Ак илбирске аңчылык азайды, эми ага эмне коркунуч туудурууда?
Элеонора Куленбекова,
Би-Би-Синин кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Yam G-Jun/Getty Images
Кыргызстанда канча ак илбирс бар? Алардын саны көбөйүп жатабы? Бул сейрек жаныбарды жана анын тоолордогу жашоо чөйрөсүн коргоо үчүн кандай иштер жасалууда? Бул суроолор 23-октябрда белгиленүүчү Ак илбирстин эл аралык күнүнө карата өзгөчө маанилүү. Ереванда өтүп жаткан БУУнун биоартүрдүүлүк боюнча COP17 конференциясында да ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн сактоо маселеси талкууланууда.
Кыргызстанда ак илбирсти коргоо жана изилдөө менен алектенген уюмдардын бири - "Илбирс" фонду. 2016-жылы түзүлгөн уюм ак илбирстерди гана эмес, алар жашаган экосистемадагы башка жапайы жаныбарларды да изилдейт. Фонддун директору Заирбек Кубанычбеков Ереван шаарында Би-Би-Сиге берген маегинде өлкөдөгү ак илбирстердин саны, алар үчүн коркунуч туудурган жагдайлар жана бул сейрек жаныбарды сактоо үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Кыргызстанда канча ак илбирс бар?
Заирбек Кубанычбековдун айтымында, былтыркы илимий баалоонун жыйынтыгында Кыргызстанда 300дөн 360ка чейин чоң ак илбирс бар экени аныкталган. Бул эсепке алардын балдары кирбейт.
Ак илбирстин санын аныктоо үчүн азыр бирдиктүү илимий ыкма колдонулат. Кыргызстандагы адистер да эл аралык изилдөөлөргө катышып, жаныбарларды ушул ыкма менен эсептөөгө аракет кылышат.
"Мурда ак илбирстерди эсептөө кыйыныраак болчу. Он жылдай мурун фотокапкандар азыркыдай кеңири колдонулган эмес. Бир эле илбирс эки башка капчыгайдан көрүнүп калса, аны эки башка жаныбар деп эсептеп алуу коркунучу бар эле", - дейт Кубанычбеков.
Азыр фотокапкандарга түшкөн сүрөттөрдү салыштырып, илбирстерди терисиндеги өзгөчө тактары аркылуу айырмалоого болот. Бул алардын санын тагыраак аныктоого жардам берет.
"Бирок азыркы көрсөткүчтөрдү он жыл мурунку маалыматтар менен түз салыштыруу кыйын. Себеби эсептөө ыкмалары кыйла өзгөрдү. Ошондуктан ак илбирстердин саны көбөйдүбү же азайдыбы деген суроого жооп берүүдө муну эске алуу зарыл", - дейт "Илбирс" фондусунун жетекчиси.
Ак илбирске эмне коркунуч туудурууда?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кубанычбековдун айтымында, акыркы жылдары ак илбирске аңчылык жана анын терисин сатуу мурдагыга салыштырмалуу азайды, дээрлик жокко эсе. Ал муну жапайы жаныбарларга байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн жазанын күчөтүлүшү менен да байланыштырат.
Бирок ак илбирске коркунуч туудурган башка жагдайлар бар. Алардын бири - бийик тоолуу жайыттарда малдын көбөйүшү.
"Мал жайылган аймактар өйдөлөп отуруп, ак илбирс байырлаган жерлерге жакындап жатат. Мында адам менен жапайы жаныбардын ортосунда конфликтке алып барчу жагдай жаралышы мүмкүн. Илбирс малга кол салса, малын коргоого аракет кылган малчы ага зыян келтириши ыктымал", - дейт Кубанычбеков .
Дагы бир коркунуч - үй жаныбарларынан жапайы жаныбарларга оорулардын жугушу. Мындай тобокелдиктерди түшүнүү үчүн малдын жайылышын гана эмес, жапайы жаныбарлардын абалын жана алардын жашоо чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү да изилдөө керек.
Ак илбирстин жашоосу анын азыгы болгон жапайы жаныбарлардын санына да байланыштуу. Кубанычбековдун сөзүнө караганда, илбиристерге болгон басым мурдагыга салыштырмалуу азайган. Ошентсе да, жапайы жаныбарлардын санын жана жашоо чөйрөсүн үзгүлтүксүз изилдеп туруу зарыл.
