Тим Кук Apple компаниясынын башкы директорлук кызматынан кетет, анын ордун Жон Тернус басат

Жон Тернус

Сүрөттүн булагы, Adam Gray/Bloomberg via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жон Тернус
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Apple компаниясы 1-сентябрдан тарта Жон Тернус жаңы башкы директор болорун жарыялады. 2011-жылы Стив Жобс кызматтан кеткенден кийин компанияны жетектеп келген Тим Кук директорлор кеңешинин аткаруучу төрагасы болот. Кук акыркы 25 жыл ичинде Apple компаниясына эбегейсиз салым кошкон Тернусту компанияны жетектөө үчүн эң ылайыктуу талапкер деп атады.

65 жаштагы Кук Apple компаниясына 1998-жылы келген. Анын 14 жылдан ашык жетекчилиги астында компаниянын капиталы 350 миллиарддан 4 триллион долларга чейин өстү, ал эми кирешеси 2011-жылдагы 108 миллиарддан 416 миллиард долларга жетти. Куктун тушунда Apple компаниясы Apple Watch, AirPods жана Apple Vision Pro өнүмдөрүн чыгарып, iCloud, Apple Pay, Apple TV жана Apple Music сервистерин ишке киргизген.

50 жаштагы Жон Тернус - Apple компаниясынын аппараттык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча улук вице-президенти. Ал компанияга 2001-жылы кошулуп, акыркы жылдары рыноктогу үлүшүн арттырган Mac компьютерлери сыяктуу өнүмдөрдүн сатылышын кайра жандандырууда чечүүчү ролду ойногон деп белгилейт Reuters.

Тернус 2021-жылдан бери аппараттык инженерия бөлүмүн жетектеп келген жана iPhone өндүрүүчү компанияда өнүмдөрдү иштеп чыгууга 25 жылын арнаган. Буга чейин Bloomberg ал Куктун негизги мураскери болорун кабарлаган. Тернус учурда Тим Кук Стив Жобстон башкарууну өткөрүп алган куракта.

Анын акыркы жетишкендиги - өткөн күздөгү iPhone Air презентациясы болду. Бул 2017-жылдан берки Айфондун эң ири жаңылануусу жана жаңы чиптерди сыноо үчүн негизги аянтча болуп саналат.

iPad жана AirPods түзүүгө катышкан Тернуска эми жасалма интеллект революция кылган технологиялык чөйрөдө Apple компаниясына багыт берүү милдети турат. Reuters белгилегендей, Apple дүйнөдөгү эң кымбат компания наамын Nvidia компаниясына алдырып койгондон кийин бул өзгөчө маанилүү. Nvidia өзүнүн жеке компьютерин жарыялап, ноутбуктар үчүн чиптердин үстүндө иштеп жатат, ал эми Meta Platforms компаниясы Apple Vision Pro'го караганда мүмкүнчүлүктөрү азыраак болсо да, хитке айланган кошумча реалдуулук көз айнектерин иштеп чыкты.

"Мырза Тернустун кызматтан көтөрүлүшү компаниянын бүктөлмө телефондор, көз айнектер, виртуалдык реалдуулук жана жасалма интеллект түзүлүштөрү сыяктуу жаңы аппараттык жабдыктарга басым жасаарын көрсөтүп турат", - дейт D.A. Davidson & Co компаниясынын башкаруучу директору Гил Лурия.

Кук 2011-жылы август айында башкы директор болгондон бери Apple акциялары 20 эсе кымбаттады. Компаниянын билдирүүсүндө Кук саясатчылар менен иштешүүнү улантары айтылат. Bloomberg эске салгандай, ал Apple компаниясынын АКШ президенти Дональд Трамп менен болгон мамилесин көзөмөлдөп келет. Агенттиктин булагы билдиргендей, Тернустун ордуна аппараттык инженерия бөлүмүн анын көп жылдык орун басары Том Мариб жетектейт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Bloomberg жазгандай, Тернус Apple компаниясынын жолун татаал мезгилде аныкташы керек. Туруктуу өсүшкө карабастан, компания керектөөчүлөрдүн түзүлүштөрдү колдонуу ыкмасын түп тамырынан бери өзгөртө турган жасалма интеллектти киргизүүдө кыйынчылыктарга дуушар болууда.

"Жон Тернус инженердин акылына, новатордун рухуна жана чынчылдык менен жетектөөгө болгон умтулууга ээ, - деди Кук өз билдирүүсүндө. - Ал акыркы 25 жылда Apple компаниясына баа жеткис салым кошкон визионер жана эч күмөнсүз Apple'ди жетектөө үчүн туура адам".

Кук башкы директорлук кызматтан кеткенде, ал бул кызматта рекорддук 15 жыл иштеген болот. Бул убакыттын ичинде ал Mac жана iPhone'дун ийгилигин өнүктүрүп, акылдуу сааттар жана кулакчындар тармагына жол ачты. Компания жаңы iPhone, iPad жана Apple Music, Apple TV сыяктуу сервистерди тартуулады, бирок учкучсуз унаа долбоору сыяктуу ийгиликсиз учурлар да болду.

Куктун иштеген мезгили жасалма интеллект тармагындагы артта калуулар менен да коштолду. OpenAI, Anthropic, Google жана башкалар дүйнөнү өзгөрткөнжасалма интеллект өнүмдөрүн чыгарышса, Apple негизинен четте калды деп белгилейт Bloomberg.

Басылманын булактарынын айтымында, Тернус жасалма интеллекттин чечкиндүү жактоочусу жана апрель айында аппараттык камсыздоону иштеп чыгуу бөлүмүн жаңы өнүмдөрдү түзүү жана учурдагы түзмөктөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн жаңы жасалма интеллект платформасы менен иштөөгө ылайыктап кайра түзгөн.