Непал менен Тибеттеги суу ташкыны: 900дөн ашуун дайынсыз, 270 адам каза болгону кабарланды

ыв

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Непалда Тибет менен чек арада шаршемби күнү сел жүрүп, күтүүсүз суу ташкыны болду. Непал бийлигинин маалыматына караганда, өлкөдө набыт болгон 270 адамдын сөөгү табылып, 900дөн ашуун адам дайынсыз болууда. Кытайдын маалымат каражаттары Тибетте кеминде үч адам каза болгонун, 558ден ашуун адам дайынсыз экенин кабарлашты. Бул сандар бири-бирин камтыйбы же жокпу - белгисиз. Дайынсыз болгондордун арасында туристтердин саны көп. Апаттуу суу ташкынына тоо дарыясына түшкөн ири муздун бөлүгү себеп болушу мүмкүн.

Непал менен Кытайдын чек арасында апааттуу суу ташкыны болгондон бир күн өткөндөн кийин, Непал полициясынын маалыматына караганда, 270 адамдын сөөгү табылды.

Өлкөнүн Табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча улуттук башкармалыгы 826 адам дайынсыз болуп жатканын билдирди. Бул санга коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери, туристтер жана карапайым жарандар кирет.

Reuters агенттиги дайынсыз жоголгондор боюнча төмөнкү маалыматтарды келтирди:

Индия: Непалдын Туризм кеңешинин маалыматына караганда, дайынсыз болгондордун эң көбү - 177 адам - коңшу Индиянын жарандары.

Австралия: Тышкы иштер министри Пенни Вонг Австралиянын дайынсыз болуп жаткан 34 жаранын издөөдө бийлик Непал менен кызматташып жатканын билдирди.

Улуу Британия: Непалдын Туризм кеңешинин маалыматына караганда, кырсыктан кийин Улуу Британиянын 33 жараны дайынсыз болууда.

Канада: Дайынсыз болгондордун арасында Канаданын 25 жараны бар экенин кеңеш билдирди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Германия: Кеңештин маалыматына караганда, дайынсыз болгондордун арасында кеминде сегиз Германиянын жараны бар.

Жапония: Жапониянын Непалдагы элчилиги байланыша албай жаткан беш жаранын издөө иштерин жүргүзүүнү өтүнгөнүн премьер-министр Санаэ Такаичи билдирди.

Малайзия: Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Катмандудагы Малайзиянын элчилигине дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн кеминде 55 жаран менен байланыш түзүү мүмкүн болбой жатат. Непалдын Туризм кеңеши дайынсыз болгондордун санын 28 адам деп баалаган.

Жаңы Зеландия: Непалдын маалыматына караганда, дайынсыз болгондордун арасында Жаңы Зеландиядан келген кеминде беш турист бар.

Орусия: Непалдын Туризм кеңеши дайынсыз болгондордун арасында Орусиянын беш жараны бар экенин билдирди.

Сингапур: Кеңештин маалыматына караганда, Сингапурдун алты жараны дайынсыз болууда.

Түштүк Африка Республикасы: Непал бийлигинин маалыматына караганда, шаршемби күнкү суу ташкынынан кийин Түштүк Африканын алты жараны дайынсыз жоголгон.

Түштүк Корея: Гидроэлектр станциясында иштеген Түштүк Кореянын тогуз жараны дайынсыз болууда, дагы 10 адам кыйын абалда калганын Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги шаршемби күнү билдирди.

Украина: Суу ташкынынан улам Украинанын 53 жараны дайынсыз болуп жатканын бийлик билдирди.

АКШ: Непалдын Туризм кеңешинин маалыматына караганда, АКШнын кеминде 63 жараны дайынсыз.

Бейшемби күнү эртең менен полиция билдиргендей, Читван районундагы дарыянын төмөн жагындагы аймактардан 64 адамдын сөөгү табылган, дагы 26 адамдын сөөгү Чыгыш Навалпарасиден чыккан.

Читван районунун администратору Ганеш Арял билдиргендей, бийлик Тришули дарыясынын эң көп жабыркаган аймагынан түздүк аркылуу болжол менен 100 чакырым алыстыкта жайгашкан дарыядан 103 адамдын сөөгүн алып чыккан.

Анын айтымында, жергиликтүү ооруканалар бардык сөөктөрдү кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жетпегендиктен, райондук бийлик чатырларды тигип, сөөктөрдү алып кетүү үчүн келери күтүлүп жаткан үй-бүлөлөрдү кабыл алууга даярдык көрүүдө.

