АКШ грин-карта толтуруу эрежесин катаалдаштырды

edgb

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматы (USCIS) жаңы билдирүү таратып, өлкө ичинде жүргөн чет өлкөлүк жарандар Green Card үчүн арызды АКШнын ичинде эмес, өз өлкөсүнө кайтып барып тапшырышы керектигин эскертти.

Билдирүүдө бул эреже иммиграциялык мыйзамдардын баштапкы маңызын калыбына келтирүү максатында киргизилип жатканы айтылат. Ага ылайык, АКШда убактылуу жүргөн адамдар, мисалы, студенттер, жумушчулар же туристтер, макамы аяктаганда өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш.

USCIS өкүлү бул чара иммиграция системасын тартипке келтирип, АКШда мыйзамсыз калуу учурларын азайтарын белгиледи. Ошондой эле мындай ыкма мекемеге башка маанилүү иштерге көбүрөөк көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берери айтылды.

Жаңы эреже өзгөчө кырдаалдарда гана АКШ ичинде арыз берүүгө уруксат болушу мүмкүн экенин да камтыйт.

Кошмо Штаттар соңку мезгилде миграциялык эрежелерди катаалдаштырып жатат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти быйыл 6-январда визалык күрөө талап кылынган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейткен. 25 өлкө менен кошо Кыргызстан да бул тизмеге киргизилген.

Ага ылайык 21-январдан тарта, B1/B2 категориясындагы виза алууну көздөгөн кыргызстандыктар үчүн 5 миңден 15 миң АКШ долларына чейинки өлчөмдө каржылык күрөө төлөө талабы киргизилет. Бул чара Кошмо Штаттарга кирген жарандардын өз убагында өлкөдөн чыгып кетишин камсыздоо максатын көздөй турганы айтылган.

Мындан мурдараак АКШ 75 мамлекетке, анын ичинде Кыргызстанга иммиграциялык визаларды берүүнү убактылуу токтотуу чечимин кабыл алган. Бул чектөөлөр дагы 2026-жылдын 21-январынан тарта күчүнө кирген.

Президент Дональд Трамп кызматка кайра келгенден бери АКШга мыйзамсыз гана эмес, мыйзамдуу миграцияны да чектөөгө умтулуп келет.

Кыргызстанга иш сапар менен келген АКШ президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Сержио Гор 4-февраль күнү визалык саясат кайсы бир мамлекетке түздөн-түз багытталбаганын, дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнө карата колдонулганын билдирген.