Путин Украина менен сүйлөшүүнү кайра баштоого даяр. Уиткофф менен жолугушуунун жыйынтыгы

Сүрөттүн булагы, KREMLIN POOL/EPA/Shutterstock
Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Санкт-Петербургда жолугушту. Үч саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин Кремль ноябрдын башында АКШнын катышуусунда Орусия менен Украинанын ортосундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун башында Уиткофф Орусия Украина тарапта согушканы үчүн соттолгон, 74 жаштагы АКШ жараны Стивен Хаббардды бошотконун маалымдады.
Путин менен Уиткоффтун жолугушуусу аяктагандан кийин Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков сүйлөшүүлөрдө Орусия, АКШ жана Украинанын өкүлдөрүнүн катышуусундагы үч тараптуу сүйлөшүүнү кайра жандандыруу маселеси кеңири талкууланганын билдирди.
"Президент Стив Уиткоффко негизги маселе боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү ноябрда кайра баштоого, жалпысынан алганда, даяр экенибизди айтты. Сөз жаңжал аяктагандан кийин Орусия менен Украинанын коопсуздук системасын түзүү жөнүндө болуп жатат",- деди Ушаков журналисттерге.
Анын айтымында, Уиткофф бул сунушту колдоп, мындай чечимди АКШ президенти Дональд Трамп кубануу менен кабыл аларын билдирген.
Ушаковдун маалыматына караганда, кийинки жолугушуу Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде өтүшү мүмкүн. Бирок делегациялардын курамы азырынча аныктала элек. 2026-жылдын январында да Абу-Дабиде Орусиянын, Украинанын жана АКШнын өкүлдөрүнүн катышуусунда үч тараптуу сүйлөшүүлөр өткөн.
Украинанын президенти Володимир Зеленский да ошол эле күнү кечинде бул маселе боюнча билдирүү жасады.
"Бизге жеткен маалыматка караганда, Орусия биздин командалардын деңгээлинде үч тараптуу жолугушуу өткөрүүнү колдойт. Америкалык тарап аны мүмкүн болушунча тезирээк өткөрүүнү сунуштап жатат. Биз муну колдойбуз",- деди Зеленский журналисттерге жөнөткөн үн билдирүүсүндө.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Санкт-Петербургдагы жолугушууга чейин Дональд Трамп АКШ, Орусия жана Украинанын лидерлери катышкан жыйын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн да сөз кылган. Анын алдында Володимир Зеленский да Ослодо мындай жолугушуунун зарылдыгын белгилеген. Бирок бул маселе Санкт-Петербургдагы сүйлөшүүлөрдө талкууланган-талкууланбаганы тууралуу Ушаков маалымат берген жок.
Ушаков Уиткофф Ослодогу сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусияга алып келген сунуштардын чоо-жайына токтолгон жок. Ал алардын арасында "айрым жаңы жагдайла" бар экенин, бирок жаңжалды жөнгө салууга пайдалуу сунуштар анчалык көп болбогонун айтты.
Уиткофф Санкт-Петербургдан Ослого учуп кеткенде сүйлөшүүлөр боюнча журналисттерге комментарий берген эмес. Бирок кечинде X социалдык тармагындагы баракчасына жолугушуу конструктивдүү маанайда өткөнүн жазды.
"Иш АКШ, Орусия жана Украинанын ортосундагы техникалык деңгээлдеги үч тараптуу сүйлөшүүлөр форматында улантылат",- деп билдирди ал.
Киев Кремлдин үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо сунушу боюнча азырынча өзүнчө расмий билдирүү жасай элек. Бирок сентябрдын аягында Зеленский АКШ мындай форматка кайтууну сунуштап жатканын, алгач Абу-Дабиде техникалык деңгээлдеги жолугушуу өткөрүү каралып жатканын айткан. Ал кезде так даталар белгилене элек болчу.
Путин менен Уиткоффтун жолугушуусу Санкт-Петербургдун жанындагы Стрельна кыштагында жайгашкан Константин сарайында жабык эшик артында өттү. Ага Орусия президентинин чет мамлекеттер менен инвестициялык-экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев да катышты.
Шаршемби күнү эртең менен Дмитриев Уиткоффту Пулково аэропортунан тосуп алган. АКШ өкүлү ал жакка Ослодон, Украинанын президенти Володимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдөн кийин келген. Жолугушуу аяктаганда Дмитриев аны кайра узатып койгон.
Дональд Трамптын дагы бир өкүлү, күйөө баласы Жаред Кушнер ооруп калгандыктан Санкт-Петербургга да, Ослого да бара алган эмес. Бирок ал буга чейин Уиткоффтун Зеленский менен болгон жолугушуусуна видеобайланыш аркылуу катышкан. Ушаковдун маалыматына ылайык, Санкт-Петербургдагы сүйлөшүүлөргө да ушул эле форматта кошулган.
Акыркы эки жылда Уиткофф менен Кушнер Орусияга бир нече жолу барышкан. Алар акыркы жолу сентябрдын башында келишкен. Андан кийин биринчи жолу Киевге да барышкан.
