Илон Маск Кыргызстан Starlink интернетине кошулганын жарыялады

Сүрөттүн булагы, скриншот
Кыргызстан Starlink спутник интернетине кошулганын компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск X соцтармагына жазды.
"Starlink'тин жогорку ылдамдыктагы жана туруктуу спутник интернети эми Кыргызстанда жеткиликтүү болду!" деп белгиледи ал.
Кечээ, 25-майда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы бийик тоолуу Эңилчек айылындагы мектепте жогорку ылдамдыктагы спутник интернети расмий түрдө ишке кирди. Аземге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев видеоконференция аркылуу катышты.
Маалыматка ылайык, географиялык абалынын татаалдыгынан жана жер үстүндөгү коммуникациялардын жоктугунан улам буга чейин глобалдык тармакка чыга албаган Эңилчек айылындагы мектеп Starlink спутниктик системасы аркылуу кошулган өлкөдөгү биринчи социалдык объект болуп калды.
Адылбек Касымалиев окуучуларды жана мугалимдерди куттуктап, билим берүүнү санариптештирүү жана бардык жарандар үчүн билимге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу мамлекеттин негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. Ошондой эле мектепке 5 заманбап компьютер тапшырылды.
Мындан тышкары, Агартуу министрлигине мектепти мамлекеттик маалыматтык системаларга кошуу жана санариптик билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу тапшырмасы берилди.
Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда интернетке кошула элек дагы 6 мектеп бар. Өкмөт аларды да жакынкы убакта сапаттуу байланыш менен камсыздоону көздөп жатат.
Расмий маалыматка ылайык, 2026-жылдын 23-майынан тартып Кыргызстан Starlink картасында активдүү аймак катары көрсөтүлө баштады.
Масштабдуу техникалык инфраструктураны өлкө ичинде "ЭлКат" компаниясы жөндөдү.
Өкмөт өлкө ачык-айкындуулук жана эркин атаандаштык принциптерине берилгендигин, бир провайдер менен чектелбей турганын белгиледи.






























