Трамп Ливанда ок атышуу токтогонун жарыялады

улица в ливане

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-би-си
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп бейшемби күнү Израиль менен Ливандын жетекчилери аны менен сүйлөшкөндөн кийин бейшембиден жумага караган түнкү саат 12ден тартып ок атышууну токтотууга макул болгонун билдирди.

"Мен жаңы эле Ливандын мен терең урматтаган президенти Жозеф Аун жана Израилдин премьер-министри Биби Нетаньяху менен сонун сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм. Бул эки лидер өз өлкөлөрүнүн ортосунда ТЫНЧТЫККА жетишүү үчүн расмий түрдө 10 күндүк ОК АТЫШУУНУ ТОКТОТУУНУ жарыялоого макул болушту", - деп Трамп өзүнүн Truth Social тармагында жазды.

АКШ президентинин айтымында, элдешүү АКШнын чыгыш жээгинин убактысы боюнча кечки саат беште, жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 12де күчүнө кирет.

Трамп шейшемби күнү АКШда Израиль менен Ливандын өкүлдөрүнүн соңку 34 жыл ичиндеги биринчи жолу расмий сүйлөшүүлөрү өткөнүн эске салып, мамлекеттик катчы Марко Рубиого, вице-президент Жей Ди Вэнске жана Бириккен штаб башчылары комитетинин төрагасы Дэн Рейзинге "Израиль жана Ливан менен узак мөөнөттүү ТЫНЧТЫККА жетишүү үчүн кызматташуу" тапшырмасын бергенин айтты.

Трамп ошондой эле Аун менен Нетаньяхуну Ак үйгө чакырарын кошумчалады.

Ливанда ок атышууну токтотуу Ирандын АКШ менен сүйлөшүүлөрүндөгү талаптарынын бири болгон. Бул сүйлөшүүлөр дем алыш күндөрү Пакистандын борбору Исламабад шаарында башталган, бирок биринчи жолугушуу натыйжасыз аяктаган.

"Хезболла" макул, бирок шарттары бар

Ливандагы согушту Израиль "Хезболла" тобуна каршы жүргүзүүдө.

Ливан парламентинин "Хезболла" партиясынан депутаты Ибрагим аль-Мусави AFP агенттигине билдиргендей, эгер Израиль соккуларды токтотсо, топ ок атышууну токтотуу келишимин сактайт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Биз, "Хезболла", эгер бул бизге каршы согуш аракеттеринин толук токтотулушу болсо жана Израиль муну пайдаланып киши өлтүрүүлөрдү жасабаса, элдешүүнү этияттык менен сактайбыз", - деди аль-Мусави.

"Хезболланын" депутаты Иранга ыраазычылык билдирди, анткени анын айтымында, эгер Тегеран Ормуз кысыгын ачуу үчүн алдын ала шарт катары муну талап кылбаганда, Ливанда элдешүү болмок эмес.

Ливан парламентинин спикери жана "Хезболлага" союздаш "Амаль" кыймылынын башчысы Набих Берри израилдик аскерлер Ливандын аймагында турган учурда ливандыктар каршылык көрсөтүүгө укуктуу экенин, ошондой эле кандай гана ок атышууну токтотуу режими болбосун, израилдиктер Ливандын аймагында эркин жүрүүгө укук албашы керек экенин билдирди.

Биньямин Нетаньяху кечинде Израильдин аскердик кабинетин шашылыш жыйынга чакырды.

Жарандарга кайрылуусунда Нетаньяху Ливан менен элдешүү "тарыхый тынчтык келишимине" мүмкүнчүлүк берерин жана келечектеги тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Израилдин негизги талаптарынын бири "Хезболланы" куралсыздандыруу болорун айтты.

Нетаньяхунун айтымында, Израиль "Хезболланын" израил аскерлерин Ливандын аймагынан толук чыгарып кетүү талабын четке какты, израилдик армия чек ара бойлой он чакырымдык буфердик аймакта калууда, буга карабай "Хезболла" элдешүүгө макул болду.

Март айында Аун жетектеген Ливандын борбордук бийлиги, "Хезболланын" ишмердүүлүгүндөгү аскердик аракеттерге тыюу салган, бирок бул чечим Ливандын масштабында таасирдүү болгон бул топко жана партияга ныпым таасир эткен жок.

АКШнын Мамлекеттик департаменти ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу бар экенин тастыктап, элдешүү башталгандан кийин "Ливандын бийлиги Израилге каршы "Хезболла" жана башка мамлекеттик эмес куралдуу топтор тарабынан жасалышы мүмкүн болгон ар кандай чабуулдарды, операцияларды жана душмандык аракеттерди алдын алуу боюнча чараларды көрөт" - деп билдирди.

АКШнын мамдепартементи атайын билдирүүсүндө ок атышуунун токтотуу тууралуу макулдашуу болгонун тастыктады. Ошондой эле элдешүү башталгандан кийин "Ливандын бийлиги "Хезболла" тарабынан Израильге карата чабуул, операция же душмандык аракеттерди токтотууга чара көрөрү" да айтылат.

"Бардык тараптар Ливандын эгемендиги жана улуттук коргоонусуна жоопкерчилик Ливандын коопсуздук күчтөрүнө гана жүктөлөт. Эч кайсы өлкө же топ Ливандын суверинитетине кепилдик боло албайт" - делет АКШ департаментинин бул тууралуу текстинде. Анда айтылган бул Израиль жана Ливан менен макулдашылды.

Ливандын армиясы бейшемби күнү түштүк Ливандан качып кеткен жарандарды элдешүү күчүнө кирмейинче өз айыл-кыштактарына жана шаарларына кайтууга аракет кылбоого жана израилдик аскерлерге жакындабоого чакырды.

Ошондой эле армия ливандыктарды түштүктөгү бөлүктөрдө турган аскерлердин көрсөтмөлөрүн аткарууга, жарылбай калган бомбаларга, снаряддарга, ракеталарга жана шектүү көрүнгөн буюмдарга жакындабоого үндөдү.