"Эгиз балдары бар эле". Кара-Сууда эки күндө эки келин өз жанын кыйды

Сүрөттүн булагы, official
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мамажан айылында көз жумган 21 жаштагы Анара Абдуллаеванын артында эгиз балдары калды. Айыл башчысы Шерали Жороев келинди тааный турганын, жашоо-шартынан да азын-оолак кабардар болгонун, соңку мезгилде кыйналып жүргөнүн айтты.
"Ал өзүбүздүн кызыбыз. Мамажандык болот. Атасы, эки байкеси, жеңелери бар. Эки жарым жыл мурун бекен, турмушка чыккан. Ошол мезгилдерде апасынын көзү өтүп кеткен. Кийин кыз ушул жерге, төркүнүнө келип төрөдү. Болгондо да эгиз төрөдү. Экөө тең уул бекен, ушундай. Негизи кыйналып жүрдү. Албетте, курсактары ток, бирок кыйын эле да. Күйөөсү жок болсо, өзү иштебесе, эки бала менен оор. Гуманитардык жардам берип жүрдүк. Бир жолукканда "алимент алсамбы, жашоо болбой жатат, бирок ЗАГС жок" деген. ЗАГС жок болсо да, сотко арыз жазып кайрыл дегем. Ошол боюнча кийин кабар ала алган жокмун. Кыздын сөгүн 22-май күнү жерге бердик. Атасы Орусияда иштеп жүрдү эле, келди. Чын-жалганын билбейм, азыр уктум, балдарын кайненеси алып кетиптир, - деди Мамажан айылынын башчысы Шерали Жороев.
Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү келин 22-майда каза болгонун ырастады. Маалыматка караганда, милициянын нөөмөт бөлүмүнө малымат 00:30 чамасында Ош облустук ооруканасынан түшкөн.
Алдын ала маалыматка караганда, келин өз үйүндө асынып алган абалда табылган.
"Окуя боюнча күбөлөр суралган. Маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Топтолгон материалдын жана дайындалган экспертизанын корутундусунун негизинде мыйзамдуу чечим кабыл алынат. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Бир күндөн кийин ушул эле Кара-Суу районунун Кыш-Абад айылында дагы бир кайгылуу окуя катталды. Айылдын башчысы Улук Абсатаров Би-Би-Сиге 23-май күнү 27 жаштагы Гүлдана Алишер кызы күмөндүү каза болгонун кабарлады:
"23-май күнү түштө жолдошу экөө кичине тамак тууралуу араздаша кетишкен экен. Үч уулу бар эле. Эң кичүүсү тогуз айлык болгон. Орто шартта жашаган үй-бүлө. Жолдошу Ош шаарында курулушта иштейт. Ошол күнү жолдошу үйдө эс алууда болгон экен".
Аймактык милиция 27 жаштагы келин мал сарайда асынып каза болгонун билдирип, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын кабарлады.
ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам ажал тапканын билдирген.






























