Кытайдагы көмүр шахтасындагы жарылуудан 90го чукул жумушчу каза болду

ав

Сүрөттүн булагы, cnsphoto/Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жарылуу болгон шахтада куткаруучулар иштеп жатат.
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кытайдын түндүгүндөгү Шаньси провинциясындагы көмүр шахтасында газдын жарылуусунан кеминде 90 адам каза болду. Бул тууралуу Кытайдын Борбордук телекөрсөтүүсүнө шилтеме берүү менен Reuters агенттиги билдирди. Кырсык болгон жерде жүздөгөн куткаруучулар иштеп жатышат. Саламаттыкты сактоо мекемелерине 100дөн ашык адам жеткирилгени кабарланууда.

Газдын жарылуусу жума күнү кечинде Цинъюань уездиндеги "Люшэньюй" көмүр шахтасында болгон. Агенттиктин маалыматына караганда, кырсык болгон учурда жер астында 247 жумушчу иштеп жаткан.

Цинъюандын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, куткаруу иштери дагы деле уланууда. Газдын жарылуу себептери азырынча тактала элек.

Кытайдын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, шахтанын жетекчилиги кармалган. Шахтаны "Tongzhou Group" компаниясы башкарат.

Мамлекеттик ЖМКлар шахтадагы газдын деңгээли "жол берилген ченемден ашып кеткенин" билдиришти.

Кытай төрагасы Си Цзиньпин жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана аман калгандарды издөө үчүн болгон күч-аракетти жумшоого чакырды, ошондой эле өкмөттөн кырсыктын себептерин иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды.

2000-жылдардын башынан бери Кытай коопсуздук эрежелерин катаалдаштыруунун аркасында көмүр шахталарындагы өлүмгө алып келген учурлардын санын бир топ кыскартты деп белгилейт Reuters. 2000-жылдары мындай окуялар Кытайдын көмүр өнөр жайында кадимки көрүнүш болчу.

AFP агенттиги белгилегендей, бул акыркы 17 жыл ичиндеги Кытайдагы эң ири ушундай кырсык болуп саналат. 2009-жылы Хэйлунцзян провинциясындагы шахтада болгон жарылуу 108 адамдын өмүрүн алган.

Дагы бир ири кырсык 2023-жылы түндүктөгү Ички Монголия чөлкөмүндө болгон. Ачык көмүр кениндеги урап түшүүнүн кесепетинен 53 адам каза тапкан.