Садыр Жапаровдун бир гана коомдук кеңешчиси бар. Ал Чанпэн Чжао

Сүрөттүн булагы, president.kg
Учурда "Президенттин коомдук кеңешчиси" жана "Президенттин коомдук жардамчысы" деген кызмат Кыргызстандын жарандарынан эч кимге ыйгарылган эмес.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Бул билдирүү акыркы убакта айрымдардын тигил же бул адамды "Президенттин коомдук кеңешчиси же Президенттин коомдук жардамчысы" деп атап жаткандыгына байланыштуу.
Эске салсам, Президент Садыр Жапаров милдеттерин коомдук башталышта аткарып жаткан кеңешчилери менен жардамчыларынын баардыгын 2024-жылы сентябрда Президенттин Администрациясын реформалоо жана башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун алкагында бошоткон (коомдук башталыштагы 7 жардамчы жана коомдук башталыштагы 19 кеңешчи).
Учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао гана (санарип активдери жана блокчейн технологиялары маселелери боюнча)", - деп жазды Аскат Алагөзов.
Чанпэн Чжао криптовалюта базарында трейдинг менен алектенген программист. Ал 2017-жылы Binance криптобиржасын негиздеген.
2023-жылы АКШда Чжаого "акчанын изин жашырууга каршы мыйзамдарды бузган" деген негизде кылмыш иши козголгон. Ал санкцияга кирген адамдарга аянтча түзүп берген деп айыталган. Ишкер күнөөсүн мойнуна алып, компаниянын башкы директору кызматынан кеткен. 2024-жылы ал төрт айга кесилип, бир жылдык соттошуудан кийин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын ырайымы менен камактан бошотулган.
Кытай-канадалык ишкерди президент Садыр Жапаров 2025-жылы май айында Бишкекке чакырып, өзүнө коомдук кеңешчи кылып бекиткен. Чжао күбөлүк алуу иш-чарасында журналисттерге комментарий берип, Кыргызстандын улуттук санарип валютасын түзүүгө көмөктөшөрүн айткан.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
21-май күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президенттин мурдагы кеңешчиси делген Жаныбек Кубандыковду кармаган. Аны менен кошо А.К.Т. инициалындагы дагы бир адам кармалган. Алар чет өлкөлүк инвесторлорго ири өлчөмдө зыян келтирүүгө шектелүүдө. Жаныбек Кубандыковго карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүндө ("Алдамчылык") каралган кылмыштын белгилери боюнча иш козголгон.
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 22-майда Жаныбек Кубандыковдун баш коргоо чарасын карап, эки айга камакта калтырган.
Коомчулук арасында эгер учурда мамлекеттик кызматта иштебесе, инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзүп, акча талап кылгандай бул адам ким деген суроо кызуу талкууга алынган. Тарапташтары Жаныбек Кубандыков президенттин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болгонун, кийин да президент менен элдин ортосунда "көпүрө" милдетин аткарып келгенин ырасташкан.
Саясий чөйрөдө аны айрым адамдар "жакшы" тааныганы менен ачык булактарда ал жөнүндө кеңири маалымат жок. Президенттин коомдук кеңешчиси катары качан дайындалганы жана качан бошотулганы жөнүндө да расмий кабар көрө алган жокпуз.
Бирок былтыр, 2025-жылы президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан заводго барган кезде Жаныбек Кубандыков аны коштоп жүргөнүн көрүүгө болот.
"Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон Жаныбек Кубандыковдун жубайы Жогорку Кеңештин депутаты. Медина Кайрылбекова Талас облусундагы 16-округдан шайланып келген. Медина Карйылбекова 42 жашта. Өзү Ысык-Көл облусунун Түп районунан. Өмүр баянында англис тил мугалими, кийинчерээк жеке ишкер болгону жазылган.
Буга чейин иликтөөчү журналисттер бул түгөйлөрдүн байманалуу жашоосу жөнүндө материал жарыялашкан. Депутат расмий түрдө реакция жасаган эмес.






























