"Түндүк" ишканасы жоюлуп, анын функциялары "Кызмат" мекемесине өткөрүлөт

ыв

Сүрөттүн булагы, Official

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстанда "Түндүк" ачык акционердик коомун жоюу сунушталды. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, анын функциялары, каражаттары жана активдери Президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесине өткөрүлөт. Бийлик бул чечимди "Түндүк" менен "Кызматтын" айрым функциялары кайталанып жатканы менен түшүндүрүүдө.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 26-августта кол койгон жарлыкка ылайык, "Түндүк" ААКты жоюу жана анын функцияларын, милдеттерин, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын, ошондой эле материалдык эмес активдерин президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесине өткөрүп берүү сунушталды.

Ошондой эле "Түндүк" ААКты жоюу боюнча комиссия түзүү, анын кызматкерлеринин арасынан "Кызмат" мекемесине ишке орноштурула тургандардын санын аныктоо жана тиешелүү чараларды көрүү каралган.

Тиешелүү функцияларды бир түзүмдүн алкагында бириктирүү мамлекеттик ресурстарды пайдаланууну оптималдаштырууга, кайталанган функцияларды жоюуга жана санариптик чечимдерди иштеп чыгуу, өнүктүрүү жана техникалык жактан коштоо процесстерин натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берери айтылат.

"Бул чечимди кабыл алуунун зарылдыгы азыркы учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен мекемелердин маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана техникалык жактан коштоо боюнча айрым функциялардын бир эле учурда «Түндүк» ААК жана «Кызмат» ММ тарабынан аткарылып жаткандыгы менен шартталган" деп айтылат Президенттик администрациянын расмий сайтында.

Бийликтин түшүндүрмөсүнө ылайык, "Түндүк" ААКтын жоюлушу жарандар колдонгон санариптик кызматтарга таасирин тийгизбейт.

"Мында колдонуучулар «Түндүк» платформасынын жана «Түндүк» мобилдик тиркемесинин ишинде кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү күтпөшү керек. Санариптик продукт, анын ичинде «Түндүк» мобилдик тиркемеси жана ал аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтар толук көлөмдө иштөөсүн улантат. "Түндүк" ААКтын функцияларын жана ресурстарын «Кызмат» ММге өткөрүп берүү, биринчи кезекте, уюштуруу түзүмүн оптималдаштырууга жана мамлекеттин санариптик инфраструктурасын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Жарандарга жана уюмдарга мамлекеттик санариптик кызматтар белгиленген тартипте көрсөтүлө берет" деп айтылат түшүндүрмөдө.

Быйыл жазында "Түндүк" Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Президентинин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлгөн.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кийинчерээк Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги да жоюлуп, анын функциялары менен бир катар түзүмдөрү Иш башкармалыгына өткөрүлгөн. Натыйжада санариптештирүү тармагындагы бир катар милдеттер президенттин Иш башкармалыгынын карамагына топтолгон.

Президенттин иш башкармалыгынын укук-милдеттери акыркы жылдары кыйла кеңейди жана соңку жылдары анын курамына бир катар ишканалар киргизилген. Бул Президенттин иш башкармалыгы жарым өкмөт болуп алды деген сөздөрдү жараткан. Президент Садыр Жапаров андай сындарды бир канча жолу четке каккан.

Иш башкармалыкка мамлекеттик төрт резиденция, клиникалык оорукана, автотранспорттук ишкана, "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркы, "Мерген" мамлекеттик ишканасы, "Мамлекеттик имараттар департаменти", "Эйр Кейджи" Авиакомпаниясы", Президентинин администрациясынын жана Жогорку Кеңештин ишин камсыз кылуу боюнча департамент, "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы, "Спорттук комплекс" мамлекеттик ишканасы, "Манас" президенттик камералык оркестри, "Типография" мамлекеттик ишканасы, "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси, эки бала бакча, "Кыргыздипсервис" ишканасы, "Ысык-Көл Аврора санаторийи", "Мурас" мамлекеттик ишканасы, "Жыргалаң" санаторийи, "Учкун" ачык акционердик коому, "Асман" экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциясы, "Алтын-Балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борбору, Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектердин ишин башкаруу боюнча дирекция, "Кызмат" мамлекеттик мекемеси, "Мамлекеттик ипотекалык компания", "ЭлКат" жоопкерчилиги чектелген коому, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор ("Унаа"), Каракол мамлекеттик жаратылыш паркы, "Алтын-Көл" мамлекеттик ишканасы, "Салкын-Төр" мамлекеттик жаратылыш паркы кирет.

Президенттин соңку жарлыктарына ылайык, Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү уюштуруу иши Ички иштер министрлигинин карамагынан алынып, ал дагы Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Президенттин иш башкармалыгын Каныбек Туманбаев башкарат, ал президентти дайыма коштоп жүрөт.

"Түндүк" - мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын бириктирип, алардын ортосунда электрондук маалымат алмашууну камсыз кылган компания эле. Анын аты менен аталган "Түндүк" платформасы жана мобилдик тиркеме аркылуу жарандар бир катар мамлекеттик кызматтарды электрондук түрдө пайдалана алышат.