Казакстан Курултай депутаттарын шайлады. Токаев президенттик шайлоого барар-барбасын айткан жок

Сүрөттүн булагы, Getty Images
23-августта Казакстан Курултай депутаттарын шайлады. Экзит-поллдун жыйынтыгы боюнча, шайлоого катышкан жети партиянын бешөө Курултайга өтүү үчүн зарыл болгон 5 пайыздык чектен ашты. "Адилет" партиясы алдыда. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев алдыдагы президенттик шайлоого катышар же катышпасы тууралуу суроого так жообун 2027-жылы берерин айтты. Серепчилер бул шайлоо Токаевдин президенттик бийлигин дагы күчөтө турганын белгилеп жатышат. Ал эми Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев ден соолугуна байланыштуу үйүндө добуш берди.
"Евразиялык интеграция институту" "Хабар" телеканалынын тапшырмасы менен жүргүзгөн экзит-поллдун жыйынтыгында "Адилет" партиясы 71,8 пайыз добуш менен алдыга чыкты.
Экзит-поллдун жыйынтыгы:
"Адилет" – 71,8%;
"Айыл" – 6,4%;
"Республика" – 5,4%;
ЖСДП – 5,2%;
"Ак жол" – 5,1%;
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Казакстан элдик партиясы – 3%;
"Байтак" жашылдар партиясы – 1%;
бардык партияларга каршы – 2,1%.
Ал эми "Коомдук саясат институту" жүргүзгөн экинчи экзит-поллдун жыйынтыгы да ушуга жакын болду.
Ага ылайык, "Адилет" партиясы 72,3 пайыз добуш менен биринчи орунда турат. "Айыл" 6,2%, Республика 5,2%, "Ак жол" 5,1%, ЖСДП 5% добуш алган.
Казакстан элдик партиясы 2,8%, "Байтак" жашылдар партиясы 0,9% добуш алган. Бардык партияларга каршы добуш бергендердин көрсөткүчү 2,5% болгон.
Экзит-полл - шайлоочулар добуш бергенден кийин алардын кимге добуш бергенин билүү үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоо. Анын жыйынтыгы алдын ала мүнөздө болот. Шайлоонун расмий жыйынтыгын Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарат.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы 24-августта жарыяланат.
Мыйзамга ылайык, добуштарды саноо 12 сааттан ашпашы керек.
Өлкө аймагында 10 344 шайлоо тилкеси уюштурулган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоочулардын тизмесинде турган 12 миллион 605 миң 788 жарандын 9 миллион 352 миң 151и добуш берген. Бул жалпы шайлоочулардын 74,19 пайызын түзөт.
Аймактар арасында шайлоочулардын эң жогорку активдүүлүгү Түркстан облусунда – 92%, Жетисуу облусунда – 91% жана Кызылордо облусунда – 90% катталган.
Чыгыш Казакстанда шайлоочулардын 87,5%, Актөбөдө 88% жана Жамбыл облусунда 85,1% добуш берген.
Эң төмөн көрсөткүч Астана жана Алматы шаарларында катталды. Астанада шайлоочулардын 51%, Алматыда 43% добуш берген.
Жаңы бир палаталуу парламенттеги 145 мандат үчүн президентчил "Адилет" партиясы жана бийликти колдогон же системага лоялдуу дагы алты партия ат салышты.
"Адилет" партиясы шайлоого бир нече ай калганда түзүлүп, Назарбаевдин доорунда бийликтеги партия болгон "Аманатты" өзүнө кошуп алган. Ал партиялардын ичинен эң көп - 186 талапкерди көрсөткөн. Калган партиялардын тизмелеринде 76дан 33кө чейин талапкер бар.
Жаңы парламент - Курултай - март айында кабыл алынган жаңы Конституциянын негизинде түзүлөт. Жаңы Баш мыйзам Назарбаевдин дооруна расмий чекит коюп, анын үй-бүлөсүнүн жана жакын санаалаштарынын саясий жана экономикалык таасиринин аякташын билдирет.
Саясий түзүмдү кайрадан куруу Назарбаев менен байланышы бар "Казахмыс" жана Eurasian Resources Group (ERG) сыяктуу өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири өнөр жай активдерин кайра бөлүштүрүү менен коштолду.
Айрым активдерди коомчулукка анча белгилүү эмес ишкерлер расмий түрдө сатып алышкан. Бул алардын артында таасири кыйла күчтүү башка адамдар турушу мүмкүн деген божомолдорго негиз берди.
Дагы бир кадам катары, жаңы Конституция 1-июлда күчүнө киргенден бир нече күн өткөн соң Конституциялык сот анын кабыл алынышы Токаевге 2029-жылы күтүлүп жаткан кийинки президенттик шайлоодо дагы бир жети жылдык мөөнөткө талапкер болууга жол ачарын билдирди.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 23-августта добуш бергенден кийин суроолорго жооп берип жатып, алдыдагы президенттик шайлоого катышар-катышпасын 2027-жылы айта турганын билдирди.
"Кайрадан шайлоого катышууга мыйзам боюнча укугум бар. Алдыдагы шайлоого келсек, сиз сурагандай, шайлоого катышамбы же катышпаймбы деп айтууга азырынча эрте. Анткени өлкөбүздүн алдында турган абдан көп милдеттерди аткарышыбыз керек", - деди Токаев Курултайдын депутаттарын шайлоодо добуш берген күнү "Власть" басылмасынын журналистине.
Саясий серепчи Серик Бейсембаев Токаев эми "бийлигин толук бекемдеп, толук кандуу президент болуп, Назарбаевдин көлөкөсүнөн чыкканын" айтты.
"Жаңы Конституция Казакстандагы бийлик түзүмү боюнча анын көз карашын чагылдырат: өзүн-өзү талапкер кылып көрсөтө албаган, депутаттары партиялык тизме менен шайланган жана өз алдынчалыгы жок жаңы парламент", - деди ал "Азаттык Азия" сайтына берген маегинде.
Шайлоо өнөктүгү алдын ала даярдалган сценарий боюнча өтүп жаткандай таасир калтырды. Партиялар социалдык тармактарды активдүү колдонуп, өнөктүккө белгилүү адамдарды жана коомдук ишмерлерди тартышты. Ошондой эле алдын ала даярдалгандай көрүнгөн бир катар теледебаттар өткөрүлдү.
Ар бир партия шайлоо өнөктүгүн бир негизги билдирүүнүн айланасында курду. Бирок алардын баары дээрлик бирдей маселелерди көтөрүштү: адилеттүүлүктү камсыз кылуу, өндүрүш тармагын өнүктүрүү, санариптештирүүнү илгерилетүү, айыл жерлерин колдоо, эгемендүүлүктү бекемдөө жана айлана-чөйрөнү коргоого көбүрөөк көңүл буруу.





























