Ишкер Акай Кыдыров "Кыргызтест" сынагынан өттү. Шайлоого барарын айтты

Сүрөттүн булагы, social
Ишкер Акай Кыдыров "Кыргызтест" сынагынан өттү. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-октябрда Би-Би-Сиге билдирди. Кадыров дүйшөмбүдө Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) барып, талапкер катары арыз тапшырарын да кошумчалады.
"Окуу жана угуу бөлүгүнөн жыйынтык дароо чыгат экен. Окуудан 83, угуудан 88 балл алдым. Жазуу жана сүйлөө бөлүгүнүн жыйынтыгын кечээ беришти. Жазуудан 64, сүйлөөдөн 60 балл топтоптурмун. Ооба, буюрса, дүйшөмбү күнү БШКга арыз тапшырам. Төлөй турган акча бар", - деди Акай Кыдыров.
35 жаштагы Акай Кыдыров өткөн парламенттик шайлоодо 19-округдан депутаттыкка талапкерлигин койгон.
Күн мурун Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тесттен өткөнү маалым болгон. Ал кыргызчаны "канааттандырарлык" деңгээлде билет деген баа алган.
20-октябра тест тапшырган Масалиев окуу бөлүгүнөн 73, угуу бөлүгүнөн 76 упай алган болчу.
8-октябрда президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев менен мурдагы ички иштер министри Суваналиев "Кыргызтестке" кырыз тилинен тест тапшырган.
Бирок экөө тең мамлекеттик тилдин деңгээлин аныктаган тесттен өтпөй калган.
Сыймык Жапыкеев 21-октябрда "Кыргызтестке" кайра сынак берген. Ал мурда өтпөй калган жазуу боюнча тапшырманы аткарган.
БШКга арыз калтыруу үчүн талапкерлерде шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастаган документ, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендигин тастыктаган декларация, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө декларация, мамлекеттик тилди билүү денгээли "ортодон жогору" деңгээлинен төмөн эмес сертификат, шайлоо алдындагы программа болуш керек.
Андан кийинки баскычта шайлоочулардын 30 миң колун топтоо зарыл. Кол топтоо 8-декабрда аяктайт. Азырынча "Түндүк" тиркемесинде бир гана талапкердин ысымы турат.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат.
Президенттик шайлоо 2027-жылы 27-январь күнү өтөт.
































