Жапаровдун "Ырыс Ордодогу" саясий ынтымак чакырыгы жана талкуу жараткан коноктор

Сүрөттүн булагы, SNS
24-августта Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда "Ырыс Ордо" конгресс-борборунун ачылышы өттү. Ага 1000дей конок чакырылып, арасында саясатчылар, чиновниктер, маданият кызматкерлери, ишкерлер жана блогерлер болду.
"Ырыс Ордо" мамлекеттик конгресс-борбору да, Бишкек Арена стадиону да толугу менен мамлекеттин каражатынын эсебинен курулду. Бүгүн өлкөбүздүн ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду өз алдынча ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жетип калды", - деди Садыр Жапаров "Ырыс Ордонун" ачылышында сүйлөп жатып.
"Ырыс Ордого" учурда сотто иши каралып жаткан мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, мурдагы элчи Эмилбек Узакбаев, атүгүл ошол күнү сот отурумуна жүйөлүү себептер менен катышпай койгону айтылган мурдагы айыл чабра министри Бекболот Талгарбеков да келди. Сот ишине негиз болгон "75чилердин" катына кол койгондордон башка да адамдар жүрдү.
"Кечээ саясий атаандаш болгонубузга же бүгүн айрым маселелер боюнча пикир келишпестиктерибизге карабай, мамлекет үчүн маанилүү иштерде саясий көз караштарды, жеке амбицияларды четке кагып, өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн бирге тура билишибиз керек", - деген Садыр Жапаров жаштарга да кайрылды:
"Учурдан пайдаланып, жалпы эле жаштарга бир насаат айта кетейин деп турам. Мына ушул залда эгемендүүлүк алган 35 жылда "Мен саясатчымын", "Мен чын өнүктүрөм", "Мен кыйынмын" деген дөө-шаалардын 100 пайызы чогулуп отурабыз. Эгемендүүлүктү алган 35 жылда биз бир-бирибиз менен акыйнек айтышып, болор-болбос маселелерге демагог болуп, популисттик куру кыйкырык кылып, бир-бирибизге жалган жалаа жабыштырып, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп келдик. Бирок мамлекетибиз жарытылуу жакшылыкка, ийгиликке жетишкен жок. Ошондуктан сиздер, урматтуу жаштар, биздин муундун ушундай терс жагынан үлгү албай, жакшы жактарынан үлгү алып, ынтымактуу жана биримдиктүү болуп, келечекке ишенимдүү көз караш менен карап, күчтүү Кыргызстанды курууну улантып кетишиңиздер керек".
"Ырыс Ордо" мамлекеттик конгресс-борборунун ачылышы менен катар, ага сот жообуна тартылып жаткан Зулушевдердин чакырылышы коомчулукта кызуу талкууга алынды. Талдоочу Эмил Жураев буларга токтолду:
"Бул Кыргызстандагы саясий маданиятты бир жагымдуураак жакка буруу, ынтымак деген сөздү бекемирээк ишке ашыруу деген максатта болду го деп ойлойм. Бирок, менимче, бул жерде укуктук жана моралдык, этикалык дагы негиздери болушу керек деп ойлойм. Албетте, бул кишилер толук соттолуп бүтө элек. Бирок, кантсе дагы, оор кылмыш кылды, мамлекетке, коомдун кызыкчылыктарына каршы болгон аракеттерге барышты деген жүйөлөр келтирилип жаткандан кийин, ошондой кырдаалда калың элдин көзүнчө андай тараптар, андай кишилер толук катышып турушу, ошондой эле президент сүйлөп жаткан жыйында абройлуу конок катары турушу, менимче, элге анчейин эки ача, туура эмес же так эмес сигналдарды жиберет. Бул, менимче, ошол адилеттүүлүк принцибине туура эмес келген көрүнүш".
"Ырыс Ордо" конгресс-холлу Президенттин администрациясы жайгашкан "Ынтымак Ордого" жанаша турат. Жалпы аянты 39 миң чарчы метр болгон имаратта 1238 орундуу конференц-зал, 1000 орундуу банкет залы, жолугушуу жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө ылайыкташтырылган атайын 5 бөлмө жана пресс-борбор бар. Ошондой эле расмий делегациялар үчүн 8 конок үйү да курулган. "Ырыс Ордодо" элдик курултай, эл аралык саммиттер, жолугушуулар, конференциялар жана башка масштабдуу иш-чаралар өткөрүлмөкчү.
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу башында турган сегиз кишини "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, алардын мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыраткан. Бирок сот үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуп, айыпталуучуларды эркиндикте калтырган. "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталышкан. Учурда иш прокуратуранын жана айрым айыпталуучулардын апелляциялык арыздарынын негизинде Бишкек шаардык сотунда каралууда. Айыпталуучулар коюлган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.




























