Украинага массалык чабуул: Киев, Одесса жана Днепрде жарандар каза тапты

Сүрөттүн булагы, t.me/odeskaODA
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Жергиликтүү бийликтердин маалыматы боюнча, бейшембиге караган түнү Украинага жасалган массалык аба чабуулда 17 адам каза болду. Алардын тогузу Одессада, дагы төртөө, анын ичинде бир бала Киевде каза тапты. Днепрде төрт адам мерт кетти. Тынымсыз чабуулдар бир суткадан ашык убакытка созулду.
Украинанын аба күчтөрү шаршембинин таңкы саат жетисинен бейшембинин таңкы саат жетисине чейин Орусия эки ирет аралаш чабуул жасаганын билдирди. Анда баллистикалык жана канаттуу 44 ракета жана 659 дрон колдонулган.
Шаршембиге караган түнкү чабуулду кошкондо, соккулар экинчи күн катары менен уланууда. Түн ичинде 12 ракета жана 20 дрон соккулары тийген учурлар катталды. Бийликтердин маалыматы боюнча, 16 адам каза болуп, 100дөн ашууну жаракат алган.
Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталар жана дрондор менен массалык сокку жасалганын билдирип, алар канаттуу ракеталарды жана дрондорду чыгарган аскердик-өнөр жай комплекстерди, ошондой эле Украинадагы "Куралдуу күчтөрдүн кызыкчылыгында колдонулган" отун-энергетика объектилери бутага алынганын айтты.
Орус аскерлери каза болгондор тууралуу маалыматка комментарий берген жок.
Киевде 12 жаштагы өспүрүм каза тапты

Сүрөттүн булагы, t.me/gunpKyiv
Бейшембиге караган түнү Киевге жасалган аралаш чабуулдун натыйжасында төрт адам, анын ичинде бир бала каза болуп, кеминде 60 адам жаракат алганын бийлик билдирди.
Киевдин Подольск районунда ракетанын сыныктары 16 кабаттуу турак үйдүн алтынчы кабатына тийген. Дагы бир дрон "түз эле 18 кабаттуу үйгө кирип кеткенин" шаардын мэри Виталий Кличко Telegram баракчасында жазган.
Ошол эле Подольск районунда ачык аймакка сокку урулуп, турак үйлөрдүн фасаддары кулап түшкөн. Урандылардын алдында эки адамдын сөөгү табылды, алардын бири 12 жаштагы бала болгонун куткаруучулар ырастады.
Киевдин Оболонь районунда дагы эки адам каза болду. Ал жерде кампа, шиномонтаж жана дүкөн жабыркады. Жабыркагандардын арасында окуя болгон жерге барган төрт тез жардам кызматкери жана эки полиция кызматкери бар.
Бул эки райондо көп кабаттуу жана жеке үйлөр, кеңсе борбору, мейманкана, автоунаа сатуучу жай жана май куюучу бекет жабыркаганын полиция билдирди. Мындан тышкары Шевченко жана Деснян райондорунда да кыйроолор катталды.
Жарыяланган видеолордо эртең менен Киевдин үстүнөн кара түтүндүн чоң булуттары көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот.

Сүрөттүн булагы, t.me/gunpKyiv

Сүрөттүн булагы, t.me/UA_National_Police

































