Рубионун орус тили тууралуу айткандары Өзбекстанда талкуу жаратты

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Өзбекстанга сапарынын жүрүшүндө орус тили өлкөдө "эми расмий тил болбой калды да" деген билдирүүсү жергиликтүү маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда кеңири талкууну жана түрдүү пикирлерди жаратты.
Пикирин жазгандар мамлекеттик катчынын сөздөрүн ар кандай баалашууда. Кээ бирлери мындан Өзбекстандын тил суверенитети тууралуу эскертүүнү байкашса, башкалары Борбордук Азия үчүн тилге жана улуттук иденттүүлүккө тиешелүү сезимтал бул тема ойлонулган дипломатиялык белги болушу мүмкүн деп кабыл алышты.
Окуя 21-октябрда Өзбек тилинин күнү алдында болуп, коомдун назарын кайрадан өзбек жана орус тилдеринин абалына, ошондой эле кириллицаны колдонууга бурду.
Президент Шавкат Мирзиёев мамлекеттик тилдин коомдук турмуштагы жана бийлик органдарынын ишиндеги ролун бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Эмне болду?
19-октябрда Самаркандда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио журналисттер менен баарлашып жатканда, алардын биринен: "Сиз жергиликтүү тилде сүйлөйсүзбү? Өзбек тилиндеби?", - деп сурады.
Журналист орус тилин бир аз билерин айтып, ошол тилде жооп берүүгө аракет кылды. Ошондо Рубио: "Түшүнүктүү. Орус тили бул жерде расмий тил болбой калган турбайбы. Бирок бул жакшы. Орус тилинде көпчүлүк сүйлөрүн түшүнөм", - деп айтты.
Бул сүйлөшүүнүн кыскача видеосу ошол эле күнү Uzdiplomat телеграм-каналына жарыяланды. Бул каналды өзүнүн курч сөздөрү менен белгилүү өзбекстандык журналист Анора Содик жүргүзөт.
Uzdiplomat Рубионун сапарынын программасына Борбордук Азиянын беш мамлекетинин тышкы иштер министрлери менен C5+1 форматындагы сүйлөшүүлөр, Өзбекстандын жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуулар, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрү менен жолугушуулар киргенин эске салды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Видео тууралуу Анора Содик өз каналында мындай деп жазды: "АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио биздин аткаминерлер 30 жылдан бери айта албай келген нерсени айтты".
"Ал орус тилинде сүйлөгөн журналистке орус тили мындан ары Өзбекстанда мамлекеттик тил болбой калганын эске салды. Кандай гана парадокс: америкалык дипломат өз тилибиздин өз өлкөбүздөгү статусун көрсөтүп жатат", - деп жазды журналист.
Мындан тышкары, окуянын жүрүшүндө Рубио менен сүйлөшкөн ошол журналисттин тек жайы тууралуу маалыматтар ар башкача чыкты.
Мисалы, Казакстандын Ulysmedia.kz жеке жаңылыктар басылмасы ал "жергиликтүү журналист" экенин кабарлады. Бирок өзбекстандык белгилүү Kun.uz жеке жаңылыктар басылмасы сөз чындыгында Bloomberg агенттигинин журналисти тууралуу болуп жатканын жазды.
"Марко Рубиого суроо берген адам жергиликтүү маалымат каражаттарынын өкүлү эмес, Bloomberg'дин журналисти Эрик Мартин болгону аныкталды. Ал мамлекеттик катчыга англис тилинде кайрылган, ушундан кийин Марко Рубио андан өзбекче сүйлөй алабы деп сураган", - деп түшүндүрдү басылма.
Атайын жасалган дипломатиялык кадамбы?
Марко Рубионун Регистан аянтында журналисттер менен баарлашкан видеосу Өзбекстан үчүн сезимтал болгон тил темасынын айланасында кеңири талкууну жаратты. Мамлекеттик өзбек тилинен тышкары, өлкөдө орус жана тажик тилдери кеңири колдонулуп келет.
"Бул кыска пикир алмашуу учурунда тил маселеси козголуп, көпчүлүктү бушайман кылды. Тактап айтканда, суроо узаткан журналист жергиликтүү маалымат каражатынын өкүлү деп жаңылыш ойлоп, аны сындагандар көп болду", - деп белгилейт Kun.uz.
Казакстандын белгилүү саясат таануучусу Газиз Абишев АКШнын мамлекеттик катчысынын Өзбекстандагы орус тили тууралуу айткандары "кокустук болбошу мүмкүн" экенин жана Вашингтондун Борбордук Азиядагы кызыкчылыктарына жооп берерин белгиледи.
Ulysmedia.kz жазгандай, Абишев "Рубиону башка өлкөлөрдүн тургундарынын бир нече тилде сүйлөгөнү чындап эле тынчсыздандырары күмөндүү" деп эсептейт, себеби мамлекеттик катчы өзү да АКШда суроолорго кээде испан тилинде жооп берет.
"Рубионун Борбордук Азияга сапарынын алдында Вашингтон чөлкөмдөгү өз кызыкчылыктарын аныктап алган. Абишевдин баамында, ошол кызыкчылыктардын арасында америкалык бизнестин жаратылыш ресурстарына жеткиликтүүлүгү, диний экстремизмге каршы күрөшүү жана Орусия менен Кытайдын таасирин азайтуу бар", - деп жазды басылма.
