Кемпир-Абад иши: дагы үч киши райсоттон акталды

Сүрөттүн булагы, Social media
Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу ишти карап, айыпталуучулар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Кеңешбек Дүйшөбаевди актаган өкүм чыгарды. Бул тууралуу маалыматты Би-Би-Сиге Кемпир-Абад иши боюнча дагы бир айыпталуучу болгон Айбек Бузурманкулов ырастады.
Биринчи май райондук сотунда отурум бүгүн 17-апрелде өттү.
2022-жылдын мамлекеттик чек араны тактоо боюнча Өзбекстан менен түзүлгөн келишим саясий жаңжалды жараткан. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин берилишине каршы болгон 27 адам: белгилүү саясатчылар, активисттер жана укук коргоочулар 2022-жылдын октябрь айында кармалган. Алар "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алуу" беренелери менен айыпталган.
Бул кылмыш ишине "жашыруун" деген гриф берилгендиктен, соттук териштирүүлөр жабык эшик артында өттү.
2024-жылдын июнь айында Биринчи май райондук соту бул иш боюнча айыпталган 27 адамдын 22син актап, тергөө абагында кармалып келген сегиз айыпталуучуну сот залынан бошоткон. Акталгандар мындай чечимди күтпөгөнүн билдирип, сот адилет чечим чыгарганын айтышкан.
Бул чечимге макул болбогон мамлекеттик айыптоочулар Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.
27-мартта шаардык сот бул иш боюнча айыпталгандарды актаган райондук соттун өкүмүн күчүндө калтыруучу чечимин чыгарган. Ошентип, жалпысынан анда 21 киши экинчи соттук инстанцияда да акталган.
Эртең Кемпир-Абад иши боюнча соттолуп, акталгандар Бишкекте түлөө форматында журналисттердин катышуусунда иш-чара өткөрүшөт.


