Ганеш Арял таануу мүмкүн болбогон сөөктөр ДНК экспертизасына жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Эң көп жабыркаган райондорго коңшу Индия берген чатырлар, азык-түлүк жана башка зарыл буюмдар тик учактар менен жеткирилгенин Непал армиясынын өкүлү Раджа Рам Баснет билдирди.

Анын айтымында, куткаруу иштерине 5 миңден ашуун аскер кызматкери жана полиция кызматкери тартылды. Бейшемби күнү жүргүзүлгөн куткаруу иштеринин жүрүшүндө 125 адам, анын ичинде 20 чет өлкөлүк жаран куткарылды.

Эмне үчүн ал жерде туристтер мынчалык көп болгон?

Орусиянын туроператорлор ассоциациясынын маалыматына караганда, табигый кырсык болгон аймак уюштурулган туристтик сапарлар үчүн анчейин популярдуу эмес. Бирок жылдын ушул мезгилинде Непалда буддист жана индуист зыяратчылар өзгөчө көп болот.

Би-Би-Синин Делидеги кабарчысы Апарна Аллуринин түшүндүрмөсүндөй, кырсык болгон аймакта индуисттер, буддисттер жана жайнисттер ыйык деп эсептеген эки зыярат жайы бар. Алардын бири - Кытайдын Тибеттеги тарабында, Кайлас тоосунун жанындагы Мансаровар көлү, экинчиси - Непалдагы Расува аймагындагы Госайкунда көлү.

Жыл сайын Непал аркылуу Мансаровар көлүнө он миңдеген турист барып, жөө да жетет.

Мансаровар көлүнө баруу, ошондой эле Госайкунда көлүнө түшүү салты дал ушул мезгилде өзгөчө кеңири тараган.

Туристтик Alpine Kailash Trek компаниясынын директору Прадип Пандит Би-Би-Синин кабарчысына билдиргендей, Кайлас тоосуна жөө баруучу маршрут дал ушул учурда - жакшылыктын белгиси деп эсептелген ай толгон маалда өзгөчө популярдуу.

Суу ташкынына эмне себеп болду?

Алдын ала маалымат боюнча, күтүүсүз суу ташкынына шаршемби күнү эртең менен, жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 8:37де болгон жер титирөөдөн улам пайда болгон жер көчкү себеп болгон. Бул тууралуу Непалдын тышкы иштер министри Шишир Кханал билдирди. Германиядагы геология илимдерин изилдөө борбору болгон Потсдамдагы Гельмгольц борбору шаршемби күнү эртең менен күчү 4,4 магнитудадагы жер титирөөнү каттаган.

Бирок кийинчерээк АКШнын Геологиялык кызматы сейсмикалык активдүүлүктү узак убакытка жүргүзүлгөн талдоонун негизинде жер титирөө болбогонун, ал эми "сейсмикалык энергия жер көчкүдөн пайда болгонун" билдиргенин AFP жазды.

Непалдын метеорологиялык борборунун өкүлдөрү Би-Би-Синин кабарчысына спутниктен тартылган сүрөттөргө караганда, Тибеттеги тоо чокуларынын биринен мөңгүнүн ири бөлүгү кулап түшүшү мүмкүн экенин билдиришти.

Алардын версиясы боюнча, мунун натыйжасында ылдый карай таштар жана тоо тектеринин бөлүктөрү кулап, сүрүлүүдөн муздун эришине байланыштуу белгилүү бир көлөмдө суу пайда болушу мүмкүн. Андан кийин бул муз жана тоо тектеринин бөлүктөрү Лхенде дарыясынын нугуна тоскоолдук жаратып, дарыя жасалма дамбаны жарып өтүп, жээгинен ашкан. Натыйжада агымдын төмөн жагына ылай менен суунун ири массасы агып кеткен.

Катмандудагы Тоолуу аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун өкүлү Цянгун Чжан жана башка окумуштуулардын пикиринде, суу ташкынына чек аранын Непал тарабындагы Лхенде дарыясына жер көчкүнүн түшүшү түрткү болушу мүмкүн. Борбордун маалыматына караганда, чек аранын Кытай тарабында "эч кандай четтөөлөр" катталган эмес.

Кытайдын мамлекеттик "Синьхуа" маалымат агенттиги да табигый кырсык Непалдагы жер көчкүдөн улам болгонун билдирди.