"ФЕТОго тиешеси жок". Түркияда кармалган кыргызстандык жарандын соту сентябрда болот

Сүрөттүн булагы, BBC courtesy
- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Үч ай мурун Түркиянын Анкара шаарындагы аба майданында кармалган кыргызстандык Эрмек Сабыржановдун жакындары жардам сурап, президентке кайрылышты. Анын ФЕТО террордук уюмуна мүчө болгон деген айыптоо боюнча соту 9-сентябрда Измир шаарында өтөт. Бул тууралуу Би-Би-Сиге анын жактоочусу Эрдем Атмажа билдирди. Анын айтымында, Сабыржановго коюлган дооматтар анын Түркияда билим алган 2016-жылга чейинки мезгилге таандык жана бардык процесс анын "Озел Гедиз" жеке университетинде (Özel Gediz Üniversitesi) окуган учуруна туура келет. Ошондуктан коюлган дооматтар негизсиз экенин белгилөөдө.
Адвокат: "Эрмек Сабыржанов кылмышкер эмес, жабырлануучу"
Адвокат аталган окуу-жай ошол убакта мыйзамдуу билим берүү мекемеси болгонун иштин материалдарында көрсөткөнүн кошумчалады.
"Эрмек Сабыржанов азыр камакта, ал эми анын ФЕТО террордук уюмуна мүчө болгон деген айып менен боюнча соту 9-сентябрда Измирдин Жогорку кылмыш иштери боюнча сотунда каралат. Иштин материалдарында Эрмек Сабыржановдун эч кандай шектүү каражат которууларга, куралдуу аракеттерге же ушул сыяктуу жүрүм-турумга катышы жок экени көрсөтүлгөн. Биз өтүнүчтөрүбүздө Эрмек Сабыржанов кылмышкер эмес, жабырлануучу экенин жана ал окуган учурда Гедиздеги жеке менчик университет мыйзамдуу билим берүү мекемеси болгонун билдиргенбиз, биз бул аргументти сот отурумунда да келтиребиз. Биз көз карандысыз түрк сот системасына толук ишенебиз. Эрмек Сабыржановдун күнөөсүз экендиги мүмкүн болушунча тезирээк аныкталышын күтөбүз жана суранабыз", - деди Эрдем Атмажа.
Эрмек Сабыржановдун жакындары жардам сурап, президентке кайрылышты. Алар үч айдан бери Сабыржанов негизсиз камакта отурганын айтып, анын Кыргызстанга кайтарылып келишине бийликтен көмөк көрсөтүүсүн өтүнүшүүдө.
Жакындары президенттен жардам суроодо
"Эжем Эрмек 12 жашында ажырашып кеткенден кийин жалгыз багып, кичине астма болуп ооручу эле, баламды багам деп, стресстен оорусу күчөп, 20-жылы каза болуп калган. Азыр эмне болот тагдыры? Ушунча апасынын аракети эмне болот? Аны күнөөсүз отургузуп коюшту. Канча уксак деле, ага эч нерсе табылган жок. Мен аны менен беш жашынан бери чогу өскөм, эмне кылып жүргөнүн бүт билем. Анын эч кандай андай уюмдарга тиешеси жок. Урматтуу Садыр Нургожоевич, сизден суранарым, биздин инибиз Эрмек Сабыржановду Түркиядан Кыргызстанга аман-эсен кайтарып берүүңүздү суранабыз", - деди Сабыржановдун таежеси Чолпон Аджиева.