Бирок көптөгөн жолугушууларга жана сүйлөшүүлөргө карабастан, азырынча олуттуу жылыш байкала элек. Негизги тоскоолдуктардын бири - аймактар маселеси.
Москва Украина Донбасстын Орусиянын көзөмөлүнө өтө элек аймактарын кошкондо, аймактын бардык жеринен аскерлерин чыгарышын талап кылууда. Киев бул талапты четке кагып келет. Украин бийлиги акыркы айларда украин аскерлери, тескерисинче, Орусия басып алган аймактардын айрым бөлүктөрүн кайра көзөмөлүнө алганын билдирүүдө.
АКШ жаранынын бошотулушу
Путин менен жолугушуунун башында Уиткофф Орусия АКШнын жараны Стивен Хаббардды бошотконун жарыялады. АКШнын Мамлекеттик департаменти аны мыйзамсыз кармалган деп айтып келген. Путин Хаббард учурда Санкт-Петербургдагы Пулково аэропортунда экенин билдирди.
Кремлдин расмий стенограммасына ылайык, Уиткофф Путинге ыраазычылык билдирип, мындай деди:
"Сиз менин президентим, президент Трамп гуманитардык маселелерге чындап көңүл буруп, аларды чечүүгө аракет кылган адам экенин көп айтасыз. Мен сиз да ушул маселени адамгерчилик менен карап, аны чечүүгө макулдук берген адам экениңизди белгилегим келет. Бул үчүн сизге ыраазычылык билдирем".
Трамп да Хаббарддын бошотулушун "мурда болуп көрбөгөн окуя" деп атады.
"Стивен азыр мекенине кайтып келе жатат жана жакында үй-бүлөсү менен кайрадан жолугат. Президент Трампка болгон урматтын белгиси катары АКШдан эч кандай жооп иретиндеги кадам талап кылынган жок. Орусия үчүн бул - болуп көрбөгөн окуя. Аны бошотуу үчүн эч кандай "алмашуу" талап кылынган жок",- деп жазды ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына.
Бир күн мурда Трамп журналисттерге 74 жаштагы Хаббарддын тагдырын Путин менен талкуулаганын айтып, анын жакында бошотулушу мүмкүн экенин кыйыткан.
"Окуянын өнүгүшүнө көз салып туруңуздар. Мен майда-чүйдөсүнө чейин токтолгум келбейт, бирок Хаббарддын иши көптөн бери созулуп келет, мен бийликке келгенге чейин эле башталган. Бул маселени бир-эки күндөн кийин кайра эстеңиздер. Мен башкалардын колунан келбеген иштерди жасап жатам",- деген Трамп Ак үйдүн Овал кабинетинде журналисттерге.

Сүрөттүн булагы, t.me/moscowcourts
Мичиган штатында туулуп өскөн Хаббард көп жылдар бою чет өлкөлөрдө жашап, англис тилинен сабак берген. 2014-жылы Украинанын Изюм шаарына көчүп барган. Бул шаар 2022-жылы Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдагы басып кирүүсүнөн кийин орус аскерлеринин көзөмөлүнө өткөн.
Орусиянын тергөө версиясына ылайык, Хаббард жергиликтүү аймактык коргонуу батальону менен келишим түзүп, айына миң долларга жакын акы алууга макул болгон. Айыптоочу тараптын билдиришинче, ал 2022-жылдын апрелине чейин согуштук аракеттерге катышып, ошол кезде орус аскерлери тарабынан кармалган. Хаббарддын эжеси Патрисия Хаббард Фокс ага коюлган айыптарды четке каккан.
2024-жылдын күзүндө Москва шаардык соту Хаббардды жалданма аскер катары куралдуу жаңжалга катышкан деп күнөөлүү деп таап, жалпы режимдеги колонияда алты жыл он айга эркинен ажыраткан.
Хаббард акыркы айларда Орусиянын абагынан бошотулган биринчи америкалык эмес. Август айында Орусия гуманитардык негизде АКШнын мурдагы деңиз аскер кызматкери Роберт Гилманды да бошоткон. Анын ден соолугуна байланыштуу олуттуу кооптонуулар болгондуктан, ал АКШга атайын медициналык учак менен жеткирилген. Гилмандын укуктарын коргогон уюмдун билдиришинче, ал Орусиянын абагында кыйноого кабылган.
Гилман бошотулгандан кийин АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү бул окуя Орусияда адилетсиз кармалып жаткан башка америкалыктардын да бошотулушуна жол ачат деген үмүтүн билдирген.
Ошол эле учурда Орусиянын түрмөлөрүндө АКШнын башка жарандары дагы калууда. Алардын арасында мыйзамсыз курал жүгүртүү боюнча айыпталып, сегиз жарым жылга кесилген Андре Хачатурян, терроризмге жана экстремизмге үндөгөн деп айыпталып, алты жылга эркинен ажыратылган Александр Антонов, ошондой эле баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү иши боюнча он жылга соттолгон Ольга Джезлер бар.





























