-жартылай эркин" мамлекет деп сыпатталып келгени белгилүү. Мындан улам өлкө Борбор Азиядагы эркиндик бар өлкө катары сыпатталып келген. Соңку беш жылдан ашык убакыттан бери уюм Кыргызстанды "эркин эмес" деп мүнөздөйт.

Албетте, ар бир тармак маанилүү. Бирок талдоочулар эгемен өлкөнүн келечегин түптөөдө билим сапатына көңүл буруу кечиктирилгис вазыйпа экенин белгилешет. Бул багытта көрсөткүчтөр көңүл жубатаарлык эмес.

2023-жылы жарыяланган Билим берүүнүн дүйнөлүк индексинде Кыргызстан 133 өлкөнүн ичинен 84-орунду ээлеген. Салыштыруу иретинде айта кетсек, Казакстан Борбор Азия боюнча эң жакшы көрсөткүчкө ээ болгон: 74-орунга жайгашып, 45,6 балл топтогон.

"Биз соңку кездери интеллект жана рефлексия үчүн мейкиндикти жаап жатабыз. Ачык журналистика аз, илим дээрлик жок болуп кетти. Бул өтө коркунучтуу. Илим бар жерде кичинекей эле өлкөлөр чоң державаларга аттандаш болуп, өсүп-өнүгүп жатканы далилденүүдө. Так илимдер, биологиялык, гуманитардык илимдер... Биз ушунун баарын кайра жандандырышыбыз керек. Албетте, бул биринчи кезекте бийликтен көз каранды", - дейт Ногойбаева.

Талдоочулар эгемендиктин алгачкы мезгилинде билим сапаты төмөндөп кеткенин, ошонун кесепетин азыр тартып жатканыбызды белгилешет.

Эсенбай Нурушев: "Токсонунчу жылдары өтө деградация болдук. Азыр бир тап пайда болду. Аны эч ким айтпайт. Деграданттардын табы пайда болду. Класстан көчпөй калгандар, артка кеткендер. Бизде коомдук пикирди ушулар түзүп калды. Ушуларды эл ээрчип калды. Анын орунда бизде үстөмдүк кылып турган маданият керек. Үстөмдүк кыла турган маданият болгондо эл ошол маданиятка тартылат болчу".

Каныбек Иманалиев: "СССР доорунда мектепти бүткөндөрдүн баары пенсия курагына келип калды. Азыр мамлекеттик кызматка депрессия учурунда университетти окугандар келди. Аларды кайра даярдоо курсунан өткөрүшүбүз керек. Ошондуктан биринчи орунда билим маселеси турат"

Эгемендикке арналган макаланы элдин эс тутумун иликтеген "Эсимде" долбоорунун негиздөөчүсү Элмира Ногойбаеванын пикири менен жыйынтыктагым келип турат.

"Биз 90-жылдарды жана азыркы учурду изилдеп жатабыз. Көп адамдар 90-жылдары жумуш болгон эмес, акча болгон эмес, кээде жегенге тамак болгон эмес, бирок ишеним жана үмүт болгон деп айтышат. Элде ишеним жана үмүт болгондуктан, келечегин жаратышты. Аянтка чыгышты, боз үйлөрдү тигишти, дискуссия кылышты, пикир алмашышты. Азыр жумуш бар, жашообуз жаман эмес, бирок үмүт жана ишеним жок. Бул өтө оор нерсе. Биз үмүттү жана ишенимди кайтарышыбыз керек".