Киев: Орусиянын соккусунан өлгөндөр 24 адамга жетти

Сүрөттүн булагы, Reuters
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынын жума күнү эртең менен берген маалыматына караганда, Киевде өлгөндөрдүн саны 24 адамга жетти, алардын ичинде үчөө бала. Дагы 47 адам жаракат алып, куткаруучулар 30 адамды урандылардын астынан алып чыгууга жетишти.
Бейшембиге караган түнү Орусия Киевге дрондор жана ракеталар менен чогуу сокку урган. Украина борборунун Дарница районунда турак үйдүн бүтүндөй бир секциясы талкаланган. Украина бийлигинин маалыматы боюнча, көп кабаттуу турак үйгө Х-101 классындагы "аба-жер" канаттуу ракетасы тийген.
"Биз бул ирет орусиялыктар кандай куралдарды - кайсы ракеталарды жана дрондорду колдонгонун деталдуу түрдө аныктап жатабыз. Киевде үйгө, алдын ала маалыматтар боюнча, Х-101 ракетасы тийген. Ал ушул жылдын экинчи кварталында чыгарылган. Бул ракеталарды чыгарууга керектүү тетиктерди, ресурстарды жана жабдууларды Орусия глобалдык санкцияларды айланып өтүп дагы деле ташып келип жатканын билдирет. Бул биздин бардык өнөктөштөрүбүздүн чыныгы максаты болушу керек - Орусиянын санкцияларды айланып өтүү схемаларын токтотуу. Биз жалпы каршылыгыбызды активдештире турган кадамдарды даярдап жатабыз: санкциялар Орусия үчүн кыйла оор болушу керек", - деди Украинанын президенти Владимир Зеленский кечки кайрылуусунда.
Киевдеги сокку болгон жерде кинологдордун жана куткаруу техникасынын катышуусунда издөө иштери уланууда.
Орусия: Рязанда үч адам каза болуп, 10дон ашыгы жаракат алды
Дрон чабуулунан улам эки турак үй жабыркаганын Рязань облусунун губернатору Павел Малков билдирди. Ошондой эле учкучсуз учактын сыныктары өнөр жай ишканаларынын биринин аймагына түшкөн. Губернатордун айтымында, үч адам каза болуп, дагы 12си жаракат алган, алардын арасында балдар да бар.
Күч түзүмдөрүнө жакын Baza Телеграм-каналы Рязанда көп кабаттуу үй өрттөнүп жатканын кабарлады. Облустук бийлик кайсы ишкана жабыркаганын тактаган жок. Украиналык Exilenova+ мониторинг каналы дрондордун максаты мунай иштетүүчү завод болушу мүмкүн деп боолголойт. Күбөлөр тарткан видеолордо шаардын үстүндө кара түтүн жана жалын көрүнүп турат.
Ал эми Белгород облусуна жасалган украин учкучсуз учактарынын соккусунан бир адам каза болуп, үчөө жаракат алды.
Дагы бир киши башынан жана бутунан жаракат алып, Белгороддогу №2 шаардык ооруканага жеткирилди. Мындан тышкары эки адам Шебекино округунун Бершаково айылында жаракат алышкан. Ошондой эле соккулардан улам унаалар, турак үйлөр жана коммерциялык объекттер жабыркаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Бейшемби күнү Орусиянын аймактарында 38 украин дрону атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Мекеменин маалыматы боюнча, дрондор Белгород, Брянск, Калуга, Курск, Липецк, Орел, Ростов облустарынын жана аннексияланган Крымдын үстүнөн атып түшүрүлгөн.
































