"Үрүп" жаткандарга ишенип албагыла". Узак мезгил талашка түшүп келген "Ак-Кеме" мейманканасы кайра ачылды

Сүрөттүн булагы, Official
Узак убакыт талашка түшүп келген Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасы капиталдык жаңылоодон кийин кайра ачылды. Анын ачылыш аземине 24-августта президент Садыр Жапаров катышты. Мейманкана бир нече жыл дээрлик иштебей, эл аралык соттук териштирүүлөргө негиз болгон.
Президент Садыр Жапаров "Ак-Кеме" мейманканасына байланыштуу маалымат берип жатып, чет өлкөдө жүрүп бийликти сындап жаткандарга ишенбөөгө чакырды.
Анын маалыматына караганда, "Ак-Кеме" 2023-жылы Президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлгөн. Андан кийин инвестиция тартуу жолу менен мейманкананы жаңылоо иштери башталган.
"Анан биздин колго тийгенден кийин, толук башы ачылгандан кийин, инвесторго биз 15 жылга ижарага бердик. "Мына салгын, 3 жылдыздуу отель эле, 5 жылдыздуу кылып салгын дагы, 15 жыл колдонгун, анан 15 жылдан кийин 100% бизге өткөрүп бергин", - деп келишип, атып, анан кийин ошентип өткөрүп бергенбиз. Жөн эле 15 жыл колдонбойт, жөн эле арендага берип коюп, 15 жыл карап отурбайбыз, бүгүнкү күндөн баштап айына 60 миң доллардан мамлекетке аренда төлөп турат. 60 миң доллар! Мурда 60 миң доллар эмес, тескерисинче 2023-жылы биз алган мезгилде 30 миллион сомдун тегерегинде ушул имараттын карызы бар болчу, ар кайсы төлөмдөр боюнча, коммуналык төлөмдөр бар. Мына ошентип бул имаратты инвесторлорго берип, 15 жылга мына ушундай абалга келтирдик. Мен муну эмне үчүн айтып жатам, силерде маалымат болсун деп айтып жатам. Анткени жанагы чет өлкөгө чыгып алып, жалган маалыматтарды токуп, "үрүп" жаткандарга ишенип албагыла деп айтам. Мына менин өз оозуман уктуңуздар, ошон үчүн маалымат иретинде айтып коёюн.
Жаңыланган мейманканада 174 номер, конференция жана ишкердик жолугушууларды өткөрүү үчүн залдар, ресторандар, спорттук жана эс алуу жайлары бар.
"Ак-Кеме" мейманканасы Кыргызстандын эгемендигинин алгачкы жылдарында, президент Аскар Акаевдин тушунда түрк ишкерлери тарабынан курулган. Кийин объекттин айланасында Кыргызстан менен түрк инвесторлорунун ортосунда узакка созулган талаш чыккан.
Жапаровдун айтымында, түрк ишкери мейманкананын Кыргызстан тарабынан мыйзамсыз алынганын айтып, Нью-Йорктогу сотко кайрылган.
Президенттин сөзүнө караганда, алгач Кыргызстан 16,5 миллион доллар төлөшү керек деген чечим чыккан. Соттун чечими өз убагында аткарылбагандыктан, сумма 2020-жылга чейин 30 миллион долларга чейин өскөн.
Жапаровдун айтымында, алар түрк тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, төлөнө турган сумманы 6,5 миллион долларга чейин түшүргөн.
Президент "Ак-Кеменин" кайра ишке киришин мамлекеттик активдерди натыйжалуу пайдалануунун мисалы катары атады.
Ал Кыргызстанда социалдык объектилер, жолдор, мектептер, аэропорттор жана туристтик инфратүзүм курулуп, мурда токтоп калган объектилер кайра жанданып жатканын айтты.
Жапаровдун маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанга түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 1 миллиард 310,8 миллион долларды түзгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 27,3% көп.
Ошондой эле Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун портфелинде жалпы көлөмү 456 миллиард сомдон ашкан 90дон ашык инвестициялык долбоор бар экенин айтты. Алардын 71и ишке ашырылып жатат.
Президент 2025-жылы Кыргызстанда 273 миңден ашуун жаңы жумуш орду түзүлгөнүн да билдирди.
"Ак-Кеме": мейманкананын талаштуу тарыхы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасы 1990-жылдары курулуп, кийин анын айланасында Кыргызстан менен түрк инвесторлорунун ортосунда узакка созулган эл аралык соттук талаш чыккан. Мейманкана бир нече жолу ээсин жана аталышын өзгөртүп, 2017-жылы мамлекеттин карамагына өткөн.
"Ак-Кеменин" тарыхы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарынан башталат. Мейманкана түрк компаниясы "Систем Мюхендислик" менен кызматташтыкта курулган.
Курулуш үчүн Түркиянын "Эксимбанкынан" Кыргызстанга ири насыя берилген. Анын бир бөлүгү мейманкана курууга жумшалган. 1990-жылдардын ортосунда объект "Пинара" деген ат менен иштей баштаган.
1999-жылы мейманкана банкрот деп жарыяланган.
Кийин мейманкана түрк компаниясынын көзөмөлүнөн чыгып кеткен. Түркиялык инвесторлор муну мыйзамсыз басып алуу деп атап, Кыргызстанга каршы эл аралык арбитражга кайрылган. Ошондуктан "Ак-Кеме" көп жылдар бою Кыргызстандагы эң талаштуу менчик объектилеринин бири болуп келген.
2017-жылы Кыргызстандын Каржы министрлиги мейманкананын мурдагы жетекчилигине мамлекетке келтирилген чыгымды өндүрүү боюнча доо койгон. Ошол кездеги маалыматтарда мейманкананын мамлекетке болгон карызы 936 миллион сом деп көрсөтүлгөн.
2017-жылы "Ак-Кеме" мейманканасы Мамлекеттик мүлк фондунун балансына өткөрүлгөн. Мейманкананын ошол кездеги жетекчилиги окуяны "рейдерлик басып алуу" деп баалаган. Ал эми Мамлекеттик мүлк фонду объект мыйзамдуу негизде мамлекеттин балансына өткөнүн билдирген.
Мамлекетке өткөндөн кийин "Ак-Кеме" узак убакыт бою толук кандуу иштеген эмес.





