Дагы бир таежеси Сабыржанов мектепти ийгиликтүү аяктап, айтылып жаткан университетте да жакшы окугандыгы үчүн арзандатуу менен билим алганын белгиледи. Ал Кыргызстанда буга чейин мыкты мектептердин сап башында түрк лицейлери тургандыктан, көпчүлүк ата-энелер балдарын дал ошол түрк мектептерине бергенге ашыгышкан деп эсептейт.
"Ошол заманда бардык эле кыргызстандыктар эң жакшы мектеп деп түрк лицейлерин ойлогонбуз. Ошондуктан баланы ошол жакка окутканга аракет кылчубуз. Эжебиз ал жакка деле баласын бекер окуткан жок, акысын төлөчүбүз. Ошол эле мектептен ал окуган университетине үгүттөөлөр жүрүп, балабыз Түркияга окууга тапшырган, жакшы окуп, ал жактан арзандатуу да алган. Балабыздын үч айдан бери негизсиз камалып, тетиги Түркияда жатканы бизге аябай оор болуп жатат. Бийликтен биз жардам сурайбыз, ар бириңерде ушундай бала бар болуш керек, жардам берип коюңуздар", - деди Сабыржановдун таежеси Жылдыз Аджиева.
Жубайы Аделина Касымова Би-Би-Сиге эки ай мурда маек берип, жолдошун анын жана балдарынын көзүнчө эс алууга бараткан жерден Анкарадагы аэропорттон кармап кетишкенин айткан. Азыр ал жумасына бир ирет жолдошунун үнүн гана уга алат.

"Балдар атасын сагынышты"
"Ар шаршемби күнү он мүнөткө чалат. Ал убакытта деле көп нерсе сүйлөшө албайт экенсиң. Мурда баары жакшы эле деп, мени жооткото берчү. Кечээ сүйлөшкөндө он беш килограммга арыктаганын айтты. Азыр күн өткөн сайын оор болуп жатыптыр. Моралдык жактан кыйын болуп баратат окшойт. Сүйлөгөнүнөн билинип жатат. Балдарды мектепке берчү мезгил келе жатат. Эрмек азырынча бербей тур, интернеттен баары билип калышты, аларга кыйын болуп калат деди. Бардык нерсе бири-бирине байланыштуу болуп аябай оор болуп жатат. Балдар да атасын сагынышты", - деди Сабыржановдун жубайы Аделина Касымова.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Сабыржановдун жакындары менен байланышта экенин жана алдыда боло турган соттон кабары бар экенин тастыктады. Түрк бийлиги бул боюнча үн ката элек.
Депутат: "Мамлекет өз жарандарын коргоого алышы керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков мамлекет чет жакта жүргөн жарандарын коргоп алышы керектигин билдирди. Ал ошондой эле, мындай иштер Түркия менен Кыргызстандын эки тараптуу мамилесине доо кетирбеши керек деген пикирде.

Сүрөттүн булагы, social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Ар бир мамлекет чет өлкөдө жүргөн жарандарын кандай абал болбосун коргоого алышы керек. Кылмыш кылган болсо же ал жүргөн мамлекеттин ички тартиптерин бузган болсо, башка кеп эле. Бирок саясий жактан иштерге байланыштуу болуп калганы үчүн өзгөчөрөөк көңүл бурулушу керек. Кудайга шүгүр, Түркия менен эки тараптуу мамилелерибиз жакшы, талаштуу маселелер жок. Өзгөчө мына, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында, Көчмөндөр оюнунун алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келе жатат. Ушундай иш-сапарлар болуп, эки-тараптуу мамиле жакшырып турган кезде ушундай чакан иштер ортодогу мамилеге доо кетирбеши керек деп ойлойм", - деди Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков.
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева буга чейин Эрмек Сабыржановго байланыштуу Түркиянын башкы омбудсменине кат жолдогонун билдирген. Институт бүгүнкү күнгө чейин жооп келе электиги маалымдады.
Үстүбүздөгү жылдын 22-майында Эрмек Сабыржанов үй-бүлөсү менен Бишкектен Кипрге Анкара аркылуу эс алууга бара жатканда, аны аэропортто кармап кетишкен. Маалыматтарда ал диний аалым Фетхулла Гүлендин ФЕТО кыймылына байланышы бар деп шектелгени жазылган. ФЕТО 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен бери Түркияда террордук уюм деп саналат.
Былтыр Фетхулла Гүлендин кыймылына байланыштуу Түркияда кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу кармалганы белгилүү. Ага эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстанга чыгып кетүүгө уруксат берилген.






