"Саясат таануучу Абишев америкалык дипломаттар мамлекеттик катчы үчүн Борбордук Азиянын беш өлкөсүндөгү кырдаал тууралуу материалдарды алдын ала даярдап коюшкан деп божомолдойт. Ошол материалдарда чөлкөм үчүн сезимтал маселелер да чагылдырылышы мүмкүн. [...] Орус тилинин статусу тууралуу айтылган сөз терең ойлонулган дипломатиялык белги болушу ыктымал", - деп жазды басылма.
Абишев Рубионун айткандары өтө кыска болгону менен, өз максатына жеткенин кошумчалады.
"Рубио тажрыйбалуу саясатчы, АКШнын шайлоо системасында керектүү сандагы сөздөрдү чыпкадан өткөрүп, ток этээр жерин баса көрсөтө алган чыныгы карышкырлар гана жашап кетет. Туура түзүлгөн фраза – мүмкүн болушунча аз тобокелдиктер – мүмкүн болушунча көп натыйжа", - деди Абишев.
Коомду козгогон тема
Өзбекстандык музыкант жана блогер Жасур Мирсагатов Фейсбуктагы баракчасына: "Интернетте токтобой жаткан талаш-тартыштардын негизги себеби мындай: Рубионун айткандары бир эле учурда бир нече оор теманы: тил маселесин, Өзбекстандын улуттук иденттүүлүгүн жана орус тилинин постсоветтик мейкиндиктеги ролу тууралуу саясий талкууларды козгоду", - деп жазды.
"Өзбек тилинин ролун бекемдеш керек дегендер үчүн бул улуттук эркиндиктин символу. Орусиянын Борбордук Азиядагы таасирине түйшөлгөн аудитория үчүн бул чөлкөмдөгү тилдин жана саясаттын эгемендигин эске салган окуя болду. Орус тилдүү аудитория болсо мамкатчынын сөзүн орус тилинен көз көрүнөө алыстоо катары кабыл алышы мүмкүн", - деп түшүндүрдү ал.
"Менин тыянагым мындай: видеодогу бул үзүндү биринчи кезекте кыска, эмоционалдык жактан түшүнүктүү болуп, бир сүйлөмдү өзүнүн саясий позициясын тастыктоо катары чечмелөөгө мүмкүндүк бергендиктен кеңири жайылып жатат, - деп кошумчалады Мирсагатов. – Бирок кыйлы тагыраак чечмелениши мындай: Рубио өзбек тилинин статусун эске салып, ошол эле учурда орус тили кеңири жайылган тил бойдон калып жатканын моюнга алды. Азырынча Рубио тил талкуусун атайылап козгоду дегенге далилдер жок".
Өзбек тилинин күнү
Ал арада билим берүү жаатындагы эксперт Комил Жалилов 20-октябрда Өзбекстандын мамлекеттик мекемелеринде орус тили жана кириллица дагы эле кеңири колдонулуп жатканын, бул өз кезегинде мамлекеттик тилдин мыйзам менен бекитилген жазуусу болгон латын арибине толук жана ыкчам өтүүнү кыйындатып жатканын билдирди.
"Эң таң калыштуусу, өзбек тилинин жалгыз расмий жазуу системасы катары латын ариби мыйзам менен бекитилгенине карабастан, жогорку мамлекеттик мекемелерде иш кагаздары дагы эле кирилл арибинде (көп учурларда башка мамлекеттик тилде) жүргүзүлүп келет", - деп жазды эксперт өзүнүн телеграм-каналында.
Анын баамында, "өзбек тилинин ушул күнгө чейин бирдиктүү, мыйзам менен белгиленген жазуу системасына толук өтпөгөнүнүн чыныгы себеби мындай: алфавиттин өзү кандайдыр бир "ыңгайсыз болгону" үчүн эмес, жетекчилик кызматтарды ээлеген жана чечимдерди кабыл алган көптөгөн адамдар ага өтүүнү каалабай жатышат".
Америкалык дипломаттын сөздөрүнүн айланасындагы талаш-тартыштар өлкөдө 21-октябрда белгиленүүчү Өзбек тилинин күнүнө туш келди.
Президент Шавкат Мирзиёев элге кайрылуусунда "ар бир тилдин өнүгүүсү адамдардын өз оюн канчалык так жеткире алганынан жана өзбек тилинде даярдалган расмий документтерди канчалык оңой түшүнгөнүнөн билинет", - деп билдирди.
"Мыйзамдар, чечимдер, нускамалар жана кайрылууларга жооптор сабаттуу, так жана түшүнүктүү тилде жазылышы керек. Мамлекеттик тилге болгон урмат мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку сапатында да билинүүгө тийиш", - деп белгиледи президент.
Өзбекстанда тил маселеси айрыкча орус тилин колдонуу жөнүндө сөз козголгондо адатта талаш-тартыштардын предметине айланып келет.
Алсак, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Самарканддагы аскердик мемориалда орус тилинде жазуулардын жоктугуна нааразы болгону коомчулуктун сынына кабылган. (ZMa)






























