Баткенде 28 чек ара кызматкери кармалды. УКМК көзөмөл-өткөрмө бекеттердеги операция боюнча маалымат берди

Сүрөттүн булагы, УКМК
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөө башкармалыгы менен биргеликте Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы эки көзөмөл-өткөрмө бекетте атайын операция жүргөнүн жана ондогон аскер кызматкерлери кармалганын ырастады.
Маалыматка караганда, айрым бажы жана чек ара кызматкерлеринин мыйзамсыз акча чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схемасы аныкталып, бул ишмердүүлүккө бөгөт коюлду. 5-июнда жүргөн операциянын алкагында "Кадамжай" жана "Чечме" көзөмөл-өткөрүү пункттарында аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдары кармалды. Операция "Пара алуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргөн.
"Жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгында ири өлчөмдөгү улуттук валюта, Өзбекстан Республикасынын сумдары жана АКШ долларлары табылып, далил буюм катары алынды. Мындан тышкары, кошумча тергөө иш-чараларын жүргүзүү максатында УКМКга "Кадамжай" көзөмөл-өткөрүү пунктунан 17 чек ара кызматкери, Мамлекеттик бажы кызматынын 5 кызматкери, Ветеринардык көзөмөл кызматынын 1 кызматкери, 1 фельдшер жана 3 жаран жеткирилди. Ал эми "Чечме" көзөмөл-өткөрүү пунктунан 11 чек ара кызматкери жана Мамлекеттик бажы кызматынын 3 кызматкери жеткирилди", - деп айтылат расмий маалыматта.
Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Баткен облусунда ондогон аскер кызматкери кармалганын, атайын операция учурунда ок атылганын, алар УКМКнын тергөө абагына жеткирилгенин кечээ бир нече жергиликтүү басылма жазып чыккан. УКМК тараткан маалыматта ок атылганы жөнүндө сөз болгон эмес.

Сүрөттүн булагы, official
Кадамжайлык журналист Азамат Абсаттаров бул эки чек ара өткөрмө бекети аркылуу Кырызстандан Өзбекстанга, Өзбекстандан Кыргызстанга тынымсыз адам да, товар да өтүп турарын белгилейт. Кайсы бир таасирдүү адамдардын калкалоосу менен коррупциялык схемалар жолго коюлуп, аткезчилик орун алып келгени жергиликтүү калк арасында айтылып жүргөнүн эске салат:
"Кадамжай району Өзбекстан менен, тагыраагы Өзбекстандын эң чоң облустарынын бири Фергана менен чектешет. Өзүңөр билгендей, Кадамжай районунда Өзбекстандын эки анклавы бар. Бул Шахимардан жана Сох анклавдары. Кечеги кармоо жөнүндө айта турган болсок, Кадамжай буга чейин аткезчилик өтө көп орун алган райондордун бири. Кийин чек ара такталып, зым тартуу иштери жүргөндүктөн, мурдагыдай өтө эле ашкере аткезчилик байкалбай калды. Бирок менин божомолумда, биргелешип алып, керектүү күнүмдүк колдонгон товарларды эки өлкөгө алып өтүү схемасын ишке ашыруу уланып келген болушу мүмкүн. Себеби буга чейин Кадамжайда ушундай окуялар орун алып келген. Азыр бир тараптуу бир нерсе айтуу кыйын. Бирок сиз экөөбүз кайсы бир буюмду жөн эле алып өтө албайбыз да, туурабы? Бул мамлекеттик чек ара. Демек, бул жерде кайсы бир адамдардын таасири болушу мүмкүн. Мындай иштер жөнөкөй адамдардын колунан келбейт. УКМК ал жерде чек арачыларды, бажычыларды, ветеринарларды бекер жерден кармаган жок. Бул тыкыр иликтениши керек.
Быйыл февраль айынын башында УКМК Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы "Достук" көзөмөл өткөрүү бекетинин башчысын коррупция шеги менен кармаган.
Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулгандан бери "Кадамжай" жана "Чечме" көзөмөл-өткөмө бекетиндеги кармоолор атайын кызмат жүргүзгөн эң ири операция болуп калганы айтылууда.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда "Бек-Абад", "Маданият", "Баймак", "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кадамжай", "Кайтпас", "Ак-Кыя", "Өтүкчү", "Чечме", "Кара-Суу" жана "Кең-Сай" сыяктуу жалпысынан 15 өткөрмө бекети бар.
