Ак илбирс жай көбөйөт. Кубанчбековдун айтымында, мурда ургаачы илбирс эки жылда бир тууйт деген түшүнүк болгон. Бирок жаңы изилдөөлөрдө төлдөө аралыгы үч-төрт жылга чейин созулушу мүмкүн деген пикирлер айтылып жатат. Бул маалыматты тактоо үчүн кошумча илимий далилдер керек.
"Илбирс" фонду эмне иштерди аткарат?
2016-жылы түзүлгөн фонд ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн коргоо менен бирге, тоо экосистемаларындагы башка жаныбарларды да изилдейт.
Фонддун негизги багыттарынын бири - ак илбирстин азыгы болгон жапайы туяктуу жаныбарларды, анын ичинде тоо эчкиси менен аркарды изилдөө. Алардын саны азайса, бул ак илбирстин жашоосуна да таасир этиши мүмкүн.
Изилдөөлөрдө фотокапкандар колдонулуп, жаныбарлардын кайсы аймактарда жүргөнү жана кандай шартта жашаганы аныкталат. Мисалы, фонддун маалыматына ылайык, 2024-жылы Ысык-Көл облусундагы Байбосун микрокоругуна жүргүзүлгөн изилдөөдө фотокапкандарга кеминде беш башка ак илбирс түшкөн.
Мындай изилдөөлөр жаныбарлардын таралышын түшүнүүгө жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоо үчүн кандай чаралар керектигин аныктоого жардам берет.
Фонд жергиликтүү жамааттар менен да иштейт. Ак илбирс жашаган аймактарда мал чарбачылыгы маанилүү болгондуктан, жаратылышты коргоо менен жергиликтүү элдин тиричилигинин ортосундагы тең салмакты табуу зарыл. Ошондуктан жамааттарды жаратылышты коргоо иштерине тартуу жана алардын демилгелерин колдоо да фонддун ишинин бир бөлүгү болуп саналат.
Дагы бир багыт - климаттын өзгөрүшүнүн жаратылышка тийгизген таасирин изилдөө. Климат өзгөргөн сайын тоо экосистемаларынын абалы да өзгөрүшү мүмкүн. Бул жапайы жаныбарларга эле эмес, ошол аймактарда жашаган адамдарга жана алардын малына да таасир этет.
Ак илбирстин саны боюнча эмне үчүн эки башка маалымат бар?
Кыргызстандагы ак илбирстердин саны боюнча расмий билдирүүлөрдө айырма бар.
2026-жылдын мартында Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Раимкулова парламентте өлкөдө ак илбирстердин саны 550дөн ашканын билдирген. Ал эми Кубанчбеков былтыркы илимий баалоонун негизинде 300–360 чоң ак илбирс бар экенин айтууда.
Бул эки көрсөткүчтүн айырмасы эсептөөнүн ыкмасына, изилдөө жүргүзүлгөн жылга же балдарын эсепке алуу тартибине байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок муну так айтуу үчүн эки баалоонун методикасын салыштыруу зарыл.
Ак илбирстердин санын так билүү аларды коргоо боюнча иштердин натыйжасын баалоо үчүн да маанилүү. Ошондуктан расмий эсептер эмнеге негизделгенин жана ар башка көрсөткүчтөрдүн ортосундагы айырма эмнеден келип чыкканын тактоо зарыл.
Ак илбирсти сактоо анын санын билүү менен эле чектелбейт. Анын азыгы болгон жапайы жаныбарларды, жашаган тоолорун жана адам менен жапайы жаратылыштын ортосундагы мамилени да коргоо керек. Мына ушул иштердин баары бирге жүргүзүлгөндө гана ак илбирстин келечегин камсыз кылууга болот.
- Бул материал Informed Earth уюму жана Internews'тун Earth Journalism Network тармагы менен биргеликте уюштурган 2026-жылдагы БУУнун Биологиялык артүрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын COP17 стипендиялык программасынын алкагында даярдалды.





























