"Жунхайда" чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду

Сүрөттүн булагы, Official
"Жунхайда" чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 22-октябрында саат 19:40 чамасында "102" кызматына "Дордой" конушунда, Дордой-6 жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан люстра сатылуучу кампадан өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Текшерүү учурунда өрт Ибраимов көчөсүндөгү № 39 жана № 41 "К" үйлөрүнүн аймагында жайгашкан соода түйүндөрүнүн бириндеги кампадан чыкканы аныкталган. Кампа буга чейин "Лампос" деген ат менен белгилүү болгон жана "Свет Про" менен "Мир Люстр" контейнерлеринин ортосунда жайгашкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт Ибраимов көчөсүндөгү № 41 "К" дарегинде жайгашкан кампалардын биринде белгисиз себептерден улам чыгып, андан соң жанаша турган люстралар жана башка жарык берүүчү жабдуулар сакталган "Свет Про" жана "Мир Люстр" контейнерлерине жайылган.
Коомдук тартипти камсыз кылуу, мүмкүн болгон укук бузуулардын, уурулуктардын жана талап-тоноочулук фактыларынын алдын алуу максатында окуя болгон жерге Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 200 кызматкери тартылган. Аймак кайтарууга алынып, коомдук тартиптин бузулушуна жол берилген эмес.
Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана денесинен жаракат алгандар катталган жок.
Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 45 кызматкерден турган 7 өрт өчүрүүчү эсеп тартылган.
ӨКМдин өрт кызматынын алдын ала маалыматына ылайык, өрттүн кесепетинен 25 контейнер жабыркап, өрт каптаган аянт болжол менен 1 000 чарчы метрди түзгөн.
Өрттүн келип чыгышынын мүмкүн болгон себептери катары ширетүү иштерин жүргүзүүдө өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулушу жана электр зымдарынын талаптагыдай туташтырылбашынан улам келип чыгышы айтылууда.
"Өрттүн так себептери тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы менен аныкталат. Окуянын жагдайларын толук жана объективдүү аныктоо, ошондой эле зарыл болгон тергөө аракеттерин жүргүзүү максатында Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Аталган берене өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуп, этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирүүгө байланыштуу. Соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалды",- деп айтылат маалыматта.
Учурда келтирилген материалдык чыгымдын өлчөмү аныкталууда. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери окуя болгон жерди кайтарууну улантып, зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.





























